#АЛАКАЧУУКЫЛМЫШ “Адамды нике кыюу максатында урдоо” жаңы кодексте жаза кандай?

2022-ж., 7-April

Евробиримдик менен БУУнун “Тендик нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосунда “ала качуу” же “Адамды нике кыюу максатында урдоо” кылмышы жана ага каралган жаза боюнча социалдык тармактарда түшүндүрүү иштери башталды.

Анын негизги максаты - 2021-жылдын 1-декабрында ишке кирген КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка байланыштуу өзгөрүүлөр боюнча коомчулукка маалымат берүү. Кампаниянын алкагында « Адамды нике кыюу максатында урдоо» беренесин түшүндүрүү үчүн маалымат карталары даярдалды.

Кыргызстанда «кыз ала качуу» өнөкөтү дагы деле талылуу маселелердин бири.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталды. Соттун кароосуна 82 иш гана жиберилип, 460 иш кыскартылган.

“Кыз ала качуу” - оор кылмыш. 2021- жылдын 1-декабрында ишке кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча 172- берененин алкагында кылмыш иши козголот. Кыз уурдаган адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат.  Жашы жете элек кызды нике кыю максатында урдаган адамды 10 жылга чейин камоо жазасы киргизилген.

Кылмышка катыштыгы бар жарандар  ушул эле берененин негизинде 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кылмыш-жаза кодексиндеги өзгөрүүгө ылайык, 172- “Адамды нике кыюу максатында урдоо” беренесинде “эркине каршы” деген термин алынган.  “Адамды никеге туруу максатында урдоо” -  оор кылмыш болгондуктан, тосмо арыз кабыл алынбайт.

Өзгөртүлгөн Кылмыш-жаза кодекске ылайык, мындан ары, пробациялык көзөмөл сот тарабынан анча оор эмес жана оор кылмыштар боюнча да белгилениши мүмкүн.

Демек, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча 172- берене да бул органдын көзөмөлүндө.  Маселен, эгер адам беш жылга эркинен ажыратылса, шарттуу түрдө жазасын алууга же камактагы мөөнөтүн кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бир жыл мурун 5-апрелде кыз ала качуунун курмандыгы Айзада Канатбекова болгон. Төрт жыл мурун адам урдоонун дагы бир курмандыгы Бурулай Турдаалы кызы болгон. Аны ала качкан жигит кызды бычактап, өзү да кол салган.

Суроолор боюнча

Айнагул Абдрахмановага кайрылса болот

ainagul.abdrakhmanova@undp.org же +996 770 183493