Inno4kg ачык инновациялык таймашы

Жалпы жоболор

БУУӨП Кыргызстандагы коронавирустун күчөп жаткан таасирине каршы күрөшүүдө инноваторлор менен иштешүүгө жана аларды колдоого умтулат.  Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал экономикага жана саясатка таасирин тийгизип жатат. Башкалардан бочолонуу, жалгыздык менен байланышкан психосоциалдык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн, ал башка өлкөлөрдө тастыкталган жана товарларга, кызматтарга жана негизги керектөөлөргө жетүүгө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыргызстанда калктын 25,6% жакырчылыктын чегинде жашайт. Алардын көпчүлүгү айыл жеринде жашашат, бул алардын ден-соолук жана башка социалдык коргоо кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүн чектеши мүмкүн. Мигранттардын акча которууларына көз каранды болгондуктан, экономика тышкы таасирлерге дуушар болот, анткени ал 2018-жылга карата ИДПнын 33% га барабар болчу. Товарлардын жана жумушчу күчтөрдүн киришин жана кетишин чектөө, ошондой эле Казакстан жана Россия сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн экономикасынын төмөндөшү Кыргызстанда экономикалык соккуларды күчөтүшү мүмкүн. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, коронавирустук инфекциянын кесепетинен бюджеттин чыгымы 28 миллиард сомду түзөт.

Учурдагы эпидемияда инновациялар ылдамдыкты, кызматташтыкты, көп түрдүүлүктү жана чечимдердин натыйжалуулугун камсыз кылуу, айрыкча аялуу топтордун муктаждыктарын канааттандыруу, жамааттын туруктуулугун жогорулатуу үчүн керек, мында санариптештирүү алдыңкы ролду ойнойт.

Таймаш үйдө изоляцияда болгондорду колдоого багытталган. Биз психикалык саламаттыкты колдоо, социалдык жардамга болгон муктаждыктарды канааттандыруу жана узак убакытка үйдө болууга байланышкан маселелерин чечүү жолдорун издеп жатабыз. Карантин учурунда адамдар өз көндүмдөрүн өркүндөтүп, достору жана туугандары менен байланышта болуп, ооруканаларга жана бүтүндөй саламаттык сактоо системасына жүктү азайтууга өз салымын кошо алышат.

Биз төмөнкү багыттар боюнча чечимдерди издейбиз:

  • Аралыктан окутуу - өзүн-өзү изоляциялоо мезгилиндеги билим берүүнү кайра карап чыгуу;
  • Алыскы медициналык жардам - ​​бейтаптардын ден-соолугун көзөмөлдөө жана медициналык мекемелерге жүктү азайтуу үчүн алдыңкы технологияларды изилдөө;
  • Байланыш жана социалдашуу - достор, тууган-туушкандар менен байланышта болуу же COVID-19 жөнүндө так жана өз убагында маалымат берүү булактарын сунуш кылуу;
  • Байланышсыз экономика - адамдардын өз ара аракеттенүүсүсүз камсыздоо жана өндүрүү

Биз COVID-19 пандемиясына байланыштуу башка орчундуу көйгөйлөрдү аныктаган сурамдарды да кабыл алабыз, анткени кырдаал күн сайын күчөп, белгисиз көйгөйлөр, жабыр тарткан секторлор жана жамааттар жөнүндө жаңы маалыматтар пайда болуп жатат.

Таймаштын жеңүүчүлөрүнө $ 10,000 чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

 

Билдирмени тапшыруу процесси жана катышуу укугу

Таймаш юридикалык жак катары каттоодон өткөн жарандык коом, жеке сектор жана новаторлор үчүн ачык. Өтүнмөдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

  • Долбоордун планы
  • Бюджет
  • Команданын мүмкүнчүлүктөрү
  • Иш тажрыйбасы

Толтурулган өтүнмө формасын registry.kg@undp.org дарегине 30-апрелге чейин жиберүү зарыл. Каттын темасы Inno4KG сөзүн камтыш керек. Сыноодон өткөн кандидаттар гана маекке чакыруу алат. Алар 2020-жылдын 10-14 май аралыгында калыстардын алдына питчинг жасоого чакырылат.

Колдоого алынган демилгелер өз натыйжаларын 2020-жылдын сентябрь айынын аягына чейин көрсөтүшү керек, ал эми жеӊүүчү демилгелер долбоорду ишке ашыруу убагында эӊ аз дегенде 2ден коммуникация материалын чыгарышы зарыл.

Тандоо критерийлери жана тандоо процесси

Идеялар инновация, санариптештирүү жана коомдук программалар чөйрөсүндө иштеген БУУӨПтүн жетекчилигинен, эксперттеринен жана жогорку технологиялар Паркынын, МКТ (маалыматтык компьютердик технологиялар) боюнча Мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнөн жана бизнес-акселератордон турган кесипкөй калыстар тарабынан каралат.

Долбоорлор төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

Таасирдүүлук

Бул чечим артыкчылыктуу багытты камтыйбы (саламаттыкты сактоо, кызмат көрсөтүү, билим берүү, санариптештирүү ж.б.)? Долбоор өз максатына эффективдүү жана натыйжалуу жетеби? Максатка жетүү үчүн канча адамдын потенциалы бар?

Өлчөмдүүлүк жана таркамдуулугу

Долбоорду ушул сыяктуу көйгөйлөр келип чыккан өлкөнүн башка аймактарында жана дүйнө жүзүндө жайылтууга болобу? Глобалдык пандемиянын күчөп турган мезгилинде, биз башка аймактарда тез ишке ашырыла турган чечимдерди издеп жатабыз.

Чыгармачылык жана инновация

Көйгөйдү чечүүдө өзгөчө ыкмалар колдонгонбу? Жаңы технологияларды, маалыматтарды же башка чыгармачылык мамилелерди колдонуп, маселени чечүүдө колдонулган ыкмаларды өзгөртүп жатасызбы?

Техникалык-экономикалык негиздеме

Мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде долбооруңузду иштеп чыгып жана ишке ашыруу. Сураныч, өзүңүздүн долбооруңузга кыска мөөнөттүү планды, анын ичинде каржылоону кандайча пайдаланаарыңызды, кайсы команда менен иштей тургандыгыңызды жана кандай мүмкүнчүлүктөрдү камтыгандыгын, кандайдыр-бир даярдык иштери камсыздалып жаткандыгын жана башкалар жөнүндө кыскача план түзүңүз.

Сиздерге ийгилик жана ден-соолук каалайбыз.