Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо

Долбоор тууралуу:

Батыш Тянь-Шань эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен айырмаланат. Регион ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын тизмесине кирет, био ар түрдүүлүктүн 34 глобалдык Олуттуу жерлеринин бири (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын Дүйнөлүк фондунун версиясы (WWF) боюнча Global 200 дүйнөлүк экорегиондордун рейтингине киргизилген. Батыш Тянь-Шандын аймагында жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн кызыл китепке кирген 54 түрү өсөт.

Долбоордун максаты глобалдык маанилүү ар түрдүүлүктү сактоодо жана Батыш Тянь-Шандын тоолорунда жер жана токой ресурстарын туруктуу тескөөнү камсыз кылууда ландшафттык мамиле кылууну алдыга жылдырууда турат.

Долбоор 3 компоненттен турат:

  1. Батыш Тянь-Шандын ландшафтынын ичиндеги био ар түрдүүлүктүн негизги участкаларын сактоо жана туруктуу башкаруу;
  2. Буфердик зоналарда жана экологиялык коридорлордо жер пайдаланууну жана токойлорду пайдаланууну жөнгө салуу, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктар үчүн туруктуу мамилелерге колдоо көрсөтүү аркылуу Батыш Тянь-Шанда экосистеманын туруктуулугун жана байыр алуу жерлеринин биригүүсүн жакшыртуу;
  3. Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча Кыргызстандын региондук жана глобалдык кызматташтыгын алдыга жылдыруу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

  • “Алатай” жана “Кан Ачуу” эки жаңы мамлекеттик жаратылыш парктарына колдоо көрсөтүү жолу менен Батыш Тянь-Шанда Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) кеңейтилген түйүнү; 
  • Жогорку жаратылыш коргоо баалуулугуна ээ болгон (HCVF) токойлордун жаңыланган статусу жана жергиликтүү коомчулуктардын катышуусу менен токойлорду туруктуу тескөө;
  • Жалал-Абад облусунда Батыш Тянь-Шандын Корголуучу аймагын (КА) сактоо боюнча жакшыртылган тескөө жана потенциал, ошондой эле жогорку жаратылыш коргоо баалуулугуна ээ болгон токойлорду тескөөнү күчөтүү;
  • Жаңы жана иштеп жаткан КА биргелешип кайтаруунун, укуктук колдонуунун жана контролдун системасын күчөтүү;
  • Тиешелүү ӨКЖА ортосунда жаңы ӨКЖА жана жапайы жаратылыштын коридорлору үчүн аныкталган жана белгиленген буфердик зоналар;
  • Био ар түрдүүлүктү сактоонун жана токойлорду жана жер ресурстарын туруктуу тескөөнүн маселелери менен макулдашылган, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун аймактарын өнүктүрүү пландары;
  • Жайыттарды тескөө боюнча жакшыртылган жергиликтүү пландар аркылуу ак илбирсти сактоонун түрлөрүн кошо алганда, жергиликтүү калктын кирешелери жана жапайы жаратылыш үчүн маанилүү болгон, деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү;  
  • Ак илбирстин экосистемасын кошо алганда, жапайы жаратылыш үчүн маанилүү болгон деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү;
  • Жергиликтүү микрокредиттик мекемелер менен биргеликте иштелип чыккан жана максаттуу коомчулуктарды колдоо үчүн ишке киргизилген жергиликтүү коомчулуктар үчүн альтернативдүү киреше алып келүүчү ишмердиктин программасы;
  • Жапайы жаратылышка каршы кылмыштарды аныктоого жана жазага тартууга багытталган, жапайы жаратылышты коргоочу тиешелүү тараптарды окутуу;
  • Улуттук, транс чектеш жана региондук деңгээлдерде ишмердүүлүктү макулдашуу жана координациялоого багытталган Ак илбирсти жана Экосистеманы Коргоо боюнча Глобалдык Программага Кыргызстандын катышуусу.

