БУУӨП Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары үчүн багыт берүүчү семинар өткөрүүгө колдоо көрсөттү

2022-ж., 14-May

Бостери, 2022-жылдын 14-майы – Ушул күндөрү Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары үчүн Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурулган багыт берүүчү семинардын экинчи сессиясы өтүүдө. Биринчи сессия 28-апрелден 30-апрелге чейин болуп өткөн. Алгачкы эки семинар 60тай катышуучулардын башын бириктирди. Депутаттар жана парламенттин персоналы үчүн сессияларды эксперттер, БУУнун системасынын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү өткөрүшүүдө.

Иш-чаранын максаты – жаңы шайланып келген депутаттардын Жогорку Кеңештин аппараты менен макулдашылган актуалдуу материалдык жана процессуалдык парламенттик маселелер боюнча көндүмдөрүн жана билимин жогорулатуу, жана ошондой эле ички укуктук системага жана парламенттин ишине байланыштуу негизги эл аралык стандарттарга жана практикага ылайык келтирүү болуп саналат.

ЖК төрагасы Талант Мамытов биринчи сессияда сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, парламентке шайлоо боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынгандан кийин депутаттар аралаш система – партиялык ачык тизме жана бир мандаттуу мажоритардык система боюнча шайлоо округдарынан шайланып келишкенин белгилеп өттү. «Бүгүнкү күндө адаптация мезгили өтүп, Жогорку Кеңештин VII чакырылышы толук кандуу иштеп жатат деп айта алабыз. Бирок, парламенттин персоналдык курамы кыйла жаңыланганын эске алсак, алардын квалификацияларын жана билимдерин жогорулатуу зарылчылыгы келип чыкты», - деди спикер. Төрага БУУӨПтүн жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин атынан катышкан өнөктөштөргө семинарды өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгиликтерди жана жемиштүү иштерди каалап кетти.

Өз кезегинде БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен белгилеп кеткендей, БУУӨП дүйнө жүзү боюнча 60тан ашык улуттук парламентте парламентаризмди бекемдөө боюнча программаларды ишке ашырууда жана алардын өз өлкөлөрүнүн 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүдө Күн тартибине жетишүүдөгү ролун колдойт. «Парламенттин мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө функциялары өлкөлөрдүн 17 Туруктуу өнүктүрүү максатына (ТӨМ) жетүүдөгү прогрессине колдоо көрсөтүү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Биз 19 аял депутаттын шайланып келишин, аял депутаттардын Форумунун ишин, жана ошондой эле урматтуу спикердин өлкөдөгү гендердик теңчиликтин күн тартибин илгерилетүү боюнча башка милдеттенмелерин кубаттайбыз. Учурдан пайдаланып, Аялдардын, балдардын жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кайра түзүлүшүн дагы бир жолу куттуктап өтөм. БУУӨП менен мыкты өнөктөш болгондугу жана күчтүү парламенттик системаны илгерилетүү боюнча көп жылдар бою мыкты кызматташтыкта болгондугу үчүн Жогорку Кеӊештин аппаратына терең ыраазычылык билдирем», - деди Туруктуу өкүл.

Депутат Винера Раимбачаева үч күн ичинде эң орчундуу маселелер көтөрүлгөнүн белгилеп, кызыктуу талкуулар аркылуу өзү үчүн бир нече негизги учурларды эске алганын айтты. «Бул семинардын лекциялары айрыкча жаңы депутаттар үчүн өтө кызыктуу жана пайдалуу болду. Өз ишиңдин натыйжалуулугун кантип жогорулатуу керек, Жогорку Кеңештин ичинде, жарандык коом, ЖМК өкүлдөрү менен кантип өз ара кызматташуу керек, социалдык тармактарда өзүн кандай алып жүрүү керек – ушул жана башка көптөгөн маселелерди эксперттер менен талкуулап, сабак алуу кызыктуу болду. Мындай колдоо көрсөткөнү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем», - деди депутат.

Семинардан тартылган сүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjzNzV6

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

nurzhan.alymkanova@undp.org