Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги радикалдашуунун алдын алуу

Долбоор жөнүндө жалпы маалымат

Долбоор Кыргыз Республикасындагы зомбулуктуу экстремизм алдында аялуу болууну өлкөнүн: а) түрмөлөрдөгү зомбулуктун радикалдашуусун болтурбоо; б) жоокер экстремисттердин арасындагы укук бузуучуларды башкаруу үчүн пенитенциардык тутумду жана пробация органдарын башкарууну өркүндөтүү; в) жамааттарды зомбулуктуу экстремизмдин андан ары өнүгүшүнө аралаштыруу боюнча саясаттар менен стратегияларды ишке ашыруу;  г) террорчулук менен экстремизмге байланышкан маселелердеги соттук-медициналык кызматтардын ишин адилет соттук териштирүүлөрдүн стандарттары сакталышын камсыздоо максатында күчөтүү боюнча иш-аракеттери аркылуу азайтууга багытталган.

Орто аралыктагы жыйынтыктар

Долбоор Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү тынчтыктын негизи катары бекемделишине колдоо көрсөтөт. Долбоордун аркасы менен жетишилген негизги учур өзүнө укук бузуучуларды социалдык реабилитациялоону колдоо үчүн түрмөгө камоого альтернативаларды ишке киргизүү аркылуу улуттук пробация кызматын түзүүнү камтыйт. Отчеттук мезгил ичинде бул процессти жеңилдетүү үчүн жаңы саясат иштелип чыгып, ишке киргизилген. Ал укук бузуучулар тарабынан зомбулуктуу экстремизм идеологиясынын таасирине дуушар болуу тобокелдигин төмөндөтөт.

Долбоордун алкагында жаңы механизм –  ар бир камактагы адамга жана пробация кардарына тобокелдиктерди баалоо жана классификациялоонун атайын тутумуна негизделген жекече мамиле кылуу ыкмасы иштелип чыккан.

Түрмөдө жоокер экстремисттердин топторунун азгыруу иштерин жүргүзүшүн болтурбоо боюнча колдонмо иштелип чыгып, түрмө кызматкерлерине таратылып берилген.

Камактагы жоокер экстремисттерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча окуу модулдары иштелип чыккан.

Түрмөлөрдүн, пробация органдарынын кызматкерлери, психологдор, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын, соттук-медициналык кызматтардын  кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү.

Долбоордун алкагында «Психологиялык-лингвистикалык жана диний соттук экспертиза боюнча колдонмонун” экинчи басылышы жарык көрдү. Ал террорчулук жана экстремизм жөнүндө иштерде пайдаланылып, стандарттуу жумушчу процедуралардын негизинде топтолгон анык жана объективдүү далилдерди алууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Ошентип, адилет соттук териштирүүлөрдүн стандарттары бекем сакталышы камсыздалат жана жазык сот адилеттиги тутумуна карата келип түшкөн жана зомбулуктун радикалдашуусуна алып келиши ыктымал болгон даттануулардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Күтүлгөн жыйынтыктар           

1- жыйынтыктоочу натыйжа: Пенитенциардык мекемелердин жана пробация кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдары, соттук-медициналык эксперттер зомбулуктун радикалдашуусуна натыйжалуу каршы туруп, аны болтурбайт жана улуттук мыйзамдар менен эл аралык стандарттарга шайкеш коопсуздуктун тийиштүү чараларын камсыздоо менен ага каршы күрөшөт.

1-жыйынтык: Пенитенциардык мекемелердин кызматкерлери түрмөлөрдөгү зомбулуктун радикалдашуусун болтурбоо усулдуктарын, ошондой эле жоокер экстремисттердин арасындагы укук бузуучуларды өз-өзүнчө бөлүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жолу менен зомбулуктуу экстремизм менен күрөшүүдөгү тажрыйбасын толуктайт.

2-жыйынтык: Пробация кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жоокер экстремисттердин арасындагы укук бузуучулардын коомго социалдык реинтеграция болушуна көмөктөшөт жана зомбулуктуу экстремизмди болтурбоо үчүн жамааттар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жардамдашат.

3-жыйынтык: Соттук-медициналык эксперттер террорчулук менен экстремизмге байланышкан иштер боюнча жогорку сапаттагы экспертизаларды даярдашат.

Макамы: Азыркы тапта ишке ашырылууда

Долбоор башталган дата: 01\01\2018

Долбоор аякташы болжолдонгон дата: 31\12\2020        

Географиялык камтуусу: Биринчи Май району;  Аламүдүн району; Каракол шаары; Ош шаары; Карасуу району; Өзгөн району; Араван району; Жалал-Абад  шаары; Сузак району; Кызыл-Кыя шаары

Ишмердиктин предметтик чөйрөсү: Тынчтык куруу

Долбоордук координатор:  Mукаш Калдаров

Өнөктөштөр:   Президенттин Аппараты, Өкмөттүн Аппараты, Коопсуздук кеңеши, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жана анын Окуу борбору, Пробация кызматы жана милиция бөлүмдөрү, Ички иштер министрлиги, ИИМ Академиясы, Мамлекеттик соттук-медициналык кызмат, ИИМге жана ЖАМКга караштуу Коомдук кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борборлор, анын ичинде айрым райондордогу аялдар комитеттери, жарандык коом уюмдары.

Каржылоо булагы:  БУУнун Тынчтык куруу фонду

Бюджет: 350 000 АКШ доллары