Долбоордун учурдагы натыйжалары:

Биоартүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча чаралар

  • 2017-жылдан тарта жыл сайын Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда балдар, жаштар, егерлер жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн катышуусунда “Парктар жүрүшү” аттуу экологиялык акция өткөрүлүп жатат. Акциянын жүрүшүндө бак-дарактар отургузулуп, коомдук аянтчалар тазаланып, мектептерде экологиялык викториналар жана лекциялар, ошондой эле калкка экологиялык агарттуу жана аларды ӨКЖА (өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары) биоартүрдүүлүгүн сактоого чакыруу максатында маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлөт.
  • БУУӨП/ГЭФ долбоору СИТЕС конвенциясына кирген сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан жаныбарларды мыйзамсыз ташууга бөгөт коюга көмөктөшүү үчүн “Манас” абамайданынын аймагында бажыкананын кызматтык иттери үчүн атайын капастын курулушун колдоду.
  • 2018-жылы Жалал-Абад облусунун бардык орто мектептеринде Кыргыз ССРинин Эл артисти Ж. Сейдакматованын жетекчилиги астында ак илбирсти сактап калуу боюнча балдардын катышуусундагы театралдаштырылган оюндар уюштурулган.
  • Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти коргоо күнүнүн урматында долбоордун алкагында Тогуз-Торо, Токтогул райондорунда ак илбирстин республикалык Кубогуна хоккей боюнча турнирлер, экологиялык көргөзмөлөр, экодебаттар уюштурулуп, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун жана Бишкек шаарынын балдарынын жана жаштарынын катышуусунда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Сур-Эчки» спектакли жана ар кандай экологиялык акциялар өткөрүлүүдө.
  • 2019-жылы Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн алкагында “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркындагы (МЖП) “Кара-Суу” көлүнүн акваториясында ыктыярчыларды жана егерлерди тартуу менен жээктеги аймактарды тазалоо боюнча экологиялык акция өткөрүлдү, анын жыйынтыгы боюнча көп жылдан бери топтолгон 15 тоннадан ашык таштанды тазаланган.
  • 2019-жылы Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө карата БУУӨП жана Мамагенттик биргелешип “Сары-Челек” мамлекеттик биосфералык коругу (МБК) ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттарынын тармагына киргендигине 20 жыл толгондугунун жана түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгынын урматына “ӨКЖА тармагын башкаруу жана өнүктүрүүдөгү илмий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн ролу” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүштү. Конференцияга Россия, Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн ӨКЖА жетекчилери катышты.
  • 2019-жылы БУУӨП жана Мамагенттик Батыш Тянь-Шандын орнитофаунасын изилдөөнү жана кушкароону “Алатай” жана “Кан-Ачуу” МЖПсындагы экотуризмдин келечектүү багыты катары өнүктүрүү жана Бишкек ш., Токтогул жана Тогуз-Торо районунун мектептеринин окуучуларын экологиялык агартуу (фото көргөзмөлөр, орто мектептердеги маалыматтык стенддер, кооз сүрөттүү маалыматтык китепчелер) боюнча бир катар иш-чараларды демилгелешти жана ишке ашырышты. Кушкароочулар тобунун экспедициясынын жыйынтыгы боюнча илимий-таанып билүү туризмин өнүктүрүү жана канаттууларга байкоо жүргүзүү үчүн кароочу аянтчаларды куруу боюнча жаратылыш парктарына сунуштар иштелип чыкты.
  • Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнүн алкагында Мамагенттиктин Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо департаменти Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жыл сайын мектеп окуучуларынын арасында “Мен жашаган аймактын жаратылышын коргоодогу менин изилдөөлөрүм” темасында жалпы республикалык конкурс өткөрүп турат, анын жүрүшүндө катышуучулар биоартүрдүүлүктү сактоо көйгөйлөрү боюнча өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшөт.
  • 2018-жылы ак илбирстин образы Бүткүл дүйнөлүк Үчүнчү көчмөндөр оюнунун тумары деп таанылган, анын алкагында  «Кырчын» аймагында жана Чолпон-Ата ш., Мамагенттик менен биргеликте ак илбирсти жана биоартүрдүүлүктү сактоого чакырган интерактивдер, көргөзмөлөр, маалыматтык акциялар жана видеокөрсөтүүлөр жасалды.
  • Ак илбирс Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын тумары болду, ал  “Ак илбирстерди биргеликте сактайбыз!” урааны астында бир катар улуттук жана эл аралык турнирлерге катышууда, ошону менен бирге жаш спортчуларды ак илбирсти коргоочулардын катарына тартууга көмөк көрсөтүдө.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана токой чарбаларын колдоо

