Кыргызстан «Стокгольм+50» эл аралык конференциясына даярдык көрө баштады

2022-ж., 19-April

Кыргызстанда «Стокгольм+50» улуттук консультацияларынын расмий ачылышы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен жана Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын көмөгү менен өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү, Швеция Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы элчиси, ошондой эле жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, академиялык чөйрө, бизнес, массалык маалымат каражаттары, эксперттик коомчулук, министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Адамдын айлана-чөйрөсү боюнча БУУнун Конференциясынын Декларациясы 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында кабыл алынган жана эл аралык экологиялык укукту өнүктүрүүгө, адамдар үчүн дени сак айлана-чөйрөнүн маанилүүлүгүн таанууга жана БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасын түзүүгө биринчи кадам болуп калды. 1972-жылдагы Стокгольм конференциясынан беш он жыл өткөндөн кийин, Швеция Өкмөтү Кениянын Өкмөтүнүн колдоосу менен Стокгольмдо 2022-жылдын 2-чи жана 3-чү июнунда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн жумалыгында биздин улуттук консультацияларыбыздын жыйынтыктары жөнөтүлө турган «Стокгольм+50: бардыгынын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дени сак планета – биздин жоопкерчилик, биздин мүмкүнчүлүк» деген темада эл аралык конференциясын өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова өз сөзүндө «Стокгольм+50» эл аралык саммитинин алдындагы иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай деп айтып кетти: «26-Тараптар конференциясында Глазгодо БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптары, Кыргыз Республикасы эң жогорку деңгээлде көрсөтүлгөн, Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп калды жана Кыргыз Республикасынын Президенти ишке ашыруу үчүн БУУнун алдында атайын фонд түзүү менен мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, табигый кырсыктарга даярдуулукту жогорулатууга басым жасоо менен климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча максаттуу программаларды түзүү, тоолуу коомчулуктарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды социалдык-экономикалык жактан колдоону сунуштады. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка кошулуп, туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат, анын маанилүү шарты экономикалык өнүгүү менен айлана-чөйрөнү коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо болуп саналат».

БУУӨП учурдагы өлкөнүн ичинде түзүлгөн программаларды жана түзүлгөн өнөктөштүктөрдү, анын ичинде Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды даярдоо аркылуу (мисалы, БУУӨПдун Климат Күрөөсү демилгесин колдоо аркылуу) жана жаратылышты коргоо, климат, энергетика жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын башка негизги темалары боюнча башка иш-аракеттерди даярдоо аркылуу улуттук консультацияларды өткөрүү үчүн чакырылган.

«Климаттын өзгөрүшү, био-артүрдүүлүктүн жоголушу жана булгануунун үч эселенген кризиси планетабызды кыйратып, чекке жакындатып калды. Бүгүнкү күндө биз жасап жаткан же кылбаган тандоолор мындан аркы үзгүлтүккө алып келиши мүмкүн же болбосо биз күч-аракетибиз менен жашыл жана коопсуз келечекке карай бурулушка алып келишибиз мүмкүн”, – деди Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү.

Стокгольм+50 эл аралык конференциясы төрт пленардык сессияны, лидерлердин үч диалогун жана бардык деңгээлдеги иш-аракеттер үчүн так жана конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жыйынтыктоочу панелди камтыйт. Лидерлик диалогдору туруктуу өнүгүүнүн экологиялык өлчөмүн колдогон сунуштарга басым жасоо менен көп тараптуу кызматташууну жана катышууну камсыз кылуу үчүн түзөт, Туруктуу өнүгүү үчүн аракеттердин жана жетишкендиктердин он жылдыгынын контекстинде милдеттенмелерди ишке ашырууну тездетүү, анын ичинде туруктуу өнүгүү үчүн COVID-пандемиясынан айыгуу. Алар төмөнкү темаларды камтыйт:

Лидерлик диалогу 1: Дени сак планета жана жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн шашылыш аракеттердин зарылдыгы жөнүндө ой жүгүртүү,

Лидерлик диалогу 2: COVID-19 пандемиясынан туруктуу жана инклюзивдүү калыбына келтирүүгө жетишүү,

Лидерлик диалогу 3: Туруктуу өнүгүү үчүн аракеттердин он жылдыгынын контекстинде туруктуу өнүгүүнүн экологиялык өлчөмүн ишке ашырууну тездетүү.

