Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын ынтымагы менен кызматташтыгын илгерилетүү

Долбоор жөнүндө жалпы маалымат:

Долбоор мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле чектеш аймактардагы жаштардын биримдигин жана позитивдүү иштешүүсүн колдоо жана илгерилетүү боюнча иш-аракеттерди колдоого алууга багытталган. Долбоордун концепциясына ылайык, бир жагынан, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, экинчи жагынан, чектеш аймактардагы жаштарга аларды кайрылууларды берүү боюнча колдонуудагы механизмдер, Өзбекстан менен болгон алакага тиешелүү маселелер боюнча укук жөнүндө маалымдоо аркылуу да колдоо көрсөтүлөт. Укуктарды жүзөгө ашыруу жаатында, анын ичинде эрте, мажбурлап никеге тургузуудан жана зомбулуктан корголууга болгон укук жаатында өзгөчө аялуу болгон жаш аялдар да долбоордун максаттуу тобу болуп саналышат. Долбоор колдонуудагы кызматташтык алкактарын жаштардын туруктуулукту камсыздоо максаттары боюнча сунуштарын эске алуу менен аларды кеңири катыштырууну институционалдаштыруу жолу менен консолидациялоого багытталган. Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт жана Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын биримдигине көмөктөшөт, бул болсо, өз кезегинде, региондогу этностор аралык тынчтык куруу процессин жакшыртууга өбөлгө болот.

Орто аралыктагы жыйынтыктар:

Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын катышуусу менен өткөн эл аралык форумдар:

2019-жылдын март айында Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча 2018-2019 - жылдарга карата мерчемделген иш-чаралардын алкагындагы «Кыргызстан менен Өзбекстан жаштары – жакшы кошуналык салтты улантуучулар” Жаштар форуму.

“Чек арасыз жаштар” үч күндүк форуму Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп, Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын, ошондой эле Өзбекстандын Анжыян, Наманган жана Фергана облустарынын чектеш аймактарындагы жүздөн ашуун активист жаштардын башын бириктирди. Жаштар форуму БУУ агенттиктеринин БУУ Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана биргелешип трансчектик кызматташтыкты кеңейтүү жана жаштар менен чечим кабыл алуучу адамдардын ортосунда диалог болушуна шарт түзүү үчүн жаштардын иш-аракеттерин бириктирүүгө багытталган “Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын ынтымагы менен кызматташтыгын илгерилетүү” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагындагы негизги иш-чаралардын бири болуп саналат.

Дизайн-ой жүгүртүү, IT жана башка көндүмдөрүн ж.б. өнүктүрүү үчүн жаштарга ыңгайлаштырылган платформаларды түзүү.

Мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүү боюнча жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн дараметин арттыруу:

МККнын пилоттук жамааттардагы түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракетин колдоо.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында  9 пилоттук жамаатта калкка кызмат көрсөтүү борборлорун ачуу.

Талаш-тартыштарды чечүүнүн, сот адилеттилигине жетүүнүн укуктук каражаттарын камсыздоо боюнча изилдөөлөр, талдоолор жана жаштар менен жергиликтүү калктын (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары) ой-пикирлерин билүү аркылуу укук коргоо органдарынын, мыйзам үстөмдүгүн жана адам укуктарын камсыздоочу органдардын, сот органдарынын жана башка кызмат көрсөтүүчүлөрдүн дараметин чыңдоо.

Жаш аялдар менен жаштардын сотко чейинки стадиядагы жаштарга жана гендерге сезимтал болгон тергөө жол-жоболору жөнүндө маалымдуулугун арттыруу аркылуу алардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртууга багытталган колдонуудагы механизмдерди чыңдоо.

Чектеш аймактарда жашаган жаштардын укуктук маалымдуулугун жана арыздарды/даттанууларды берүү механизмдери аларга жеткиликтүү болушун жакшыртуу.

