Убакыт Өтүп Жатат, Куну Жок Кылуу Мезгили Келди

2021-ж., 26-March

SБУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айымдын Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата билдирүүсү, 24-март 2021-жыл

24-мартта дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленет – бул бардык өлкөлөр кургак учукту жок кылып, ар бир муктаж болгон бейтап үчүн кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүгө жеткиликти камсыздоону жактоочулугун тастыктай ала турган күн. Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү Кыргызстанда КОВИД-19дун биринчи учурлары аныкталган күндөн тарта туура бир жыл өткөндөн кийин белгиленип жатат. КОВИД-19 жашоонун көпчүлүк аспекттерин өзгөртүп, КОВИД-19 вирусунун алдында салыштырмалуу алсыз болгон, кургак учук менен жашаган адамдарга да өзгөчө таасирин тийгизди.

Бир жыл мурун окумуштуулар КОВИД-19 пандемиясынын кургак учукка каршы күрөшүү боюнча программаларга потенциалдуу катастрофалык таасиринин болушу жөнүндө эскертишкен. Кыргызстанда 2020-жылы кайра калыбына келгендердин натыйжасында эмес, кургак учукка каршы дарылоого кошулуп, кургак учук менен жашаган адамдардын санынын азайышынын натыйжасында, кургак учуктун диагноздолгон учурларынын санынын дээрлик 30%га азайышы көзгө көрүнгөн жана драмалык кесепеттердин бири болду. Көпчүлүк бейтаптар медициналык жардамга кайрылууга көңүлдөнбөй же кыймылга болгон чектөөлөрдөн, жалган маалымдалуудан, КОВИД-19 алдындагы коркунучтан жана финансылык алсыздыктан улам кайрыла алышкан жок. Медицина кызматкерлерге жана пандемияга каршы күрөшүүгө түздөн түз катышкан мекемелерге артылган жүктүн оорлошу көйгөйдү дагы да күчөттү. Кеч диагноздоо, дарылоону кеч баштоо КУнун андан ары таралышына, катуу оору учурларынын көбөйүшүнө жана өлүмдүн санынын өсүшүнө алып келээри баарыбызга жакшы белгилүү.

Ошентсе да, 2020-жылы КУну дарылоодо мыкты ийгиликтер да белгиленди. Жагдайдын начарлашына жана КОВИД-19дун айынан саламаттыкты сактоо тутумуна келтирилген жолтоолорго карабастан, тутум БУУӨПтүн колдоосу менен мыкты натыйжаларга жетишти. Атап айтканда, 2020-жылы Кургак учукка каршу күрөшүү боюнча улуттук программанын алкагында, дарыны кабылдоого текшерилген дарыга туруктуу кургак учук формалары менен ооруган бейтаптардын 77% диагноздоо жана аларга мониторинг жүргүзүү сапаты жакшыртылган, жана бул 2019-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 17%га жогорураак. БУУӨП / ГФнын долбоорунун алкагында каржыланган какырык ташуу бир кыйла узак өзгөчө абал учурунда бир аптага гана токтотулган. БУУӨП командасы тарабынан мониторингдик жана координациялык колдоо, жана ошондой эле тынымсыз техникалык жана дараметти өнүктүрүү жаатындагы колдоо COVID-19дун кургак учукка каршы программаларга тийгизген таасирин минимумга түшүрүүгө жана пандемия шарттарында татыктуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү сактоого чоң өбөлгө түздү.

Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Улуттук фтизиатрия борборунун кызматкерлерине, алардын кургак учук эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча тынымсыз аракеттери жана туруктуу өнүгүү жаатында 3-Максатка жетишүүнү алдыга жылдыруусу үчүн, ыраазычылык билдиребиз. Бул жылы биз, мурдагыдан өзгөчөлөнүп, өз тобокелдигинен чочулабастан, бейтаптарга жардам берүү үчүн, аракетин толугу менен жумшоону улантып жаткан ар бир медицина кызматкеринин ишин белгилейбиз. Биз КОВИД-19ду да, кургак учукту да өз убагында диагноздоону камсыздоо үчүн, күнү-түнү, кээде бир нече апталар жана айлар бою үй-бүлөлөрүнө кайтып барбай иштеген Улуттук референс-лабораториянын кызматкерлеринин эмгегин белгилеп кетмекчибиз.

СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд ийкемдүү колдоону жана чоң кошумча каржылоону сунуштап, БУУӨПкө Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тутумун жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча кызматын колдоого көмөк көрсөттү. Ошондой эле мен, биздин АИЖВ жана кургак учук боюнча БУУӨП командабызга глобалдык тартыштыкка, камылгалардын жетишсиздигине, чек аралардын жабылышына жана көптөгөн башка оор логистикалык көйгөйлөргө карабастан, кызматтык милдеттеринин чегинен чыгып, кургак учук жана АИЖВ боюнча программаларды колдоо үчүн, маанилүү дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды өз убагында жеткирип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү «Убакыт өтүп жатат» деп аталган ураандын алдында өтүп жатат. Ири глобалдык аракеттерге карабастан, кургак учук өлүмгө алып келген эң ири жугуштуу оору болуп турат жана биздин биргеликтүү көңүл буруубузга, инвестицияларыбызга жана аракеттерибизге муктаж. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн, биз анын белгилери пайда болгондо эле, жардамга кайрылгандардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кызыктыруубуз керек. КОВИД-19дан коргогон чаралар, кургак учукту жуктуруп алуудан да коргойт: беткап тагынып, колуңуздарды тез-тез жууп, аралыкты сактаңыздар.

Бул оору менен жашап жаткан айланадагы адамдарга сүйүү, колдоо көрсөтүп, аларга камкор болуу да абдан маанилүү. Оорулууларды стигмалоону баарыбыз биргеликте жоготушубуз керек; келгиле, аларга жардам берип, алардын жүгүн өзүбүзгө алууга сөз берели. Биргеликте биз кургак учукка каршы күрөшүп, бул ооруну жок кылуу максатыбызга жете алабыз. Келгиле, өмүрлөрдү сактап калып, баарыбыз үчүн саламат дүйнө куруу үчүн биргеликте иштейли!