COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү

Долбоорго сереп:

Кыргызстанда COVID-19дун күч алуусу саламаттыкты сактоо, экономикалык, социалдык, башкаруу жана саясий чөйрөлөрдөгү чоң жетишпестиктерди аныктады - бул ички жана тышкы ресурстарды жапырт мобилизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо системасы тарабынан инфекциялык контролдоону ишке ашыруудагы кемчиликтер, медициналык кызматкерлердин арасында COVID-19 оорусуна чалдыгуунун жогорку деңгээли чагылдырылат (учурлардын жалпы санынын 22%). Кургак Учук (КУ) дарыгерлери жана медайымдары тарабынан Баштапкы Медициналык Саламаттык Сактоонун (БМС) деңгээлинде Жеке Коргоочу Куралдарга (ЖКК) суроо-талап уланууда, анткени алар буга чейин тастыкталган COVID-19 учурларынын олуттуу пайызы менен медициналык кызматкерлер арасында эң аялуу топторунун бири. COVID-19дан жабыркаган райондордо, айрыкча чек ара аймактарында жана жамааттарда чыр-чатактын келип чыгышына түрткү болгон бир нече тобокелдик факторлор бар. Бул факторлор ресурстун чектелишинен тартып үй-бүлөдөгү зомбулукка чейин, жалган жаңылыктардын таралышынан жергиликтүү бийликтерге жана полицияга берилген өзгөчө кырдаалдар ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонууга чейин бөлүнөт. Саламаттыкты сактоо чаралары социалдык жана экономикалык системаларына олуттуу таасирин тийгизди.

Кыргызстандагы БУУӨП Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен интеграцияланган жана адамга багытталган COVID-19га чара көрүүнү ишке ашырууга киришет. Бул долбоордун иш чаралары өлкөлүк кеңири чара көрүү сунушунун негиз түзүүчү компоненти болуп саналат. Сунушталган чаралар Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз координацияланган жана учурдагы кемчиликтерди толуктоого, же болбосо БУУӨП же башка кызыкдар тараптар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Алар ошондой эле иш-чаралардын масштабдарын кеңейтүү жана узак мөөнөттүү натыйжага чыгаруу үчүн кошумча ресурстарды тартууга көмөктөшкөн баштапкы платформаны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Долбоор БУУӨПнын COVID-19га Чара Көрүү саясатына жана Программанын Сунуштарына толугу менен шайкеш келет жана БУУӨПнын COVID-19 программасынын аймактык сунушу менен түздөн-түз байланышкан, ошондой эле өкмөттүн жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрдүн аракеттерин толуктайт. Иш-чаралардын багытталышы, учурда БУУӨП менен АӨБ тарабынан жүргүзүлүп жаткан Социалдык-Экономикалык Таасирди Баалоо алкагында чогултулган маалыматтардан дагы пайда алат. Бул маалыматтар иш-чаралардын айрым өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берүүгө жардам бере алат (аймака басым жасоо, подсекторлор ж.б.). Долбоор үч негизги жыйынтыкка салым кошууга багытталган, тактап айтканда:

  • COVID-19га жооп берүү үчүн саламаттык сактоо системаларын чыңдоо
  • Инклюзивдүү жана көп сектордуу каатчылыктарды башкаруу жана аларга чара көрүү
  • COVID-19дун Социалдык-Экономикалык Таасирин чечүү

 Санариптик жана инновациялык чечимдер: Долбоор жергиликтүү контекстке ылайыктуу санариптик жана инновациялык чечимдерди колдонот (мисалы, жумушчулар менен жумуш берүүчүлөрдү талдоого жана байланыштырууга Жасалма Интеллектти, онлайн окутуу куралдарын жана максаттуу топторго жетүүгө жардам берүү учун социалдык медиа маркетингин (СММ) ж.б.).

Тез Чара Көрүү Кызматы (ТЧК) менен тегиздөө: Бул каражаттар БУУӨПнын Тез Чара Көрүү Кызматынын алгачкы иш-чараларына толугу менен шайкеш келет. Бул иш-чаралардын айрымдары, иш-чараларды кеңейтүү жана чоң таасирди сактоо үчүн кошумча ресурстарды тартуу үчүн баштапкы аянтчаны түзүү мүмкүнчүлүгү катары иштелип чыккан.

Күтүлгөн натыйжалар:

  • Кыргызстандын областтарында 1200дөн ашык саламаттыкты сактоо мекемелеринде 3000 медицина кызматкери жеке коргонуу шаймандарын алышат
  • 32,266 даана FPP2 респиратору сатылып алынды
  • 600 медициналык адис медициналык таштандыларды башкаруу (МТБ) жол-жоболору боюнча окуудан өтүштү
  • 42 саламаттыкты сактоо мекемеси (32 оорукана + 10 мобилдик бөлүк) МТБны ишке ашырат жана анын стандарттык иштөө процедураларын колдонот (СИП)
  • Жөнөкөй жарандарга укуктук жардам көрсөтүү үчүн 5 универсалдуу (жамааттык юридикалык жардам клиникасы) окутулду
  • 5 универсалдуу укуктук жардам көрсөтүү клиникасы компьютердик жабдууларды алат
  • Эң аз дегенде 1200 адам чек арадагы социалдык биримдик демилгелерине катышты
  • Жергиликтүү өнүгүү пландарын колдоо үчүн 150 чакан гранттар берилген
  • Кеминде 150 адам юридикалык жардам алган жана коштолгон
  • 6 жергиликтүү жамаат маалымат чогултуу системасы (МЧС) тарабынан камтылды жана 30 катышууу окутулду
  • 1 улуттук деңгээлдеги МЧС учурдагы муниципалдык деңгээлдеги тармакка интеграцияланган
  • Юридикалык жардам алган адамдардын 40% аялдар / кыздар                            
  • 1 онлайн маалымат базасы (жумушка орноштуруу + COVID-19 таасиринен улам жумушунан айрылгандар үчүн окутуу) түзүлүп / жаңыртылды
  • Онлайн маалымат базасында 3000 адам катталган
  • Алардын кеминде 10% иш берүүчүлөргө туура келген
  • Онлайн окутуу программаларына 1000 адам, анын ичинде жаштар да катышты
  • 4 МКОИ (Микро, Кичи жана Орто Ишканалар) колдоого алынган
  • Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын бардыгы аркылуу 50 МКОИ кыйыр түрдө колдоого алынган.

Абалы: Активдүү

Башталыш күнү: Июнь 2020

Болжолдолгон аяктоо күнү: 31 март 2021

Географиялык камтуу: Кыргызстан

Тема чөйрөсү: Туруктуу экономикалык өсүү, тынчтыкты орнотуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү

Долбоордун Координатору: Элдияр Сейитказиев

Онөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлиги, Жергиликтүү Өз алдынча Башкаруу жана Этностор Аралык Мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиги (ЖӨБЭАММА), Экономика Министрлиги, Юстиция Министрлиги жана Эмгек жана Социалдык Өнүгүү Министрлиги.

Каржылоо Булагы: Япониянын Өкмөтү

Бюджет: USD 1,244,571