Кыргыз Республикасында АИВге жана кургак учукка натыйжалуу контрол жүргүзүү

Долбоордун сереби

СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган БУУӨПтун «Кыргыз Республикасында АИЖВны жана КУну натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоору Кыргыз Респуликасында АИЖВнын жана кургак учуктун оорчулугун өз убагында жана сапаттуу алдын алуу, диагноздоо жана дарылоону камсыздоо аркылуу төмөндөтүүгө багытталган. Ошондой эле долбоор өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тутумунун үстүндө иштеп жатат, ал эми жакында, кошумча гранттын алкагында, өз ишмердүүлүгүн COVID-19 жаңы пандемиясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү үчүн адаптациялаган.  

Киришүү маалыматы:

АИЖВ жана КУ эпидемиялары Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун курч көйгөйү бойдон калууда. 2013-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанда АИЖВга чалдыккандардын саны эки эсеге көбөйгөн (2019-жылы 9135). АИЖВ эпидемиясы өлкөдөгү калктын негизги топторунун арасында топтолууну улантып, ошону менен бирге оору аялдардын арасында көбөйүп жатат. Катталган учурлардын 70% жыныстык жол аркылуу жуктуруу менен байланыштуу. Кургак учук боюнча, Кыргызстан дарыга туруктуу кургак учуктун оорчулугу жогору болгон 30 өлкөнүн катарына кирет, анда жаңы катталган учурлардын болжол менен 29% жана мурун дарыланган учурлардын 68% дарыга туруктуу (ДССУнун маалыматтары боюнча). Бул көйгөйлөр COVID-19 пандемиясы учурунда мурдагыдан да актуалдуу болуп, илимпоздордун айтымында дүйнө жүзү боюнча кургак учук жана АИЖВ программаларына терс таасирин тийгизет.

БУУ тарабынан коюлган туруктуу өнүгүүнүн 3-максаты – бардык курактагы адамдар үчүн сергек жашоо образын камсыздап, алардын жыргалчылыгына өбөлгө түзүү, анын ичинде 2030-жылга чейин СПИД жана кургак учук эпидемиясын токтотуу. Ушул максатта БУУӨП 2011-жылдан бери Кыргыз Республикасында ГФСТМ гранттарын натыйжалуу ишке ашырып келет.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

АИЖВ: долбоордун алкагында, АИЖВди жуктурган адамдар үчүн сапаттуу дары-дармектер. Долбоор калктын негизги топторундагы АИЖВ-инфекциясын алдын алуу боюнча 17 ӨЭУ жана 2 мамлекеттик медициналык уюмдар менен иштешет (эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер, секс кызматкерлери, баңги затын колдонгон адамдар, АИЖВ менен жашаган адамдар жана алардын өнөктөштөрү, туткундар). Активдүүлүк өзүнө консультациялык жана психологиялык колдоо көрсөтүү, жамааттар арасында АИЖВге акысыз жана үзгүлтүксүз экспресс тестирлөө жүргүзүүнү, алдын алуу материалдары (презервативдер, шприцтер), метадон терапиясы жана аялуу катмарлар үчүн борборлор менен камсыздоону; жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү; адвокацияны, укук коргоону жайылтууну, стигманы жана басмырлоону азайтууну камтыйт.

КУ: Долбоордун алкагында көп ДТ-КУ / кеңири ДТ-КУ (көп дарыларга туруктуу же кеңири дарыларга туруктуу кургак учук) дарылоо үчүн сапаттуу дары-дармектер сатып алынат, бул саламаттык сактоо тутумуна Кыргызстандагы бардык бейтаптарга акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк берет. БУУӨП дары-дармектерди өз убагында тапшырууну жана жеткирүүнү, аларды коопсуз сактоону жана бөлүштүрүүнү камсыз кылат. Долбоор, ошондой эле, көп ДТ / кеңири ДТ кургак учугун дарылоодо бейтаптарга жардам берүү үчүн кейс-менеджерлерин колдоп, ошону менен дарыланууну токтоткон бейтаптардын санын кыскартат, кургак учук менен ооругандарга мотивациялык төлөмдөрдү аткарат жана видеокөзөмөлдөгөн дарылоо сыяктуу альтернативдүү дарылоо ыкмаларын жайылтат. Долбоор компьютердик томография (КТ) жана контакттык көзөмөлдөө сыяктуу иш-чараларды колдоо менен кургак учукту, анын ичинде балдардагы кургак учукту эрте аныктоого багытталган. Мындан тышкары, долбоор, мыкты жыйынтыктарга кепилдик беруү үчүн, бүткүл өлкө боюнча лабораторияларды жана кургак учукту аныктоону жана дарылоону өз убагында көзөмөлдөө үчүн какырыкты жана кургак учукка каршы дары-дармектерди ташуу тутумун колдоого алат. АИЖВ боюнча компонент сыяктуу эле, программа кургак учук, мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, стигманы азайтуу жана бейтаптардын укуктарын коргоо жаатында адвокациялык киш-чараларды колдойт.