Азыркы тапта 749 бенефициар алгачкы юридикалык жардам алышты, алардын 53% чектеш аймактарда жашаган аялдар түзөт.

Жаштардан-жаштарга демилгесинин алкагындагы алгачкы юридикалык жардам көрсөтүү.

Чектеш аймактарда жашаган жаштарга укуктук жардам алуу жеткиликтүү болушу үчүн кросс-секторалдык платформаларды түзүү.

Жаштар үчүн ыңгайлуу болгон жана долбоорго тиешеси бар промо материалдарды, анын ичинде видеороликтерди даярдоо.

Күтүлгөн жыйынтыктар:

Тандалып алынган пилоттук жамааттардагы жаш аялдар менен эркектер өз ара иштешүү боюнча билимин, көндүмдөрүн жана дараметин өнүктүрүштү.

Жаштар лидерлик көндүмдөрүн, көйгөйлөрдү тынч жол менен чечүү көндүмдөрүн, ошондой эле тынч иштешүүгө карата оң мамиледе болуусун өркүндөтүштү.   

Ар кайсы чектеш аймактардан келген жаштар Лидерлик жана инновациялар академиясына (ЛИА) баруу аркылуу социалдык көндүмдөрү менен жарандык катышуу көндүмдөрүн жакшыртышты. ЛИА катышуучулары ушул баалуулуктарды мектептерде, жамааттарда, тарбиялоо практикаларында илгерилетүү аркылуу ачык, инклюзивдүү жана ар түрдүү чөйрөнү курууга өз салымын кошушту.           

Дизайн-ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча жаштар платформасы Ош шаарында кросс-чектеш кызматташтыкты жана маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашууну жана инновациялык чечимдерди, жаштарды аралаштырууну, көндүмдөрдү өнүктүрүүнү колдоо жана кеңейтүү үчүн колдоого алынды.

Жаштар саясатын жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар Өзбекстан Республикасындагы кесиптештери менен позитивдүү диалог түзүү максатында өз ара иштешүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн билимин, көндүмдөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана дараметин жакшыртышты.

Мыйзам үстөмдүгүн камсыздаган укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, КР Акыйкатчысынын институтунун (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы)  дараметин арттыруу жана жаш аялдар менен эркектердин сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу, ишеним деңгээлин жогорулатуу үчүн арыздарды/даттанууларды берүү боюнча колдонуудагы механизмдерди күчөтүү.

Макамы: Активдүү

Долбоор башталган дата: 2019-жылдын январы

Долбоор аякташы болжолдонгон дата: 2020-жылдын июну (2020-жылдын 15-ноябрына чейин узартуу мүмкүндүгү менен)

Географиялык камтуусу: Кргыз Республикасынын түштүгүндөгү Өзбекстан менен чектешкен муниципалитеттери

Ишмердиктин предметтик чөйрөсү: Тынчтык куруу

Долбоордук координатор: Мукаш Калдаров

Өнөктөштөр: ЮНИСЕФ, ЮНФПА, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестр кызматы, Кыргызстандын юридикалык клиникалар асссоциациясы, ЖӨБ, жергиликтүү жамааттар.

Каржылоо булагы: БУУнун Тынчтык куруу фонду

Бюджет (жылдар боюнча): БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан бекитилген* (уюмдар боюнча):

ЮНИСЕФ: $ 670,000

БУУӨП: $ 480,000

ЮНФПА: $ 350,000

Impact

START DATE

October 2016

END DATE

December 2022

STATUS

Completed

PROJECT OFFICE

Kyrgyzstan

IMPLEMENTING PARTNER

United Nations Development Programme

DONORS

GOVERNMENT OF TURKIYE

Peacebuilding Fund

UNITED NATIONS DEVELOPMENT PROGRAMME

TOTAL CONTRIBUTIONS

$3,041,799

DELIVERY IN PREVIOUS YEARS

2016$0

2017$234,674

2018$819,585

2019$839,969

2020$500,926

2021$128,592

2022$20,002

Full Project information