Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү жолунда II фаза

Долбоор жөнүндө маалымат: 

          
Жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоого багытталган мыйзам базасы жакшыртылганына карабастан, Кыргыз Республикасынын калкынын, тактап айтканда, аялдар менен  мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар сыяктуу калктын жакырланган жана аялуу топторунун мурдагыдай эле өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары жөнүндө маалыматы аз, көп учурда юридикалык жактан корголгон эмес, ошондой эле аларга укуктук коргоо каражаттары да жеткиликтүү эмес болуп саналат.

II фаза долбоордун биринчи фазасынын (2014 - 2017-жылдар) натыйжасында алынган жетишкендиктер менен сабактарга негизделген. Алар өзүнө “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынышын жана өлкөнүн жарандардын өз укуктарын натыйжалуу пайдаланышына мүмкүндүк берген туруктуу механизмди иштеп чыгууга болгон күч-аракетин колдоону камтыйт. Адам укуктарына багытталган ыкма жооптуу жактардын (мамлекеттик органдар жана сот адилеттиги чөйрөсүнүн субъектилери) мүмкүнчүлүктөрү менен дараметиндеги кемчиликтерди четтетүүгө тийиш.

Долбоор ошондой эле Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын сот реформасын ишке ашырууга, 2030-жылга чейинки мезгилге карата Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин улутташтыруу, анын ичинде 5, 10 жана 16 ТӨМдү жүзөгө ашыруу процессине көмөктөшөт.

Долбоор, биринчи кезекте, мамлекеттин “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамды толук кандуу жана натыйжалуу пайдалануу жөндөмүн колдоого басым жасайт жана түзүмдүк, каржылык чектөөлөрдү жана укуктук мүмкүнчүлүктөрдүн чектелишин четтетет. Укук ээлеринин деңгээлинен алганда, долбоор, негизинен, юридикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана адам укуктары жөнүндө маалымдуулукту Укуктук маданиятты жогорулатуунун мамлекеттик концепциясын аялуу топторго басым жасоо менен жүзөгө ашыруу аркылуу арттырууга багытталган.

    
Стратегиялык жетишкендиктер, анын ичинде долбоордун I (2014-2017-жылдар) жана II (2018-2019-жылдар) фазалары:

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынышы. Долбоор жооптуу жактар тарабынан эл аралык стандарттарга негизделген “Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын (мындан ары - “МКЮЖ”) иштелип чыгышына жана кабыл алынышына көмөктөштү. Мыйзамда 2018-жылдан тартып жазык гана эмес, жарандык жана административдик да иштер боюнча жардам берүү каралган, бул өлкөнүн каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чөйрөсүнө тиешелүү болуп саналат. БУУӨПтүн башка мыйзамдар менен иш алпаруу боюнча буга чейинки тажрыйбасына таянуу менен долбоордун алкагында Мыйзамга байланышкан чыгымдарды каржылык баалоо жүргүзүлүп, ошондой эле бардык тийиштүү тараптарга милдеттерди так бөлүштүрүү менен аны жүзөгө ашыруу боюнча пландар иштелип чыккан. Максат – сапаттуу мыйзамдык жөнгө салууну гана эмес, жарандарга жана аялуу топторго укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук нигилизмдин тенденцияларын жеңүү үчүн натыйжалуу шайманды да камсыздоо болуп саналат.

2020-жылы МКЮЖ жөнүндө мыйзамга жарандык жана административдик иштер боюнча укуктук жардам көрсөтүү механизмдерин, ошондой эле Акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлорун (мындан ары “АУЖ”) МКЮЖ жөнүндө мыйзамдын юрисдикциясына киргизүүнү жөнгө салган өзгөртүүлөр менен толуктоолор иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу 13 Акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлорун түзүү

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу 13 Акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлорун түзүү колдоого алынган, алардын адистери 2015-жылдан тартып 30 000ден ашуун адамга кеп-кеңеш беришкен. Долбоор КР Юстиция министрлигине юридикалык жардам көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдүү картасын иштеп чыгууга көмөктөштү. Долбоор мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун, юридикалык клиникалардын жана жергиликтүү муниципалитеттердин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин жетектеди, бул механизмдер долбоордун кийинки этабында АУЖ жөнүндө жаңы мыйзамды биргелешип аткаруу үчүн да керек болот.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынышы

2014-2015-жылдары долбоор “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгууну колдоого алган, аталган мыйзам 2003-жылы кабыл алынган колдонуудагы мыйзамдын кемчиликтерин четтетүүгө багытталган. Мыйзам март айында кабыл алынып, 2017-жылдын апрелинде күчүнө кирген. Бул мыйзамда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына коопсуз убактылуу жашап туруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык  жайларга жайгашууга укук берүү каралган, ал эми сот үй-бүлөлүк зомбулукка күнөөлүү адамдардын  коррекциялык программадан өтүүсүн  талап кылат. Мыйзамга “коопсуз жай”, “коргоо ордери” , “психологиялык зомбулук”, “үй-бүлөлүк зомбулук”, “дене-бойлук зомбулук”, “экономикалык зомбулук” сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамалары киргизилген. Жаңы мыйзам мыйзамды жүзөгө ашыруучу субъектилердин чөйрөсүн кеңейтти; үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого катышкан субъектилердин өз ара иштешүүсү жана координациясы үчүн жооптуу болгон органдын милдеттери аныкталды; мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери менен жоопкерчилиги так бөлүштүрүлдү.

Юстиция министрлиги башка субъектилердин арасында үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн ишмердик стандарттарын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө, тийиштүү статистиканы жүргүзүү ж.б. сыяктуу өзүнө жүктөлгөн функциялары менен мыйзамды аткарууга жооптуу орган катары аныкталган.    

БУУ МУКту ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы

Долбоор БУУ МУКту ратификациялоо маселесине чоң колдоо көрсөттү. Анын ичинде КР ЭСӨМ төрагалыгы алдында Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, БУУ МУКту ратификациялоо процесси үчүн иш-аракеттер планы менен каржылык эсептөөлөрдү иштеп чыккан. Иш-аракеттер планына 157 иш-чара киргизилип, алар 10 жылга бөлүштүрүлгөн жана жалпы суммасы 30,2 млрд сомду түзөт. Бул сумманын ичинен 23,5 миллиард сому социалдык турак-жайга, 5 миллиарды – инфраструктурага, ал эми 1,5 миллиарды – ишмердиктин башка түрлөрүнө жумшалмакчы (тренингдер, мыйзамдарды иштеп чыгуу, изилдөөлөр ж.б.). Долбоордун алкагында Кыргызстандагы майыптардын кызыкчылыгын көздөгөн бейөкмөт уюмдардын башын бириктиргенге мүмкүн болду: 2014-жылы 31 уюм Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана БУУ МУКту илгерилетүү жөнүндө келишимге бир добуштан кол койгон. Долбоор БУУ МУКту ратификациялоо жөнүндө маселени көтөрүүгө багытталган көптөгөн иш-чараларды, ток-шоу жана басмасөз жыйындарын өткөрдү.

Мыйзамдардагы ДМЧАнын укуктарын басынткан айрым ченемдерди четтетүүгө багытталган Мыйзамдын кабыл алынышы

Мыйзамга ылайык, колдорунда же көрүүсүндө мандеми бар адамдардын каалагандай документке факсимиле аркылуу өз алдынча кол коюшуна укук берилет. Угуусунда же сүйлөөдө мандеми бар адамдарга ар кайсы чөйрөдө жаңсап которуп берүү кепилденет, ошондой эле жаңсап которуучулардын макамы да аныкталат.