Кыргызстанды Стокгольм+50 конференциясына даярдоонун алкагында бүтүндөй коомчулукту жана өкмөттү камтыган инклюзивдик диалогду стимулдаштыруу максатында, улуттук консультациялар Стокгольм+50 диалогунун негизги темаларын камтыйт жана ар кандай фокус-группалардын сериясын өткөрөт. Кызыкдар топтор, өлкөнүн бардык аймактарында «Жаштар кербенин» ишке киргизүү аркылуу жаштар арасында негизги темаларга талкуулоо жүргүзүлөт. Консультациялар физикалык жана виртуалдык жолугушууларда идеяларды, көз караштарды жана инновациялык ыкмаларды алмашуу үчүн аянтчаларды камсыздайт. Консультациялардын натыйжалары Стокгольм+50 эл аралык жолугушуусуна улуттук эсептерди жана глобалдык синтездик эсеп түрүндө киргизилет, анда негизги жыйынтыктарды, сунуштарды, маалыматтарды, ЖМК чагылдырууну жана УДАС, УАП, NBSAP, жашылдандырууга келтирүү жана өнөр жай стратегиялары сыяктуу улуттук саясаттын негиздерине шилтемелерди түзөт,

Жогоруда белгиленгендей, 1972-жылы Стокгольмдо өткөн БУУнун Адамзаттын айлана-чөйрөсү боюнча конференциясы биринчи эл аралык платформа болуп кызмат өтөгөн, анда курч экологиялык көйгөйлөрдү жана экологиялык маселелерди чечүү үчүн өкмөттүк деңгээлдеги иш-аракеттер программасына чараларды көрүү керектиги жарыяланган. Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү – 5-июнда БУУнун адамдын айлана-чөйрөсү боюнча конференциясынын Декларациясы (Стокгольм декларациясы) жана адамдын айлана-чөйрөсүн коргоо боюнча иш-аракеттер планы кабыл алынган. Конференция адам укуктарын «эркиндикке, теңчиликке жана айлана-чөйрөдөгү адекваттуу жашоо шарттарына» тааныды. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер табигый экосистемалардын бузулушу улана берсе, климаттын туруктуулугу жоголот деп баса белгилешти. 1998-жылы декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы 43/53 резолюциясында климаттын өзгөрүшү адамзаттын жалпы көйгөйү катары каралаарын ачык айткан.

«Стокгольм+50: бардыгынын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дени сак планета – биздин жоопкерчилик, биздин мүмкүнчүлүк» эл аралык жолугушуусу көп тараптуулукту кайра жаратуу жана глобалдык тилектештикти чыңдоо жолундагы маанилүү этап болуп саналат. Эл аралык биримдиктин, өз ара жана көп түрдүүлүктүн зарылдыгын таанууну жана баса белгилөөнү талап кылган чечкиндүү аракеттердин жана катышуунун мезгили келди. Бардык катышуучулар башкалар менен биргеликте глобалдык системада өзүнүн уникалдуу ордун табууга, жаңы идеяларды кабыл алууга жана жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн дени сак планета үчүн жакшы келечек үчүн биргелешкен жоопкерчиликти алууга убакыт келди.

Бардык тиешелүү кызыкдар тараптар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын уюмдары жана органдары, өкмөттөр аралык уюмдар, эл аралык финансылык институттар жана башка кызыкдар эл аралык органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом уюмдары, жергиликтүү элдердин уюмдары, академиялык институттар, академиялык чөйрө, жаштар, жеке сектор жана кайрымдуулук уюмдары глобалдык SparkBlue платформасында эл аралык жолугушуудагы талкууларга даярдоого катышууга чакырылат.

«Стокгольм+50» эл аралык конференциясы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн: https://bit.ly/3rpbUaq

Кыргызстанда «Стокгольм+50» улуттук консультацияларынын расмий ачылышынын биринчи бөлүгүнүн жазуусу төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://youtu.be/5W5V4m3tJlA