Балдар арасындагы «Ак илбирс» хоккей мелдеши

2019-ж., 22-October

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлейндин сөзү

Хоккей федерациясынын президенти, Анвар Оморканов мырза,

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Шерипов мырза,

Кыргыз Республикасынын Жаштар, физикалык тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев мырза,

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Баарыңыздарга кутман күн! Мен ушул жерде сиздерди Бириккен улуттар уюмунунун Өнүктүрүү программасынын атынан жолуктурганыма абдан кубанычтамын!

Биз бүгүн бул жерде алгачкы «Ак илбирс» деп аталган хоккей таймашында спортту даңазалоо үчүн жолугуп олтурабыз. Сиздер билгениңиздердей спорт ден-соолукка пайдалуу болуп, ар кыл адамдарды бириктирет жана тынчтыкты алга сүрөйт. Мен өзүм дагы хоккейди сүйгөн өлкөдөн - Швециядан болом жана бул себептен да кубанычым чексиз болуп турам.

Ак илбирсти бул оюндун символу кылуу менен БУУӨП жана мамлекет аймакты суу ресурстары менен камсыз кылууда чоң роль ойногон Кыргызстандын экосистемаларын коргоонун маанилүү болгондугуна көңүл бурмакчы. Сиздер билгендей, ак илбирс спортко тиешелүү бардык сапаттарга ээ: күчтүү, шамдагай жана муз үстүндө кылдаттык менен кыймыл жасоо жөндөмдөрүнө ээ болуп, хоккей оюнчусунун ролуна башка жаныбарларга караганда көбүрөөк төп келет. 

БУУӨП БУУнун өнүктүрүү боюнча негизги уюму болуп эсептелет. Биз адамдарга жана мамлекеттерге туруктуу жашоо курууга жардам беребиз. Биз ак илбирсти – Кыргызстандын био-маданий мурасын билим берүүдө, искусстводо, маданиятта жана спорт чөйрөсүндө сүйүктүү өлкөбүздүн уникалдуу био-түрдүүлүгүн сактап калууга багытталган кабарламабызды жеткирүү үчүн колдонобуз. Сиздер билгендей ак илбирстин жашоосу климат өзгөрүүсү, адам баласынын иш натыйжасы жана башка ушул сыяктуу себептерден улам коркунуч алдында турат. Мындан тышкары башка жаныбарларга дагы коркунуч туулуп, табият жана адамзат үчүн кыйынчылыктарды алып келүүдө.

БУУӨП глобалдуу түрдө бааланган биотүрдүүлүктү жана Тянь-Шандын жер жана токой ресурстарынын экосистемасын адамдар үчүн туруктуу жашоо шарттарын түзүү аркылуу сактап келет. Бул жумуш Глобалдык экология ишканасы (GEF) тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, жана башка ак илбирсти коргогон мамлекеттик жана мамлекеттик эмес өнөктөштөр тарабынан аткарылып келет.

Тоолордун экосистемасын коргоо жергиликтүү калкка токойлорду жана жайыттарды табиятка зыян келтирбей башкаруу аркылуу ак илбирстин санын сактап калууга салым кошот. Мындан тышкары биз Өкмөткө Батыш Тянь-Шандын тоолоруна тиешелүү туура чечимдерди кабыл алууда көмөк көрсөтүп келебиз.

Мындан тышкары биз Казакстанда да ушул суроо үстүндө иш алпарабыз. Ал жердеги ак илбирсти коргогон «Барыс» хоккей тобу менен кийинки жолу чогуу оюн уюштурабыз деп терең ишенебиз!

Мен Хоккей федерациясына да биотүрдүүлүктү жана ак илбирсти коргоо демилгесин колдогону үчүн терең ыраазычылыгымды айтып кетмекчимин. Биз сиздерге тобуңуздун символу катары ак илбирсти тандаганыңыз жана бул үчүн атайын Ак илбирс кубогун уюштурганыңыз үчүн чоң рахмат айтып кетмекчибиз!

Биз хоккей оюнчуларынын Кыргызстандын сыймыгы болгон ак илбирсти жергиликтүү жана эл аралык чемпионаттарда таанытканын жогору баалайбыз. Бул жылы кыргызстандык балдардын хоккей тобу Прагада өткөн European Golden Puck таймашын утуп алды. Мындан да чоң ийгиликтер алдыда: Алгачкы жолу Бишкекте хоккей боюнча эл аралык чемпионаты 2020-жылдын март айында өтмөкчү жана улуттук команда Люксембургда боло турган сыноо туруна катышмакчы. Кийинки жылдын апрель айында жаштар командасы Люксембургда болчу Дүйнөлүк кубокко катышууга даярданып жатат.

Бул чемпионаттарда «Ак илбирсти чогуу сактап калалы!» урааны менен ойной турган спортчуларга ийгилик каалап кеткибиз келет. Мен бул белгини хоккей федерациясына тартуулап, сиздердин ак илбирстин колдоосу менен алдыдагы чемпионаттарда ийгиликке жетишүүңөрдү каалап кетейин.

Биз Ак илбирс таймашынын жаш муундардын айлана-чөйрө тууралуу маалым болуусуна салым кошооруна ишенебиз. Ак илбирсти коргоону үйрөнүү менен Кыргызстан жаштары өлкөнүн кымбат баалуу табигый ресурстарын коргоону үйрөнүшмөкчү.

Сөздүн аягында БУУӨПтүн атынан кызматташтык үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине, Хоккей федерациясына жана башка бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдиремин. Биз биргеликте максатыбызга жетип, ак илбирстин жана башка коркунучта турган жаныбарлардын жашап жана гүлдөшүнө, бул планетанын жана андагы адамдардын ден-соолугунун чың болушуна жетишебиз.

Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, ийгилик жана бакубаттык каалайм. Рахмат! Спасибо!