Батыш Тянь-Шань жапайы жаныбарлардын кышкы «каттоосуна» даярдык көрүүдө

2020-ж., 15-July

Батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) өкүлдөрүнө кышкы чатырларды, уктоочу каптарды жана оптикалык жабдыктарды тапшыруу аземинде. Фото: БУУӨП Кыргызстан

Сары-Челек, Падыш-Ата, Дашман, Беш-Арал жана Саймалуу-Таш коруктарына БУУӨП дүрбүлөрдү тапшырды. Алатай жана Кан-Ачуу жаратылыш парктары кошумча уктоочу каптарды жана кышкы чатырларды алышты. Мындай колдоо ПРООН-ГЭФтин Батыш Тянь-Шанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча беш жылдык долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. 

Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркынын инженери Атай Камбаралиевдин айтымында, бул берилген дүрбүлөр парктын егерлерине жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүп, браконьерлерди табууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.

“Буйрук буга чейин чыгарылган. Октябрь айында жапайы жаныбарлардын кышкы санагы башталат. Санак декабрь айына чейин жүргүзүлөт. Жакшы нерсе, бизге кышкы чатырлар жана уктоочу каптар долбоор тарабынан алынып берилди. Буга чейинки кышкы эсептөө учурунда биз үңкүрлөрдө түнөп, жууркан-төшөктөрдү дайыма жаныбызда көтөрүп жүрүп, жалпысынан кыштын суугуна эптеп чыдачубуз. Ал эми, Кан Ачууда табигый жана климаттык шарттар өтө оор экендигин өзүңүздөр жакшы билесиздер», - дейт Атай Камбаралиев.

Эске салсак, бул өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ишин күчөтүүгө  багытталган долбоордун биринчи колдоосу эмес. Буга чейин, Алатай жана Кан-Ачуу жаратылыш парктарына жаңы жол тандабас, кеңсе шаймандары жана оргтехника алынып берилген.  Егерлер байланыш каражаттары, талаа формасы, оптика, экспедициялык шаймандар жана аттар менен камсыз болушкан. 

Байланыш каражаттарын, талаа формаларын, оптика жана аттарды Алатай мамлекеттик жаратылыш паркына 2018-жылы тапшыруу аземинде. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Долбоор жөнүндө

БУУӨП азыркы учурда “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат. Долбоор тууралуу кененирээк шилтемеде.

Батыш Тянь-Шань жөнүндө

Батыш Тянь-Шань эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен айырмаланган тоо системасы. Регион ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын тизмесине кирет, биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдык Олуттуу жерлеринин бири (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын Дүйнөлүк фондунун версиясы (WWF) боюнча Global 200 дүйнөлүк экорегиондордун рейтингине киргизилген. Батыш Тянь-Шандын аймагында жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн кызыл китепке кирген 54 түрү өсөт.

***

Байланыш маалымат:

Мирлан Дыйканбаев

ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы коммуникация боюнча улуттук консультанты (+996) 779 66 55 99

 mirlan.dyikanbaev@undp.org