Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы “Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары” бизнес-форумунда кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөттү

2021-ж., 20-December

13-декабрда Кыргыз Республикасынын Соода-экономикалык өкүлчүлүгү Дубайга барып, анын алкагында кыргыз жана араб ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум болуп өттү. Бизнес-форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык кызматташтык боюнча вице-президенти Засан Аль Хашеми жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Роман Касымов  ачышты.

Миссиянын негизги максаты - ата мекендик продукцияны араб рыногуна жайылтуу  жана Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү. Иш-чарада Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Зассан Аль Хашеми сөз сүйлөп, соода миссиясынын уюштурулушу менен куттуктап, ишкерлерди бири-бири менен активдүү кызматташууга чакырды.

Кыргыз тарап республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча комплекстүү презентация даярдап, ири ишкерлер үмүттөндүргөн долбоорлорун көрсөтүштү. Иш-чаранын соңунда B2B (Business-to-Business) сессиясы өтүп, анда эки өлкөнүн ишкерлери мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

«Иш-чарага Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармагынан 40 компаниянын өкүлдөрү катышып жатканын белгилегим келет. Бүгүнкү аянтча эки мамлекеттин бизнесинин ортосундагы кызматташтык байланыштарды чыңдоого негиз болот деп ишенем», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев.

Ал кошумчалагандай, республика эки өлкөнүн ишкерлеринин ийгиликтүү кызматташуусу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр, анын ичинде туруктуу өнүгүү максаты боюнча.

Бизнес-форумга экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тамак-аш жана жеңил өнөр жай, IT, энергетика жана фармацевтика тармактарында иштеген 100дөн ашык өкүлдөр катышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 3 миллион 200 миң доллар суммасына эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча бир катар тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

Төмөнкүлөр ортосунда келишимдерге кол коюлган:

• Топоз этин жеткирүү боюнча ЖЧК «Торо» жана «Bio Agro Meat Trading»

• Майда жана ири мүйүздүү малдарды ташуу үчүн «Дордой-Балыкчы» ЖЧКсы жана «Smart gate food», «Trans Emirates Livestock Trading», «Etejhat Sale of refrigerated and frozen meat» ЖЧКлар;

• Бал ташуу боюнча «Ноктюрн» ЖЧКсы жана «Jiwar trade EST», «Yash Herbs&Honey trading Maysalon» ЖЧКлар;

• Кара өрүк жана жаңгактарды ташуу боюнча «San Planet» ЖЧКсы жана IMXPOWER соода компаниясы;

• Бал ташуу боюнча «Аман-Гринфуд» жана «Foodya world foodstuff trading» ЖЧКлар.

Бул демилге БУУнун “Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү” өнүктүрүү программасынын алкагында өтүп, Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.