Кыргызстан жаштарынын үнү «Стокгольм+50» эл аралык конференциясында көрсөтүлөт

2022-ж., 18-May

Кыргызстандагы БУУӨП «Новый Ритм» Коомдук Бирикмеси менен биргеликте «Стокгольм+50» улуттук консультацияларынын алкагында Кыргызстандын 7 облусунда 16 жерде Республика боюнча 717 мектеп окуучуларынын жана студенттердин башын бириктирген «Жаштар Кербенин» өткөрдү.

Кербендин максаты – климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери, гендердик теңчилик тууралуу жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу жана «Стокгольм+50: жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн дени сак планета – биздин жоопкерчилигибиз, биздин мүмкүнчүлүгүбүз» аттуу эл аралык конференциясынын лидерлеринин үч диалогу боюнча жаштар арасында сунуштарды чогултуу болуп саналат. Ал эми 1972-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн Стокгольм конференциясынан  беш он жылдык өткөндөн кийин Швеция Өкмөтү Кения Өкмөтүнүн колдоосу менен Стокгольмдо 2022-жылдын 2 жана 3-июнунда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн жумалыгында өткөрүлөт.

«Стокгольм+50» эл аралык конференциясынын лидерлеринин диалогдору төмөнкү темаларды камтыйт:

Лидерлер диалогу 1: Дени сак планета жана жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн тез арадагы аракеттердин зарылдыгы жөнүндө ой жүгүртүү

Лидерлер диалогу 2: COVID-19 пандемиясынан кийинки туруктуу жана инклюзивдүү калыбына келтирүүгө жетишүү

Лидерлер диалогу 3: Туруктуу өнүгүү үчүн аракеттердин он жылдыгынын контекстинде туруктуу өнүгүүнүн экологиялык өлчөмүн ишке ашырууну тездетүү.

Кыргызстандын «Стокгольм+50» конференциясына даярдыгынын алкагында бүткүл коом жана өкмөт катышкан инклюзивдик диалогго дем берүү максатында, улуттук консультациялардын жүрүшүндө «Стокгольм+50» диалогунун негизги темалары камтылып, ар кандай кызыкдар топтор менен бир катар фокус-группалар өткөрүлдү. Жаштар Кербени аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында жаштар арасында негизги темаларды талкуулоолор жүргүзүлдү. Консультациялардын жыйынтыктары жана улуттук баяндамалар «Стокгольм+50» эл аралык жолугушуусу үчүн глобалдык жыйынды баяндама түрүндө колдонулмакчы.

«Жаштар Кербени – бул Кыргызстандын жаштарын ар кандай социалдык топтордон жана географиялык жайгашуудан, өлкөнүн борборуна эң алыскы чекиттерине чейин, өз билимдерин, ресурстарын бириктирүүгө жана мобилизациялоого, адамдар менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жалпы гүлдөп-өнүгүүгө жана ынтымакка жетишүү боюнча туруктуу жаңы идеяларды жаратууга мүмкүндүк берген уникалдуу чөйрө. Биз глобалдык жылуулук маселеси тез жана прогрессивдүү чечимдерди талап кыларын билебиз жана жаштардын билимге ачыктыгы, жаңы жашыл технологияларды сынап көрүүгө даярдыгы жана достук мамилеси аркасында бул өзгөрүүлөрдүн катализатору экенине ишенебиз», – деди Мадина Салайдинова, «Новый Ритм» Коомдук Бирикмесинин төрайымы.

Жаштар Кербенине катышуу менен жаштар климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык процесстери, дүйнөлүк жана өлкөлүк деңгээлдеги актуалдуу экологиялык көйгөйлөр менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Муну менен катар, катышуучулар ар бир адам айлана-чөйрөнү сактоого кандай салым кошо алаарын бөлүшүп, туруктуу өнүгүү максаттары, жашыл жана күрөң экономиканын негиздери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатышты, ошондой эле «Стокгольм+50» эл аралык конференциясына карата так жана конкреттүү сунуштарын иштеп чыгышты.

«Айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо сиздин же биздин гана көйгөйүбүз эмес. Бул маселени чечүү биригүүнү талап кылат», – деп белгиледи Кочкор районунун Жаштар Кербенинин катышуучусу Мээрим Манасова.

Жаштар Кербенинин катышуучулары экологиялык тарбиялоо боюнча программаларды өлкөнүн окуу жайларына киргизүүнүн, таштандыларды кайра иштетүү системасынын эл аралык стандарттарынын, ошондой эле Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн, мөңгүлөрүн жана өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдү сактоо үчүн жеке жана мамлекеттик ишканалардын экологиялык жоопкерчилиги боюнча атайын жоболорду кабыл алуунун маанилүүлүгүн түшүнө алышты.

Токмок шаарындагы 15 жаштагы эко-активист жана «Жаш Тайм» жаштар демилгесинин мүчөсү Тимур Мамиров, эгер биз мектепке экологиялык билим бербесек, ишембилик сыяктуу иш-чаралар пайдасыз болушу мүмкүн деп эсептейт: «Биз активдүү жаштар катары теңтуштарыбыз  арасында Кыргызстан биздин өлкө жана аны бузбоо жана кийинки муун үчүн сактап калуу үчүн ар бирибиз ар кандай иштерди жасашыбыз керек».

Жаштар Кербенинин уюштуруучулары жаштардын климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык көйгөйүн чечүүгө катышуусу туруктуу өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өнүгүүгө тез жетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенишет.

«Стокгольм+50» эл аралык конференциясы жөнүндө кенениреек маалымат үчүн: https://bit.ly/3rpbUaq.