ПРООНдун Администраторунун 2019-жылкы Эл аралык жакырчылыкты жоюу күнүнө карата кабарламасы

2019-ж., 17-October

ПРООНдун Администратору Ахим Штайнер

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 17-октябрь күнүн Эл аралык жакырчылыкты жоюу күнү деп жарыялаганына быйыл 27 жыл болду. Эми болсо жакырчылыкты жоюу максатында жасалган чоң кадамдар жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт келди деп айтсам жаңылышпайм. Белгилей кетсем, дүйнөдөгү жакырчылыктын деңгээли бир топ азайды; 1990-жылы жакырчылыктын чегинде жашагандардын саны 36% болсо, 2018-жылы бул сан 8,6% га кыскартылды жана дүйнө жүзүндө жашаган адамдардын көбүнүн эконимикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейди.

Бирок, акыркы 30 жыл ичинде 1 миллиарддан ашуун калктын арасында жакырчылык деңгээлинин кескин азайганына карабастан,  дагы да 700 миллионго чукул адам бир күндө $ 1,90 АКШ долларына (133 сом) жашап келет.

Мындан тышкары жакырчылыктын эл аралык аныктамасы адамдардын бир эле учурда кедейликтин бир нече аспектилерин баштан өткөрүшкөндүгүн камтыбайт. Көп деңгээлдүү жакырчылык индекси (КЖИ) жакырчылыктын адамдардын күнүмдүк жашоосуна болгон таасирин өлчөйт. Мисалы, КЖИ көрсөткүчтөрү үй-чарбасында ичүүчү суу, санитария жана электр энергиясынын болуп-болбогонун, же болбосо үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим деңгээлин эске алат. Бул көрсөткүчтөргө таянсак, дүйнө жүзү боюнча 1,3 миллиард адамдын көп деңгээлдүү жакырчылыкка дуушар болгонун түшүнөбүз. Ошондой эле КЖИ жакыр өлкөлөр, аймактар жана үй-чарбасынан тышкары жерлерде да кедей адамдардын бар экенин баса белгилейт.

КЖИнин натыйжалары жаш балдардын улууларга караганда жакырчылыкка көп дуушар болгонун көрсөтүп, аларга КЖИнин 10 көрсөткүчүнүн жеткиликтүү эместигин айтат. Бул тизме - таза ичүүчү суу, санитария, жетиштүү тамак-аш жана/ же баштапкы билим сыяктуу негизги керектөөлөрдөн турат. Мындан тышкары, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү бала ар кайсы аспекттер боюнча жакыр болуп саналат. Салыштырсак, бул жагдай улуу кишилер арасында ар бир алтынчы адамды түзөт. Бул көрүнүш көп деңгээлдүү жакырчылыкта жашаган калктын дээрлик жарымы - 663 миллион адамдын жаш балдар экендигин билдирет, ​ал эми алардын эң кичүүлөрүнө кедейликтин эң оор жүгү туш келет.

Демек, Эл аралык жакырчылыкты жоюу боюнча күндүн темасы бул жылы актуалдуу, анткени, анын алкагында «Жакырчылыкка каршы күрөшүүдө балдардын жана кыздардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жана жамааттарынын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн биргелешкен иш-аракеттерине" көңүл бурулууда. Бул саясат жүргүзүүдө жана жаш балдар арасындагы жакырчылыктын алдын-алуу стратегияларында муундар ​​арасындагы жакырчылык айлампасын чечүү үчүн үй-бүлө жана жамааттардын иш-аракет борборлору катары каралышы керек дегенди билдирет.

Мындан тышкары, балдардын адамдык укугун коргоо жана ошондой эле аларды кыянаттык менен колдонуунун жана зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо эң негизги факторлордун бири болуп саналат. Бул жагынан алганда, 2019-жылы Бала укуктарын коргоо жөнүндө конвенциянын 30-жылдыгы белгиленет – бул документ ар бир баланын жарандык, саясий, экономикалык, коомдук жана маданий укуктарын коргоочу келишим болуп, алардын расасы, жынысы, дини же майыптыгына карабастан ар бирине тиешелүү.

Бүгүн мен ЮНИСЕФтин балдардын өмүрүн сактап калууда, алардын укуктарын коргоо жана бала чактан баштап өспүрүм куракка чейинки балдардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жардам берүү боюнча жасаган маанилүү ишин жогору баалап кетким келет. Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) 2030-жылга карата жакырчылыктын бардык түрлөрүн жана көрүнүштөрүн жоюу боюнча иш-аракеттеринде ЮНИСЕФтин жакын өнөктөшү болуп кала бермекчи.