  • «Алатай» жана «Кан-Ачуу» МЖПларында Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш жана Чолпон-Ата айыл аймактарынын жана Тогуз-Торо районунун Атай жана Көк-Ирим айыл аймактарынын жашоочуларынын ичинен шайланган Байкоочу кеңештер (БК) иштейт. Байкоочу кеңештер МЖП жана жергиликтүү жамааттардын ортосунда ачык кызматташуу үчүн сүйлөшүү аянтчаларын түзүшөт. «Алатай» МЖП БК курамында 9 адам бар, алардын ичинен 4 – аял, жана «Кан-Ачуу» МЖП – 11 адам, алардын ичинен 4 аялдар.
  • Долбоордун алкагында жаңы “ӨКЖАнын жаратылышты коргоо эффективдүүлүгүн баалоо усулун” (МЕТТ) Мамагенттиктин буйругу менен бекитүүгө көмөк көрсөтүлдү. Усулду WWF иштелип чыккан. Ал долбоордун алкагында Кыргызстанда колдонуу үчүн ыңгайлаштырылды. Батыш Тянь-Шань ӨКЖА өкүлдөрү окутуудан өтүштү, эми алар жаратылышты коргоо баалуулуктарына, ӨКЖАнын маанилүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө өз алдынча баа беришет.
  • Баштапкы маалыматтарды аныктоо үчүн ӨКЖА башкаруунун эффективдүүлүгүнө МЕТТ ыкмасы боюнча баалоо жүргүзүлгөн, ал «Кан-Ачуу» МЖПсы боюнча– 21%, «Алатай»  МЖП – 23%ды түздү. Бул көрсөткүчтөрдү 50%дан жогорку көрсөткүчкө жеткирүү  БУУӨП/ГЭФ долбоорунун башкы милдеттеринин бири болуп саналат.
  • ӨКЖА үчүн төмөндөгү нускамалар жана сунуштар иштелип чыкты:
    • каржылык пландоо боюнча;
    • бюджетти башкаруу боюнча;
    • каржылык мониторинг боюнча;
    • ӨКЖАга келип түшкөн  каражаттарды көбөйтүү үчүн көзөмөлдөө жана отчеттуулук боюнча.
  • “Кан-Ачуу” жана “Алатай” МЖП, ошондой эле Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунун токой чарбалары үчүн токой өрттөрүнө каршы даярдыкты жогорулатуу жана ага бөгөт коюу максатында өрткө каршы колдонулуучу сумкалар жана алгачкы жардам көрсөтүүчү медициналык аптечкалар берилди.
  • Мамагенттиктин алдындагы "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси (МБ) үчүн “ӨКЖА токой аңчылыгын түзүүнү жүргүзүү усулу” иштелип чыгып жана бекитилген. Жаңы усулду пайдалануу аркылуу токой жайгаштыруу иштеринин жыйынтыгы боюнча “Кан-Ачуу” жана “Алатай” МЖПларынын бүт аймактарын камтыган ӨКЖАнын 4328 тилкеси аныкталган. Мындан тышкары 240 чакырым узундуктагы “Кан-Ачуу” МЖПсынын тышкы жана ички чек аралары аныкталды.
  • “Кан-Ачуу” жана “Алатай” МЖПсынын долбоордук ӨКЖАларда биргелешкен көзөмөлдөөчү топтор (БКТ) түзүлүп, ага штаттан тышкаркы 20 егерь кирген, алардын ичинен 3 аялдар. Топтор  жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эреже жана ченемдердин сакталышына жана жергиликтүү калк тарабынан жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууга көзөмөлдү жакшыртуу, ошондой эле “Кан-Ачуу” жана “Алатай” МЖПларынын кызматкерлерине жана егерлерине биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. БКТ мүчөлөрү үчүн көзөмөлдөө жана мыйзамдарды колдонуу системасы боюнча семинарлар уюштурулган.
  • «Кан-Ачуу» жана «Алатай» МЖПсындагы биргелешип көзөмөл жүргүзүү топтору коммуникация каражаттары, атайын кийим-кече, оптика, фотокапкан, экспедициялык жабдуулар жана аттар менен жабдылган.
  • «Кан-Ачуу» жана «Алатай» МЖПсынын администрацияларына жаңы жол тандабастар, оргтехника жана кеңсе жабдуулары берилди.
  • «Кан-Ачуу» жана «Алатай» МЖПсынын аймактарына фотокапкандар орнотулуп, егерлер аны колдонууга окутулду.
  • «Алатай» МЖПсы Кара-Суу көлүнүн ихтиофаунасына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана балыкка браконьерлик кылган адамдар менен күрөшүү үчүн мотордуу кайык алды.

