БУУӨП Япониянын колдоосу менен 17 өлкөдө адам укуктары жаатындагы стандарттарды бекемдөө менен, бизнес ишин жоопкерчиликтүү жүргүзүү принциптерин илгерилетүүдө.

2022-ж., 7-April

Бишкек, 14-апрель 2022-жыл - Япония өкмөтү каржылаган жаңы долбоордун алкагында БУУӨП 17 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстанда бизнес жаатындагы адам укуктары стандарттарын бекемдөөнүн үстүнөн иш алып барганы жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун Бизнес жана Адам укуктары жаатындагы жетектөөчү принциптеринин аткарылышына түрткү берүү менен, аталган демилге өкмөттөр менен компанияларга өз милдеттерин, ошондой эле мажбурлап иштетүү, жерлерди тартып алуу жана басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө жоопкерчиликтерин жакшыраак түшүнүп, иш алып барганга жардам берет.

Долбоор БУУӨПтүн Туруктуу тынчтык жана өнүгүү (Дүйнөлүк программа) кызыкчылыгында Мыйзамдын улуктугун, Адам Укуктарын, Сот Адилеттигин жана Коопсуздукту камсыз кылган Дүйнөлүк программасы аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы (кыск.англ. UN Human Rights Office, OHCHR), Эларалык эмгек уюму (кыск.англ. International Labour Organization, ILO) жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (кыск.англ. Organisation for Economic Co-operation and Development, OECD) сыяктуу жоопкерчиликтүү бизнес жаатында иш алып барган өнөктөштөрү менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

«Ар бир адамдын жеке ишкерлик жүргүзүү эркиндигинин сакталышы менен бирге, чакан жана орто ишкердикте адам укуктарынын кепилдиктери бекем болуусу Акыйкатчынын контролунда болот», дейт Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири.

Долбоор эки негизги максатты көздөйт. Биринчиден, жагымсыз кесепеттерди баалоо, алдын алуу жана солгундатуу максатында компаниялардын адам укуктарына тийиштүү түрдө кам көрүү ишине багыт берип, жол көрсөтөт. Бул максатка жетүү үчүн БУУӨП япониялык компанияларга жана алардын камсыздоочуларына алардын ишиндеги адам укуктарына байланыштуу коркунучтардын үстүнөн иштөөдө колдоо көрсөтмөкчү. Бул процесстен компаниялар да пайда көрүшөт, себеби таза иштеген ишканалар товарлары менен кызматтарын базарда сунуштаганда көбүрөөк артыкчылыктарга ээ болушат.

Экинчиден, долбоор Кыргызстанда жана 16 өлкөгө бизнес жаатындагы адам укуктарын бузган көрүнүштөргө каршы күрөшүү саясатын иштеп чыгууда колдоо көрсөтмөкчү. БУУӨП өкмөттөр менен кызматташып, көптөгөн компанияларга бизнес ишин жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө түрткү берген бирдей шарттарды түзгөнгө аракет кылат. Долбоор БУУӨПтүн Вьетнамдагы, Ганадагы, Индонезиядагы, Казахстандагы, Кениядагы, Кыргызстандагы, Лаос Элдик Демократиялык Республикасындагы, Мексикадагы, Монголиядагы, Мозамбиктеги, Непалдагы, Пакистандагы, Перудагы, Таиланддагы, Тунистеги, Туркиядагы, Украинадагы өлкөлүк кеңселеринде жүзөгө ашырылмакчы. Япониялык компанияларды даярдап, кеңеш берүү иштери Японияда жүргүзүлөт.

Аталган долбоордун алкагында БУУӨП менен Япония Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) жана 2030-жылга чейинки Күн тартибин жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштешет. БУУӨПдун Бизнес жана Адам укуктары, ошондой эле Адам укуктарына тийиштүү түрдө кам көрүү жаатында топтогон мол тажрыйбасы көрсөткөндөй, кандай гана чоң же чакан ишкана болбосун, бизнес жаатында жагымдуу өзгөрүүлөрдү шарттай алат. Ушул жаатта жер-жерлерде кеңири иш алып барган өнүгүү процессинин катышуучусу катары, БУУӨП компанияларга социалдык акыйкаттык маселелерин чечүүдө, ошондой эле саясатта жана башкаруу ишинде чоң өзгөрүүлөрдү киргизүүдө омоктуу колдоо көрсөтүп келет.

“Бизнес чөйрөлөрү ТӨМ жана Париж Макулдашуусундагы максаттарды орундатууда чоң роль ойношот” дейт Баш катчынын жардамчысы, БУУӨПтүн Кризистик кырдаалдар бюросунун директору Асако Окаи

Бул жаңы долбоордун алкагында БУУӨП менен Япониянын өкмөтү компанияларга адам укуктары жаатындагы стандарттарды сактоого, ошону менен катар өкмөттөргө укуктардын корголуп, бизнес иштеринин жоопкерчиликтүү жүргүзүлүшүнө түрткү берген саясаттар менен мыйзамдарды иштеп чыгууга биргелешип колдоо көрсөтүшмөкчү. Учурдагы кырдаалда, ошондой эле кризистин кесепетинен улам туруксуз шарттарда, COVID-19 пандемиясынан кийин тең шарттарда калыбына келүү иштерине түрткү беришет. Баш катчынын жардамчысы Окаинин айтымында: “Алдыга жылуу үчүн өз ара макулдашылган токтоосуз аракеттер талап кылынат”.

Долбоор БУУӨПдун Туруктуу тынчтык жана өнүгүү (Дүйнөлүк программа) кызыкчылыгында Мыйзамдын улуктугун, Адам Укуктарын, Сот Адилеттигин жана Коопсуздукту камсыз кылган Дүйнөлүк программасы аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы (кыск.англ. UN Human Rights Office, OHCHR), Эларалык эмгек уюму (кыск.англ. International Labour Organization, ILO) жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (кыск.англ. Organisation for Economic Co-operation and Development, OECD) сыяктуу жоопкерчиликтүү бизнес жаатында иш алып барган өнөктөштөрү менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

Бул жаңы демилге БУУӨПдун Бизнес жана Адам укуктары жаатында алып барган туруктуу ишин толуктамакчы. 2016-жылдан бери БУУӨП Бизнес жана Адам укуктары Жетектөөчү Принциптеринин жүзөгө ашырылышына Азия жана Тынч океан чөлкөмүнө басым жасоо менен, Швеция өкмөтүнүн жана Европа Биримдигинин колдоосу менен жардам берип келүүдө.

2020-жылы бул регионалдык программа ишин жайылта баштады. Учурда БУУӨПдун 26 өлкөлүк кеңсеси Европа Биримдигинин, Япония жана Швециянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен, беш чөлкөмдө өкмөттөр, бизнес чөйрөлөрү жана жарандык коомдун уюмдары менен иштешүүдө. БУУӨП Бизнес жана Адам укуктары маселелери жаатында Улуттук иш-аракеттер пландарын иштеп чыгып, жүзөгө ашырууда техникалык колдоо көрсөтүп, компанияларга Адам укуктарына тийиштүү түрдө кам көрүү маселелери боюнча кеп-кеңеш берип, адам укуктары компаниялар тарабынан бузулган жабырлануучуларга юридикалык жардам алууга көмөктөшөт.