“Жаңырейшн чакырыгы” креативдүү олимпиадаcына чек ара аймактарынын жаштары катышууда

2020-ж., 8-December

«Жаңырейшн чакырыгы» он күндүк   онлайн лагери сынактын 50 жеңүүчүсүнө өткөрүлүп жатат, анын жүрүшүндө катышуучулар жумшак жөндөмдөргө негизделген кесиптер тууралуу маалымат алууда. Эң активдүү катышуучулар баш байге - ноутбуктарга ээ болушат. Онлайн-лагердин катышуучусу болуш үчүн  www.janyration.com сайтындагы биз мурда жарыялаган тесттен өтүү зарыл болчу.

“Жаңырейшн чакырыгы” онлайн креативдүү лагеринин негизги максаты Кыргызстандын аймактарындагы жаштарына экономиканын жаңы секторлорунда келечекте автоматташтыруудан жабыр тартпай пайда болчу кесиптердин ээси болуп, кардарлар жана жумуш берүүчү менен байланышууда маанилүү болчу жумшак жана катуу жөндөмдөрдү онлайн окуунун оптималдуу жана билим алууга шыктандырчу моделин табуу.  Учурдагы этапта долбоордун максаттуу аудиториясы 14-30 жаш курагындагы пилоттук коомчулуктардын тургундары (Кербен, Көк-Серек, Кашка-Суу, Кара-Суу, Тепе-Коргон, Кашгар-Кыштак, Айдаркен, Бирлик, Суу-Башы), анткен менен долбоор, албетте, сынактын  биринчи этабында кеңири аудиторияны камтыйт. Долбоордо катышуу ыктыярдуу жана акысыз.

“Жаңырейшн чакырыгы” креативдүү олимпиадага тандоо 2020-жылдын 9-23-ноябрда www.janyration.com сайтында онлайн тестирлөө аркылуу өттү. Тестти 14 - 30 жаштагы 1200дөн ашуун пилоттук айыл жана шаарлардын тургундары  катышты:

  • Кербен, Кара-Суу жана Айдаркен шаарлары;
  • пилот айыл аймактарынын айылдары: Көк-Серек, Кашка-Суу, (Жалал-Абадская областы), Тепе-Коргон жана Кашгар-Кыштак (Ош областы), Бирлик жана Суу-Башы (Баткен областы).

2020-жылдын 30-ноябрында башталган 10 күндүк онлайн-лагерге катышуу укугу онлайн-тестирлөөдөн өткөн бардык катышуучуларга жогорку суроо-талап жана “Жаңырейшн чакырыгы” долбоорунун устаттары Тимур Моун жана Улан Үсөйүн менен жолугушуу үстүндө мектеп окуучулары жана пилоттук коомчулуктун тургундары тарабынан айтылган кайрылуулардын негизинде берилди. Белгилей кетчү жагдай, онлайн сабактар бардык каалагандар үчүн  www.janyration.com сайтында берилген шилтеме аркылуу ачык.   

Пилот эмес коомчулуктардын тургундары креативдүү олимпиаданын баш байгеси – 5 ноутбукка ээ болуу үчүн жарышка катыша алат. Пилот аймактардан онлайн-тест тапшырган катышуучулардын ар биринин наамына упайлар катталып, рейтинги чыгарылды. Рейтинг таблицасында алдыңкы катардагы 500 катышуучулардын катталуу мезгилинде көрсөткөн телефондоруна 200 бирдик жүктөлүп берди; биринчи жуманын жыйынтыгы менен 100 активдүү катышуучу атайын белги салынган футболкаларга ээ болушат; креативдүү олимпиаданын жеңүүчүлөрү баш байге деп аталган ноутбукка ээ болушат.

Онлайн-лагердин катышуучулары жумшак жөндөмдөргө негизделген кесиптер тууралуу маалымат алууда.

Онлайн креативдүү лагеринин катышуучуларында өнүктүрчү жумшак жөндөмдөр (Бүткүл Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун маалыматына ылайык):

  • Аналитикалык жана инновациялык ой-жүгүртүү
  • Комплекстүү маселелерди чечүү
  • Сынчыл ой-жүгүртүү жана анализ
  • Активдүү окуу жана анын стратегиялары
  • Креативдуүүлүк, өзгөчөлөнүү жана демилгелүү болуу
  • Деталдарга көңүл буруу, ишенимдүүлүк
  • Эмоционалдык интеллект
  • Далилдерди келтирүү, маселелерди чечүү жана идеяларды иштеп чыгуу
  • Лидердүүлүк жана коомго таасир берүү
  • Координация жана тайм-менеджмент

 

Менторлор жана алардын темалары:

1.  Асылбек Жоодонбеков өспүрүмдөр жана жаштар менен иштешүү бай тажрыйбасына ээ адис. Розы Отунбаеванын Демилгеси Фондунун «Жайлоодогу өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору болуп иштеген; ЖЧК «Зет мууну» директору. Масару Ибуконун "Үч жаштан кийин кеч болуп калат" аттуу китебин кыргызча которгон. Долбоор алкагында конфликтология жана конфликттерди чечүү ыкмаларын жаш катышуучуларга ачып берет.

2.  Айбек Дайырбеков Кыргызстан Кинематографистер Союзунун Төрагасы; “Дарак ыры” биринчи кыргыз мюзиклынын режиссёру; «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын негиздөөчүсү. Эмоционалдуу  интеллект темасын алып барат.

3.  Тимур Моун - “Yurtah” компаниясынын директору, “Jyldyz Academy” долбоорунун негиздөөчүсү; стартап компанияларынын негиздөөчүсү катары стартаптарга инвестиция салуу, бизнес башкаруу жана кыймылсыз мүлк сатуу маселелери боюнча тажрыйбага ээ. Долбоордо Тимур катышуучуларга келечектин кесиптери тууралуу айтып берет.

4.  Алтын Капалова - сүрөтчү, антрополог жана искусство таануучу, балдар адабиятынын жазуучусу, Кыргызстанда жана чет жактагы арт-долбоорлорунун автору; Бишкекте өткөн заманбап искусство  1-Феминналесинин  арт-куратору. Долбоордо Алтын дизайн-ой-жүгүртүү тууралуу айтып берет.

5.  Назгүл Коңурбаева - журналист, «Capital KG» медиакомпаниясынын тең-негиздөөчүсү жана бизнес-темаларга багытталган ТВ-берүүлөрүнүн алып баруучусу. Назгүл катышуучуларга  медиа-сабаттуулук жана факт-фейк чеккинг тууралуу айтып берет.

6.  Улан Үсөйүн - "Баштан башта" кыймылынын лидери, "Көчмөн Номад" фондунун негиздөөчүсү; активдүү жарандык позицияга ээ өлкө жараны, Реакция 1 жана Реакция 2 тынчтык митингдеринин модератору. Долбоордор Улан топтук иштерди модерация кесип катары туурасында айтып берет.

7.  Мээрим Осмонова - OKNO.kg онлайн-басылмасынын негиздөөчүсү; Tigiboo телеканалынын редактору болуп иштеген; биринчи сезону айымдардын ишкерлигине арналган «Это ОК!» подкастынын алып баруучусу; Мээрим актуалдуу темаларда онлайн жана түз ободо  алып берет. Долбоордо интернетти натыйжалуу колдонуу тууралуу айтып берет.

Берилген демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Прораммасы тарабынан “Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын шериктештиги жана кызматташтыгын алга жылдыруу” программасынын алкагында БУУнун Тынчтык Куруу Фондунун каржылык колдоосунда ишке ашырылды.