БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айымдын сүйлөгөн сөзү Эл аралык бизнес форум "Кыргыз-Өзбек ишкер аялдардын диалогу"

2021-ж., 22-September

БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айымдын сүйлөгөн сөзү

Эл аралык бизнес форум

"Кыргыз-Өзбек ишкер аялдардын диалогу"

Танзила Нарбаева айым, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Төрайымы;

Аида Касымалиева айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице -спикери;

Урматтуу депутаттар, урматтуу коноктор, айымдар жана мырзалар

Бүгүн таланттуу аял лидерлердин мыкты тобун бириктирген бул маанилүү окуяга бул жерде сиздер менен бирге болуу мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч. Мен бул иш-чаранын уюштуруучуларына өз убагында демилге жана аны ишке ашырууда лидерлик кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

2015 -жылы дүйнөнүн бардык өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн жана БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган 2030 -жылга чейинки Туруктуу Өнүгүү Күн тартиби, чынында эле, инклюзивдүү, тынчтыкта, туруктуу жана ийкемдүү боло турган дүйнөнү түзүүгө чакырат. Аялдар менен эркектердин теңчилиги реалдуу болбогон дүйнөнү элестетүү кыйын.

 Глобалдашкан дүйнөнү, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы тынчтык жана конструктивдүү кызматташтыгын, жана соода үчүн регионалдык платформаны кабыл албастан элестетүү кыйын.

Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын ортосундагы бекем жана жемиштүү кызматташтыктын пайдубалын түптөйт жана келечекте ушул сыяктуу демилгелер региондун башка өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрөт деп ишенем.

Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсү бири-бирин толуктап турган процесстер. Бир жагынан алганда, экономикада аялдардын ролун жана салымын баалабай коюуга болбойт. Аялдардын бирдей катышуусу жана лидерлиги – бул бир гана укуктар маселеси эмес, бул бизнес үчүн абдан маанилүү.

Биз изилдөөлөрдөн билебиз, корпоративдик башкаруу орундарында аялдар жакшы көрсөтүлгөн ишканалар туруктуу жана кирешелүү болушат. Аялдар иштеп, экономикага өз салымын кошкондо, өлкөлөрдүн өндүрүмдүүлүгү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырат, бул өз кезегинде экономикалык өнүгүүгө жана жакырчылыкты кыскартууга өбөлгө түзөт. МакКинзинин отчетунда аялдардын дүйнөлүк экономикага бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү 2025-жылга карата ИДПнын өсүшүнө 28 триллион доллар кошушу мүмкүн деп эсептелген.

Экономикада аялдардын зор ролуна карабастан, аялдар негизинен дүйнөлүк соодада четте калышты. COVID 19 пандемиясына чейин эле, көптөгөн айымдар глобалдык экономикага олуттуу катышуу жана соода сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн, санариптик сооданын жана глобалдык нарк чынжырларынын пайдасын алуу үчүн күрөшүп келишкен. Пандемия бул жаатта аялдар туш болгон көптөгөн кыйынчылыктарды ого бетер күчөттү жана алардын алсыздыгын ачыкка чыгарды. Үйдөгү үй-бүлөлүк кам көрүү жумушунун оордугунан тышкары, COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык оордугу жана анын туруктуу кесепети пропорционалдуу эмес түрдө аялдардын мойнуна түштү.  

Бул көрүнүштүн бир нече кошумча себептери бар, алардын үчөөсүн айтып кетем. Биринчиден, аялдар вирустун жайылышынан өтө жабыр тарткан секторлордо көп эмгектенишет, бул коомдук тамактануу, чекене соода, туризм жана текстиль секторлору.

Экинчиден, көбүрөөк аялдар расмий эмес жумуштар менен алектенишет жана биз билебиз, расмий эмес сектор пандемиядан пропорционалдуу түрдө жабыр тарткан. Үчүнчүдөн, көптөгөн ишкер аялдар пандемияга чейин эле олуттуу тоскоолдуктарга туш болгон микро же чакан ишканаларга ээлик кылышат же башкарышат, анын ичинде каржылоонун чектелген мүмкүнчүлүгү жана татаал жөнгө салуу чөйрөсүнүн талаптарын аткарууда кыйынчылыктарга кездешет. Кыргызстанда аялдар жетектеген чакан жана орто ишканалардын (72%) үлүшү насыяларын төлөй албастыгын билдиришти. Ал эми эркектер жетектеген чакан жана орто ишканалар (61%) үлүшүн түзөт.  

Ошондой эле, аялдар көбүнчө эсепке алынбаган үй ишин аткарышат жана бул пандемия учурунда мектептердин убактылуу жабылышына байланыштуу болуп калды. БУУнун Кыргызстандагы аялдар уюмунун гендердик экспертизасына ылайык карантин учурунда аялдар эркектерге караганда акы төлөнбөгөн жумушка 3,6 эсе, бала багууга эки эсе көп убакыт бөлүшкөн.

Ошондуктан бул форумдун маанилүүлүгү өтө зор. Анткени, бүгүнкү күндө, аймактык кызматташуу өтө маанилүү, өлкөнү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, экономикалык өнүгүүнү кыйла инклюзивдүү жана туруктуу кылуу жана бизнести туруктуу түзүү маселелери турат. 

Бизнестин аймактык кызматташуусу аркылуу биз Фергана өрөөнүндө жана Борбордук Азия регионунда бизнес секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу нарк чынжырларынын пайда болушун жана бизнестин чек аралар аркылуу интеграциясын көрөбүз деп үмүттөнөбүз.

Регионалдык кызматташтыктын өнүгүүсү чек арадагы жамааттардын ортосундагы социалдык биримдигин жана чек ара кызматташтыгын чыңдоого салым кошо алат деп үмүттөнөбүз, бул тынчтыкты жана туруктуулукту өнүктүрүп бейпил келечекке алып келет. Мындай бизнес өзү туруктуулуктун абдан маанилүү факторуна айланышы мүмкүн.  

Бул иш-чара өзүнүн катышуучуларын чогултуп, жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө, өз ара пайдалуу ишкердик мамилелерди түзүүгө жана күчтүү, узак мөөнөттүү өнөктөштүккө аянтча берет деп үмүттөнөм.  

Чоң рахмат. Катта рахмат