Укуктук маалымдуулугун арттыруу жана укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү

Укук ээлерине байланыштуу – долбоор өлкөдөгү укуктук маалымдуулукту арттыруунун жана укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барды жана мында аялуу топторго өзгөчө көңүл бөлүнүп, гендердик аспектилер жана аялдардын укуктары бардык иш-чараларда эске алынышы камсыздалды. 3 миллиондон ашуун адам максаттуу маалыматтык кампанияга камтылып, жарандык коомдун өкүлдөрү өз укуктарын натыйжалуу коргоого, БУУ МУКту ратификациялоо процессине колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк алышты. Мындай иш-чаралар 2016-2020-жылдарга карата Калктын укуктук маданиятын жогорулатуунун мамлекеттик концепциясын иштеп чыгууда маанилүү роль ойноду. Концепция өлкөдө адекваттуу укуктук маалымдуулукту жана агартуу иштерин калыптандыруу боюнча мамлекеттин зарыл болгон иш-аракеттеринин алкагын  аныктайт.

Калктын укуктук маданиятын жогорулатуунун концепциясы

Калктын укуктук маданиятын жогорулатуунун концепциясы – бул “Сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан жана өкмөт тарабынан кабыл алынган алгачкы стратегиялык документ. Ал калктын укуктук даярдыгы менен билим алуусун, заманбап укуктук маданият менен жүрүм-турумду калыптандырууну камтыган укуктук маданиятты жогорулатууга тутумдук мамиле кылуу ыкмасы болуп саналат. Бул негиз салуучу документте калктын укуктук маданиятынын бийик деңгээлин калыптандырууга багытталган мамлекеттик саясаттын максаттары, багыттары, чакырыктары жана чаралары камтылган. Документ мыйзам менен бийликти ачык эле урматтабоо сыяктуу көрүнүштү жокко чыгарууга багытталган.

Концепцияны жүзөгө ашырууга бардык кызыкдар тараптар: мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын ж.б.  катышат деп болжолдонот. Концепцияда орто аралыктагы жана акыркы жыйынтыктарга такай мониторинг кылуу жана баалап туруу, ошондой эле жүзөгө ашыруу процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча чаралар каралган. Концепциянын жалпы бюджети 101,3 миллион сомду түзөт, анын ичинен 41,7% - толугу менен КР өкмөтү тарабынан каржыланат.

«Тилектештик автобусун” ишке киргизүү

«Тилектештик автобусу» долбоор тарабынан Калктын укуктук маданиятын жогорулатуунун концепциясына 2015-жылы Францияда окуп келүүнүн жыйынтыгында алынган тажрыйбага таянган алдыңкы тажрыйба катары киргизилген. Юстиция министрлигинин юристтеринин тобу Кыргыз Республикасынын алыскы райондоруна калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук маалымат берүү үчүн барып турушкан. 2016-2017-жылдары «Тилектештик автобусунун” юристтери тарабынан пилоттук Ош жана Чүй облустарындагы 4145 адамга 4314 кеп-кеңеш берилген.

Каттоочу документтерди берүу

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 3578 адамдын каттоочу документтерин тариздөөгө жардам берилген.

Күтүлгөн жыйынтыктар:          КР Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын тандалып алынган облустарында долбоордун максаттуу топторунун сот адилеттигине байланышкан  көйгөйлөрүн чечүү үчүн жеткиликтүү, кымбат эмес, натыйжалуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздайт.

Долбоор багытталган аялуу топтор, анын ичинде аялдар менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар Кыргыз Республикасынын тандалып алынган облустарында сот адилеттигине болгон өз укуктары жөнүндө көбүрөөк билип, аларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Макамы:  Жүзөгө ашыруу процессинде

Долбоордун башталган датасы:  2018-жылдын 1-январы

Долбоордун аякташынын болжолдонгон датасы:    2021-жылдын 31-декабры

Географиялык камтуусу:  Долбоор өлкөнүн калкынын 60% түзгөн Чүй жана Ош облустарында улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги иш-чараларды жүзөгө ашырууну колдоого алат.

Тематикалык чөйрөсү:  Акыйыкаттыкка жол

Максаттуу топтор:  Айылдык аялдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелген адамдар

Долбоордук координатор:  Aйнура Алымбекова

Өнөктөштөр:   Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, жарандык сектордун уюмдары.

Каржылоо булагы:  Финляндия өкмөтү

Бюджет (жылдар боюнча) - 1 700000 евро
2018-ж. - 300 000 евро

2019-ж. - 400 000 евро

2020-ж. - 500 000 евро

2020-ж. -  500 000 евро