Кыргызстанды COVID-19 кризисинен кийин туруктуу калыбына келтирүү боюнча Өнөктөштөр форумунун

Контекст:

2020-жыл Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга (ТӨМ) жетүү боюнча иш-аракеттердин он жылдыгынын башталышы катары белгиленгени менен, COVID-19 пандемиясы дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, коом менен экономикага катуу таасир этүү менен биздин муунубузду эң олуттуу социалдык-экономикалык шок абалына дуушар кылды.  

Пандемиядан жабыркаган көпчүлүк өлкөлөрдө бул кризис жакырчылык менен теңсиздикти күчөтөт, жакырчылык менен теңсиздикти жоюу боюнча Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогресске кедергисин тийгизет. Натыйжалуу социалдык-экономикалык жооп кайтаруу чаралары көрүлбөсө, адамдардын өмүрүнө жана экономикалык абалына алдыдагы көптөгөн жылдар бою коркунуч туулат.  

Ошондой эле глобалдык экономикалык алсыздануу саламаттыкка тийген таасирдин кесепеттерин көбөйтүп жаткан мезгилде бул кризистин масштабы ушунчалык чоң болгондуктан, өкмөттөрдүн алдында туруктуу прогресске кайтып келүү үчүн жаңы шаймандарды жана ресурстарды табуу милдети турат. Өнүгүүнүн узак мөөнөттүү траекториясы кайта калыбына келгис болуп "талкаланды" жана мындан ары ал өлкөлөрдүн азыркы тапта жасай турган тандоосу жана аларга көрсөтүлүп жаткан колдоо менен аныктала турган болот.

Бул чындап эле "өнүгүү жаатындагы өзгөчө кырдаал" болуп саналат, ошондуктан мындай кризиске жооп кайтаруу өлкөлөрдүн болочок умтулууларына негиздениши керек болот.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, COVID-19 вирусу туруктуу өзгөчөлүккө айланышы мүмкүн жана биз илдетти жугузуп алуу тобокелдиги менен жашоону үйрөнүшүбүз керек. Демек, карантин менен обочолонуудан кийин "жаңы реалдуулук" жаралбай эле социалдык аралыкты сактоо зарылдык катары болуп калабы?

Туруктуу жана калыбына келип жаткан экономика үчүн зарыл болгон түзүмдүк өзгөрүүлөр кандай болушу керек жана Кыргызстандын болочок экономикасы менен коому кандайча өзгөрүшү ыктымал? Ошондой эле бардык кызыкдар болгон тараптар көбүрөөк жабыркагандарга тилектештигин билдирип, биргеликте жакырчылыкты токтотуу үчүн эмнелерди жасай алышат? COVID-19 пандемиясы экономикалык алсыздык, теңсиздик жана экологиялык туруксуздук шартында биздин дүйнөнү аялуу абалга дуушар кылды - биздин жооп кайтаруубуз ушул социалдык түзүмдү бекемдөө жана өнүгүүнүн жаңы, жашыл траекториясына кадам таштоо үчүн мүмкүнчүлүк катары боло алабы?

 

COVID-19 кризисинен кийинки туруктуу калыбына келтирүү боюнча Өнөктөштөрдүн форуму:

Азыркы тапта глобалдык максаттарды (ТӨМ) иштеп чыгуу үчүн дүйнөлүк коомчулукту бириктирүүчү тилектештик сезими болуп көрбөгөндөй зарыл болуп турат. Кыргыз Республикасын колдоо, ошондой эле COVID-19 илдетинен улам жаралган кризистин терс кесепеттерин азайтуу жана азыркыдан стабилдүү, туруктуу келечекти белгилөө үчүн COVID-19 кризисинен кийинки калыбына келтирүү боюнча онлайн Форум өткөрүлмөкчү. Ал өлкөнүн өнүгүүсүнүн болочок траекториясы жөнүндө ачык жана конструктивдүү диалог үчүн коопсуз мейкиндикти түзүүгө багытталмакчы.