Окутуу жана тажрыйба алмашуу

  • 2018-жылы Батыш Тянь-Шандын ӨКЖА өкүлдөрү үчүн “Хан-Теңири” МЖАсынын аймагында Борбордук Тянь-Шандагы ӨКЖАны башкаруу боюнча БУУӨП/ГЭФтин аягына чыккан  долбоорунун жыйынтыгы менен таанышуу максатында стади-тур уюштурулган. Катышуучулар долбоорду ишке ашыруудагы жакшы тажрыйбалар менен таанышышып, “Хан-Теңири” МЖПсынын жасаган иши жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун чакан бизнес ишканалары менен таанышып чыгышты.
  • 2019-жылы жайыт комитеттеринин өкүлдөрү үчүн Өзбекстандан келген делегация менен биргеликте Суусамыр өрөөнүнө эки күндүк тааныштыруучу тур уюштурулуп, ал жерде аларга «Электрондук жайыт комитети» системасынын иши көрсөтүлгөн.
  • Мамагенттиктин өкүлдөрү жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлордун (ЖБЖТ) концепциясын ийгиликтүү колдонууда Италия жана Швейцариянын жетишкендиктери менен таанышышты.
  • 2019-жылы Мамагенттик жана БУУӨП/ГЭФ долбоорунун өкүлдөрү россиялык жаратылышты коргоо ведомстволорунун жана коомдук уюмдардын иш тажрыйбасы менен, ошондой эле РФнын айрым ӨКЖАларынын ишмердүүлүгү  менен таанышып чыгышты. Алар «Приокско-Террасный» коругунун иш тажрыйбасы менен таанышып, Бүткүл россиялык Курчап турган чөйрөнү коргоо илимий-изилдөө институтунун, Жаратылыш пайдалануу тармагындагы көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын, РФ Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда ак илбирсти андан ары сактоо боюнча өз ара кызматташуу, браконьерлер менен күрөшүү жана өлкөлөр ортосунда маалыматтык алмашууну күчөтүү боюнча маселелер талкууланды.
  • Батыш Тянь-Шань ӨКЖА кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн 88 семинар, жолугушуу жана тренингдер өткөрүлдү:
    • дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү боюнча;
    • браконьерликке каршы ишмердүүлүк боюнча;
    • токой өрттөрү менен күрөшүү боюнча;
    • браконьерлерди кармоо учурунда коопсуздук техникасын сактоо боюнча;
    • пилоттук райондордогу жайыт пайдалануучулардын ортосунда өз ара аракеттенишүүнү кеңейтүү боюнча;
    • жапайы жаныбарларды эсептөө учурунда GPS-навигаторлорун колдонуу боюнча;
    • GPS-навигаторлорду колдонуу аркылуу туристтик каттамдарды иштеп чыгуу, андан ары Google Earth координаттар системасына киргизүү боюнча жайыт комитеттерин «Электрондук жайыт комитети» системасынын иштөө принциби менен тааныштыруу боюнча;
    • кызматкерлер жана штаттан тышкары егерлер үчүн жаратылышты коргоо мыйзамын бузуу учурларында документтерди толтуруу боюнча ж.б.
  • Батыш Тянь-Шань ӨКЖА кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу үчүн 2020-жылы жаратылышты коргоо маселелеринин топтому боюнча бир катар тренингдер жана тажрыйба алмашуу сапарлар уюштурулган. Алатай, Кан-Ачуу, Сары-Челек, Падыша-Ата, Дашман, Беш-Арал жана Саймалуу-Таш коруктарынын жана парктарынын өкүлдөрү  ӨКЖА ишмердүүлүгүндө бүтүндөй бир катар багыттар боюнча даярдыктан өтүштү.
  • Тренингдер  Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын ӨКЖАсынын аймактарына чыгуу менен өткөрүлдү. Тренингдер Мамагенттиктин БС жана ӨКЖА Департаменти жана CAMP Alatoo менен биргеликте уюштурулган жана жаратылыш парктарынын жана коруктарынын ишинин бардык маанилүү багыттарын камтыйт – биоартүрдүүлүктү сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө мониторинг жүргүзүү жана эсептөө, жаратылышты коргоо мыйзамдары, карталар менен иштөө, флора жана фаунаны инвентаризациялоо.
  • 2018-жылдан тарта жыл сайын СИТЕС Катчылыгы менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрдүн катышуусунда СИТЕС конвенциясын ишке ашыруу маселелери боюнча семинарлар өткөрүлүп турат.
  • 2019-ж., Ысык-Көл жана Чүй облустарынын 10 жамаатынын катышуусу менен долбоордун пилоттук райондоруна тажрыйба алмашуу сапарлары болду, анын жүрүшүндө катышуучулар калкты мобилдештирүү жана микрогранттарды өздөштүрүү жаатында тажрыйба алмашты, ошондой эле экотуризмди өнүктүрүү жана чакан бизнести уюштуруу  боюнча маалыматтар менен бөлүштү.