Covid-19: долбоор Covid-19 пандемиясына тез адаптацияланып, саламаттыкты сактоо тутуму үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алып, өнөктөштөрүнө бул контекстте АИЖВга жана КУга жооп катары өз чараларын адаптациялоого жардам берген. Программа КУгажана АИЖВга каршы күрөшүү боюнча кызматтардынарасында тобокелдикти азайтууну улантып, аларга өз ишин улантууга жардам берет.

Күтүлгөн жыйынтыктар:

АИЖВ жана КУ боюнча программалардын жалпы максаттары төмөндөгүлөрдү камтыйт:

(а) 2030-жылы Кыргызстанда эпидемияны жок кылууга карай жолдогу этап катары, 2015-жылга салыштырмалуу, 2023-жылы АИЖВ эпидемиясынын таасирин оору жана өлүм санын 50%га төмөндөтүүнүн эсебинен АИЖВ эпидемиясынын таасирин минимумга түшүрүү;

(б) 2023-жылы кургак учуктун дарыга туруктуу формаларын дарылоонун көрсөткүчтөрүн 75%га чейин жогорулатуу.

Программанын милдети төмөндөгүлөрдү камтыйт:

а) 2015-жылга салыштырмалуу, 2023-жылы АИЖВ инфекциясынын жаңы учурларынын санын, өзгөчө калктын негизги топторунун («КНТ») арасында, 70%га кыскартуу;

(б) АИЖВ менен жашаган адамдардын (ВЖА) 90% өздөрүнүн АИЖВ-статусу жөнүндө билүүсүн камсыздоо;

(c) ВЖАнын 90%ын антиретровирустуу дарылоого («АРТ») алып, 2023-жылы АРТ алып жаткан адамдардын 90%да вирустук жүктөмдү төмөндөтүүгө жетишүү;

(d) АИЖВнын энеден балага өтүүсүн 2%дан төмөн азайтуу, бул өз учурунда анын жок болушуна алып келет;  

(e) АИЖВ, КНТ жана ВЖА менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик уюмдарда стигманын жана дискриминациянын деңгээлин төмөндөтүү;

(f) ВЖАны жана КНТны дискриминациялоочу мыйзамдардын, башка нормативдик актылардын жана практикалардын санын жок кылуу;

(g) 2023-жылы АИЖВга жооп катары чараларды АИЖВнын алдын алуу жана аны дарылоо программаларын мамлекеттик каржылоонун үлүшүн акырындык менен көбөйтүү аркылуу координациялоону жана туруктуу каржылоону камсыздоо;

(h) КУнун бардык формаларын, анын ичинде көп ДТ-КУну жана кеңири дарыга туруктуу КУну (кеңири ДТ-КУ) өз убагында жана сапаттуу диагноздоого жана дарылоого жалпы жеткиликти камсыздоо.

Статусу: Активдүү

Башталган күнү: 2021-жылдын1-январы.

Аяктоосунун болжолдуу күнү: 2023-жылдын 31-декабры.

Географиялык көлөмү: Кыргыз Республикасы

Предметтик тармагы: Ден-соолук

Долбоордун координатору: Итана Лабович

Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги, Респсубликалык СПИД борбору, Улуттук фтизиатрия борбору, Республикалык наркология борбору, ӨЭУ, Аймактык СПИД борборлору жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча борборлору.

Каржылоо булагы: СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд.

Бюджет

Жалпы бюджет: 27 452 200 доллар

2021-жыл - 7 300 129 АКШ доллары

2022-жыл - 10 039 018 АКШ доллары

2023-жыл - 10 113 053 АКШ доллары