Бул эки күндүк сессия учурунда COVID-19 кризисинен чыгуунун көйгөйлөрү менен жолдору, ошондой эле Кыргызстан коомунун каалоо-тилектери менен келечекке болгон умтулуулары жөнүндө коомдун жамааттык көз карашын топтоп, калыптандырууга жардам берүү максатында өкмөттүн, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн ой-пикирлери топтолот.

Форум бүгүнкү күндө ар кандай катышуучулар тарабынан COVID-19 кризисине жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү максатында аткарылган түрдүү иштердин жыйынтыгын чыгарып, кризисти ой жүгүртүп, креативдүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мүмкүнчүлүк катары аңдап-түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт.

Талкуунун максаты - келечектин болжолдуу картасын түзүүгө, Кыргызстан үчүн жашыл экономика, санариптик жана креативдүү кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле экологиялык жактан туруктуу өндүрүш сыяктуу тармактарда туруктуу экономикалык чөйрөлөрдү түзүүгө аракет кылуу болуп саналат. Дүйнөлүк, аймактык жана улуттук алдыңкы эксперттер форумдун катышуучуларын COVID-19 илдетинен кийинки келечек жөнүндө ой жүгүртүүгө жана жагдайды кайрадан аңдап-түшүнүүгө шыктандырмакчы.

Форумдун сессиясынын натыйжалары маалымдоо жана өкмөттүн, жеке сектордун жана башка кызыкдар тараптардын кыска, орто жана узак мөөнөттүү иш-аракеттерине шык-дем берүү максатында расмий эмес окуу документине киргизилмекчи.

Уюштуруу:

Онлайн Форум БУУӨП жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте жана Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ), Улуу Британиянын Эл аралык Өнүгүү Министрлигинин Өкүлчүлүгү, Сорос Фонду жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өнөктөштүктө уюштурулган. Форумга коомдун бардык катмарынан кызыкдар болгон тараптардын кеңири чөйрөсү, ошондой эле бизнес ассоциациялар, жарандык коом жана башка эксперттик түйүндөр ​​чакырылган.

Форум үч күнгө бөлүштүрүлгөн жана ар бири бир күнгө созулуучу эки сессиядан турат (диалог үчүн бир күн, ой жүгүртүү жана идеяларды чагылдыруу үчүн бир күн, жалпылоо жана жыйынтыктоо үчүн бир күн). Форум толугу менен онлайн режиминде өтөт, түз эфирде көрсөтүлөт жана онлайн режиминде катышуучулар үчүн бир эле учурда кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылат.

Киришүү пленардык сессиясында күн тартиби аныкталат жана ага “Кризистин Кыргызстанга тийгизген социалдык-экономикалык таасирин баалоо” отчетунун негизги аналитикалык презентациялары, ошондой эле башка фактыларга негизделген ресурстар камтылат. Эксперттер, өкмөт, жарандык коом, илимий чөйрө, инноваторлор, жеке сектор жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр катыша турган кийинки панелдик сессиялар тематикалык талкууларды жүргүзүп, сунуштамалардын үстүндө иштей турган болушат.

Панелдик сессияларга учурдагы жагдай жана божомолдор жөнүндө кыскача презентациялар камтылат, болочок идеялар, инновациялар жана умтулуулар жөнүндөгү куратордук дискуссиялар колдоого алынат, ошондой эле аларга кантип жетүү керектиги туурасында «биргелешип акыл калчоо» («мозговой штурм») өткөрүлөт.  

Мындай ыкма учурдагы абалды жакшыраак түшүнүүгө жана келечектүү чечимдер жөнүндө дискуссияларды уюштурууга мүмкүндүк берет.

Форум COVID-19 кризисинен кийинки калыбына келтирүүнүн социалдык-экономикалык аспектилерине арналганына карабастан, иш-чара учурунда саламаттык, туруктуулук жана ар кыл социалдык жана гендердик таасир этүү сыяктуу маселелер да талкууланмакчы.

Өткөрүү убактысы: Форумду 2020-жылдын 6-8 июлунда өткөрүү пландалууда. Күн тартиби менен танышыб регисстрация кылыңыз.