Жайыттарды жана токойлорду башкарууну жакшыртуу

  • Токтогул, Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун токой чарбаларынын аймагына 300 га ашык аянтка баалуу токой породалары отургузулду. Бул максаттар үчүн долбоор жергиликтүү жамааттардын ичинен 50 адамды тартып, убактылуу иш менен камсыз кылды. Жыйынтыгында 200 миңден ашык грек жаңгагынын, мистенин, карагайдын, кызыл карагайдын жана тянь-шань кызыл карагайынын көчөттөрү Батыш Тянь-Шандын токой фондун толуктады.
  • Токтогул, Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун токой чарбалары жаңы отургузулган токойдун аймактарын бойлото тосмо тосуу үчүн материалдарды алышты. Ушул тапта жалпы 320 га аянтка тосмо орнотулду.
  • Деградацияланып бара жаткан жайыттарды калыбына келтирүү боюнча чаралардын алкагында пилоттук муниципалитеттер - Атай, Көк-Ирим, Кызыл-Өзгөрүш жана Чолпон-Ата айыл аймактары демонстрациялык тилкелерди уюштуруу үчүн материалдарды алышты, анда ошол аймактын геоботаникасын изилдөө пландаштырылууда.
  • 2019-жылы Жайыт маселелери боюнча Координациялык кеңештин кезектеги 6-отуруму болуп өттү, анын жыйынтыгы боюнча бардык жайыт комитеттерине, анын ичинде пилоттук комитеттерге БУУӨП/ГЭФ долбоорунун алкагында жайыт пайдалануу боюнча иш-чараларды ишке ашырууда ар тараптан колдоо көрсөтүү сунушталды.

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча аймактык пландоону жакшыртуу боюнча чаралар

  • Төмөндөгү ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуусуна көмөк көрсөтүлдү:
    • Жаратылышты коргоонун эффективдүүлүгүн баалоо методикасы
    • Токой жайгаштыруу жумуштарын жана биоартүрдүүлүктү эсепке алууну жүргүзүү методикасы
    • 2018–2022-ж., карата ак илбирсти сактоо боюнча иш-аракеттер планы.
    • Каражаттардын келип түшүүсүн көбөйтүү үчүн каржылык пландоо жана бюджетти башкаруу боюнча нускамалар жана сунуштар
  • Жок болуп бара жаткан фаунанын түрлөрүн сактап калуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында Чолпон-Ата айылдык кеңеши 2019-жылдын 4-декабрында “Жаратылышты зоологиялык, геологиялык коргоо максатында кумайды сактоо жана Чолпон-Ата айылындагы тоо жергесин коргоону камтыган аймактарды түзүү жөнүндө” №110 токтомун кабыл алды.
  • 2019-жылы Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун  2018-2023-жылдарга карата Аймактык өнүктүрүү планына биоартүрдүүлүктү сактоого жана жер жана токой ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган кошумча иш-чаралар киргизилген. Жалпысынан 39га жакын пункт киргизилген.

Статус:

Ишке ашыруунун башталышы:

Аяктоонун болжолдуу мөөнөтү:

Географиялык камтылышы:

Иш чөйрөсү:

Долбоордун координатору:

Өнөктөштөр:

Активдүү

Январь, 2017-жыл.

Март, 2022 -жыл

Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Тогуз-Торо райондору

Курчап турган чөйрө жана энергетика

Азамат Исаков

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; 
  • Ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча Глобалдык программанын Катчылыгы;
  • Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары;
  • Айыл окмоту Атай, Көк-Ирим, Кызыл-Өзгөрүш жана Чолпон-Ата айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү;
  • Государственные природные парки “Алатай” жана “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш парктары;
  • Жергиликтүү коомчулуктар.

Каржылоо булактары:

Глобалдуу экологиялык фонд

Суммасы (USD)

3,988,575

Пакртар коомдук тармактарда:

Отчеттук видео

Impact

START DATE

January 2017

END DATE

June 2023

STATUS

Completed

PROJECT OFFICE

Kyrgyzstan

IMPLEMENTING PARTNER

United Nations Development Programme

DONORS

Global Environment Fund Trustee

UNITED NATIONS DEVELOPMENT PROGRAMME

TOTAL CONTRIBUTIONS

$5,180,955

DELIVERY IN PREVIOUS YEARS

2017$221,989

2018$743,746

2019$890,451

2020$528,891

2021$403,727

2022$379,003

2023$891,797

Full Project information