Батыш Тянь-Шандын парктары жана коруктары оргтехника алышты

2020-ж., 22-May

Алмаз Мусаев, Мамагенттиктин Биоартүрдүүлүктү жана ӨКЖА сактоо боюнча департаментинин директору (солдо) жана Элдияр Шерипов, Мамагенттиктин директорунун орун басары (оңдо) ӨКЖА кеңсе жабдууларын тапшыруу учурунда. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Бүгүн, Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнүндө, ПРООН Батыш Тянь-Шандын беш өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына оргтехниканы белекке берди.

Сары-Челек, Падыш-Ата, Дашман жана Беш-Арал коруктарынын жана Саймалуу-Таш жаратылыш паркынын администрациялары компьютерлерди, ноутбуктарды, фотокамераларды, принтерлерди жана UPS (үзгүлтүксүз иштетүү булактары) алышты.  Берилген жабдуулардын баасы 700 миң сомдон ашык сумманы түзөт. Кеңсе жабдуулары өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына (ӨКЖА) флорага жана фаунага мониторинг жүргүзүүнү жакшыртууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Бул колдоо бүгүнкү күндө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (Мамагенттик) менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан ПРООН-ГЭФ беш жылдык долбоордун алкагында көрсөтүлгөн. 

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө, Мамагенттиктин директорунун орун басары Элдияр Шерипов, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасына долбоор тарабынан көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылыгын билдирди, жаныбарлар дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучунда турган объекттерин сактоонун жана калыбына келтирүүнүн, ченемдик укуктук жана методикалык базасын андан ары түзүүнүн, өлкөнүн аймагында ӨКЖА түйүнүн кеңейтүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи, ошондой эле Батыш Тянь-Шандын ӨКЖА потенциалын бекемдөөдө биргелешкен долбоордун кошкон салымын белгилеп кетти.  

Элдияр Шерипов, Мамагенттиктин директорунун орун басары (солдо) Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнүнүн урматына куттуктоо сөзүн айтып турган учуру. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

«ӨКЖА материалдык-техникалык базасын бекемдөө, Кан-Ачуу жана Алатай жаратылыш парктарынын администрацияларын жана егерлерин жол тандабас унаалар, униформа, оргтехника, жумушчу аттар  менен жабдуу жана егерлердин дараметин үзгүлтүксүз жогорулатып туруу – бул Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоордун биздин ПРООН менен  бирге ишке ашыруунун учурдагы натыйжасы. Алдыда эки жаңы парктар –Кан-Ачуу жана Алатай үчүн администрациялык имараттардын жана егерлер үчүн кордондук үйлөрдүн курулушунун планы бар», - деп айтты Элдияр Шерипов. 

ПРООН-ГЭФ биргелешкен долбоорунун алкагында Батыш Тянь-Шандын 5 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына белекке берилген оргтехниканын топтому. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

22-май - Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнү, коомчулуктун көңүлүн флоранын жана фаунанын көптөгөн өкүлдөрүнүн кайтарымсыз жок болуп кетүү жана биоартүрдүүлүктүн кыскаруу көйгөйүнө буруу үчүн БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан бекитилген экологиялык дата. Ушул жылдагы Күндүн темасы – “Жаратылыш – биздин чечимдердин булагы”, ал жаратылышты сактоо жана аны менен гармонияда жашоо жаатында биргелешкен аракеттерге адамзаттын шериктештигин жана үмүтүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Долбоор жөнүндө:

БУУнун Өнүктүрүү программасы азыркы учурда Батыш Тянь-Шандын глобалдуу маанилүү биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорду ишке ашырууда, анын негизги максаты – кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн коргоого жардам көрсөтүү. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.