ЗЭК үчүн инклюзивдүү башкаруу жана сот адилеттиги тутуму

Долбоор жөнүндө жалпы маалымат

Долбоор бардык деңгээлдеги мамлекеттик институттардын зомбулуктуу экстремизмди болтурбоо боюнча дараметин алардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, билим берүү жана мыйзам үстөмдүгү механизмдерин, гендерге сезимтал жана укук коргоочу механизмдерди пайдалануу жолу менен жогорулатууга багытталган.

Орто аралыктагы жыйынтыктар        

Имплементациялаган өнөктөштөр менен БУУнун жооптуу уюмдары, анын ичинде үч укук коргоочу уюм 1125 учур боюнча юридикалык кеп-кеңештерди беришти. 141 адамга юридикалык жардам көрсөтүлүп, анын ичинде мамлекеттик органдар менен соттордо өкүл катары иш жүргүзүлдү. Мында 58 учурдун экстремизмге түздөн-түз тиешеси бар болду. Натыйжада азыркы учурда 15 адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, 6 адамга экстремисттик материалдарды сактап жүргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгаруу жолу менен  жеңилдетилген өкүм чыгарылды. Жети жекече арыздар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жөнөтүлдү жана тогуз арыз БУУнун Жол-жоболор боюнча атайын бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү.

Долбоордун алкагында иштелип чыккан www.prevention.kg маалыматтык-аналитикалык сайты өлкөдөгү ЗЭБ жаатындагы атайылаштырылган жападан-жалгыз маалыматтык ресурс болуп саналат. Веб-сайт Кыргызстандагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү да дин таануучулар, саясат таануучулар, теологдор, студенттер жана журналисттер үчүн активдүү маалыматтык, билим берүүчүлүк жана эксперттик аянтча болуп калды. Орто эсеп менен айына 2 850 адам бул сайтка кирип турат, бул күнүнө 560ка жакын адам сайттын маалыматын окуйт дегенди билдирет. 40% - бул Кыргызстандагы, 25% - Россиядагы, 9%  - Казакстандагы, 8% - Өзбекстандагы жана Украинадагы, 2-3% - Тажикстандагы, Беларустагы жана АКШдагы окурмандар.

Эгемендүүлүккө жетишкен учурдан тартып алгачкы ирет жазык сот адилеттигинин улуттук тутуму тыкыр талданды: террорчулук жана экстремизмге байланышкан 450дөн ашуун жазык иштери каралып чыкты. Талдоонун натыйжасында жазык мыйзамдарындагы адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна (мисалы, социалдык түйүндөрдөгү “жакты” белгисин койгондугу үчүн эле түрмөгө камоо) алып келип жаткан  тутумдук боштуктар менен дал келбөөчүлүктөр аныкталды. Изилдөөнүн жыйынтыктары ошондой эле Жогорку сотто каралып, талкууланды. Жогорку сот акырындык менен бул боштуктар менен дал келбөөчүлүктөрдү четтетүүнү пландоодо, бул адамзатка узак мөөнөттүү келечекте оң таасирин тийгизет. Экинчи жагынан, террорчулук менен экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын жаңы версиялары толугу менен жакында эле кабыл алынган, гумандуулукка көбүрөөк ыктаган, адам укуктарына багытталган жазык мыйзамдарына тыгыз байланышкан, бул коопсуздук жана укук коргоо органдарынын мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк жоопкерчиликтүү жана отчеттуу болушуна шарт түздү, ошентип, күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдары мыйзамсыз ишке барса же жазык мыйзамдарынын ченемдерин бузган учурда алардын жоопкерчилиги менен отчеттуулугу күчөтүлдү. Демек, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу адам укуктарын коргоону жана адамга узак мөөнөттүү келечекте таасир этүүнү жакшыртат.

Күтүлгөн жыйынтыктар           

1-жыйынтык: Сот адилеттиги жана коопсуздук институттары, улуттук жана жергиликтүү бийлик органдары, жарандык сектор коомдун кызыкчылыгын эске алган ыкмаларды колдонушат жана зомбулуктуу экстремизмди болтурбоо максатында калктын кеңири катышуусунда чечим кабыл алышат.

2-жыйынтык: Мамлекеттик органдар социалдык интеграцияга багытталган, гендерге сезимтал болгон жана адам укуктарын эске алган саясат менен мыйзамдарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн калкты кеңири катыштырууга негизделген, ошондой эле аялдардын, эркектердин, кыздардын жана балдардын өзгөчө муктаждыктарын чагылдырган экспертиза менен мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

3-жыйынтык: Укук коргоочу жана сот органдары кызыкдар тараптар, анын ичинде укук коргоочу уюмдар, эксперттер, жамааттар менен өз ара иштешүү  үчүн тажрыйба менен мүмкүнчүлүктөргө ээ болот жана адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш иш алпарышат.

4-жыйынтык: Жаштар менен аялдарга өзгөчө көңүл бурган жарандык сектордун субъектилери зомбулуктуу экстремизмди болтурбоо жаатында ошол милдеттенмелерди алып жүрүүчүлөр менен биргеликте активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Макамы: Азыркы тапта жүзөгө ашырылууда

Долбоор башталган дата: 12\01\2018

Долбоор аякташы болжолдонгон дата: 14\12\2020        

Географиялык камтуусу: Кыргыз Республикасы

Ишмердиктин предметтик чөйрөсү: Тынчтык куруу

Долбоордук координатор:      Мукаш Калдаров

Өнөктөштөр:  

КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик соттук-медициналык кызмат, Парламент, Президенттин Аппараты, Өкмөттүн Аппараты, ИИМ, ТИМ, Акыйкатчы, эксперттик жамаат, Адвокаттык  коллегия

Каржылоо булагы:  БУУнун Тынчтык куруу фонду

Бюджет: 1 258 000 АКШ доллары