Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү стресс-менеджментке үйрөнүштү

2022-ж., 26-January

Тренингден скриншот

2022-жылдын 26-январы, Бишкек - Стресстин белгилери – дайыма чарчоо, уйкусуздук, убакыттын жетишсиздиги, көңүлүн топтой албагандык, чечим кабыл ала албагандык, начар же ашыкча аппетит, кыжырдануу, өзүнө канааттанбоо, өзүн сыйлабоо, баш оору, басымдын көтөрүлүшү, нервдик тик, омурткадагы оору. Бул тууралуу психолог Михаил Мунькин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин (МКЮЖны өнүктүрүү боюнча КК) мүчөлөрү үчүн уюштурулган «Стресс-менеджмент» аттуу эки күндүк тренингдин жүрүшүндө айтып берди.

Калкка укуктук жардам көрсөтүүдө өз журүм турумун, абалын башкаруу, стресстик реакциялардын алдын алуу жана нейтралдаштыруу, стресстин терс таасирин жоюу көндүмдөрү маанилүү. Көбүнесе, кайрылган эл өзү стресстик абалда келет, алардын көйгөйлөрүн чечүүдү бул көндүмдөр профессионалдык компетенциялардай эле зарыл. 

Катышуучулар көп учурда кардардын абалына боору ооруп, бирге кайгырып, анын жашоосу менен жашап калышаарын айтышты. Жардам берүүгө, кардардын көйгөйүн чечүүгө, жашоосун өзгөртүүгө же кандайдыр бир чечим кабыл алууга ынандырууга болгон каалоо күч алып, адам чарчап, стресске, андан кийин депрессияга, эмоционалдык чарчоого кабылат.

"Өзүн сактап калуу, кесиптик милдеттерин натыйжалуу жана узак убакытка аткаруу үчүн стрессти башкаруунун ыкмаларын колдонуу керек" дейт Михаил Мункин.

«Бул тренингден мен мурунку билгендеримди системалаштыра алдым. Үйгө жумуш алып келбей, ишти кеңсеген таштоо керек экенин, оор турмуштук кырдаалга туш болгон кардардын жашоосу менен жашоо туура эмес экенин аныктай алдым. Жумушту жеке жашоого аралаштырбоо керек экенин билдим. Кардардын көйгөйүн чечүү жашоонун энергиясын берген туура эмес. Эгерде, ошондой болуп калса, адам кардардын көйгөйүнө байланып, кандайдыр бир жол менен ажырай албай калса, анда психологиялык стрессти түшүрүүгө жардам бере турган ыкмаларды, лайфхактарды колдонуу керек”, - дейт СПИДге каршы ассоциациянын аткаруучу директору Чынара Бакирова.

Ошондой эле, МКЮЖны өнүктүрүү боюнча КК мүчөлөрү үчүн медиация жана маалымат кампаниянын стратегиясы боюнча сессиялар уюштурулду. «Жаңы чечимдер» коомдук фондунун жетекчиси, тренер Алия Калыбаева медиация талаш-тартыштарды чечүүнүн жолу катары, медиациянын инструменттери жана алгоритми тууралуу айтып берди. «Айкын багыт» коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова маалымат компанияларды өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул сессияда Координациялык кеңештин мүчөлөрү эмне үчүн маалыматтык кампанияларды иштеп чыгышы жана тышкы чөйрө менен иштеши керек, маалыматтык кампаниянын стратегиясын кантип аныктоо керек, иллюстраторлор, дизайнерлер менен кантип иштөө керек деген ж.б.у.с. суроолорго жооп алышты.

Тренингди БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМинин «КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосу менен МКЮЖНы өнүктүрүү боюнча КК тарабынан уюштурулду.

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммункациялар боюнча адис nurzhan.alymkanova@undp.org