Эң аярлууларды коргоңуз – үйдө болуңуз жана гигиенаны сактаңыз

2020-ж., 24-March

Луиз Чемберлен - БУУӨП Кыргызстандын Туруктуу өкүлү. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлендин Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүндөгү сөзү, 24-март, 2020-жыл

Ар жылдын 24-мартында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленип келет. 2011-жылдан бери БУУӨП Глобалдык фонддун грантын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанга кургак учук жана АИВге каршы күрөшүүдө ийгиликтүү жардам берип келет. Гранттын алкагында ар жылы 1200 дөн ашуун пациентке дары сатып алынып, Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программа жана Саламаттык сактоо министрлигине жардам көрсөтүлүп келет. Биз дарылардын мыкты сапатта болуп, коопсуз шарттарда алып келинип жана сакталуусуна кам көрөбүз. Дарылардын тартыштыгынын алдын-алабыз жана ар бир пациент менен иштейбиз. Жакшыртылган диагностика, мыкты дарылоо, ар бир адамга жекече мамиле жана колдоо, жана ошондой эле окутулган дарыгерлер жана бекемделген саламаттык сактоо системасы жүздөгөн адамдын өмүрүн сактоого жардам берди. Мындан тышкары биз 1000 ден ашуун дарыгерди окутууудан өткөрүп, алардын кургак учук менен ооруган адамдарга жана алардын жакындарына колдоо көрсөтүүсүн камсыз кылдык.

Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнү уланып келе жаткан глобалдык пандемиянын коштоосунда болууда. Бул пандемия өлкө ичиндеги оорукана жана дарыгерлерге оор түйшүк болуп жаткандыгы айкын. Буга кошумча, пандемия калктын аярлуу топторуна, өзгөчө улгайган адамдар жана кургак учук сыяктуу ооруулары бар адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.

Учурда саламаттык сактоо системасын бекемдөө жана аярлуу топторду коргоо болуп көрбөгөндөй мааниге ээ. Кургак учуктан жабыркаган адамдарда коронавирустун катаал формасы күтүлөт, андыктан, биз аларды коргоо үчүн колубуздан келгенди жасашыбыз керек.

Айрым адамдарда COVID-19 вирусунун симптому жеңил түрдө байкалса, айрымдарда байкалбай өтүп кетиши да мүмкүн. Бирок, бул адамдар башкаларга вирусту жуктуруп, аларда коронавирустун катаал формасы өөрчүп кетүүсү ыктымал. Андыктан, сиз үйдө болуу менен бирге коронавирустун кыскаруусуна салым кошуп, адам өмүрлөрүн сактап каласыз. Биз адамдардын бир убакта ооруп калбашы, дарыгерлердин, ооруканадагы орундардын жана желдеткич аспаптардын баарына жетиштүү болгонун камсыз кылышыбыз керек. Буга кошумча, дарыгерлердин башка дарттан, мисалы, кургак учуктан жапа чеккен пациенттерге убактысы жетиштүү болгонун камсыздоо зарыл.

Пандемия учурунда балким сизди коопсуздук себебинен кургак учук менен ооруган жакын адамыңызга киргизбей коюшу мүмкүн, бирок сиз аларга чалып жана жазып, аларга жылмаюу тартууласаңыз болот. Кургак учуктан жабыркаган кошуна же досуңуз болсо, алардын ордуна дүкөнгө барып келип, өз жардамыңызды берсеңиз болот.

Өзүңүздү жана жакындарды коргоонун эң маанилүү эрежелери

Гигиена: Колду түрдө самындап, 20 секунддан кем эмес убакыт ичинде такай жууп туруу керек. Суу жок болсо, курамында спирт барт антисептикти пайдаланыңыз.

Дем алуу этикети: Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө башты чыканакка багыттоо керек же болбосо нымдалган салфетка колдонуу зарыл (салфетканы колдонуудан кийин ыргытып, колду жууш керек).

Социалдык дистанция: Башкалардан 1 метрден кем эмес алыстыкта болуңуз. Үйдө болуу менен сиз өмүрлөрдү сактап каласыз. Суук тийүү же сасык тумоонун жеңил симптомдору болсо да, үйдө болуңуз.