Кыргызстанда 2700 окуучунун арасында Укуктук олимпиада өттү

2021-ж., 22-December

Бүгүн, 21-декабрда КР Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында Укуктук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. 

2021-жылдын 2-декабрынан 11-декабрына чейин 9-11-класстын окуучулары арасында  онлайн форматында Укуктук олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадага Кыргызстандын бардык аймактарынан 2700дөн ашык окуучу катышып, юриспруденция боюнча билимдерин сынашты. Олимпиаданын негизги максаттары – жаштардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана “Адам жана коом” сабагына кызыктыруу.

“Бул олимпиада мектеп окуучулары үчүн өз укугуңду колдонуу жана билүүгө түрткү болду. Ошондой эле, Укуктук олимпиаданын бардык этаптары онлайн режиминде өткөнү да окуучулардын көп санын тартууга мүмкүндүк берди. Азыркы мектеп окуучулары олимпиадаларда, сынактарда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатканына абдан кубанычтамын”, - дейт КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев.

Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен олимпиаданын бардык этаптары онлайн форматта www.ukuk.alc.kg  бирдиктүү платформасы аркылуу өткөрүлдү. Олимпиада 3 этапта өттү:

- 1-этап - 15 суроодон турган тесттен өтүү;

- 2-этап - 10 укуктук маселени чечүү;

- 3-этап - калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында укуктук маселени чечүү.

Жалпы жыйынтык боюнча олимпиаданын 30 катышуучусуна сертификаттар жана баалуу белектер ыйгарылды:

- 1-орундан 5-орунга чейин – букридерлер (электрондук китеп окугучтар);

- 5-орундан 10-орунга чейие - акылдуу сааттар;

- 10-орундан 30-орунга чейин - рюкзактар.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү:

1. Джолдошева Айжана - Бишкек шаарынын №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу;

2. Торобаева Томирис - Чүй облусунун Кант шаарынын А. М. Мурсабаева атындагы №4 орто мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

3. Медетбекова Айжамал - Нарын облусунун Чаек айылынын Т. Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу;

4. Темиркулова Сезим - Чүй облусунун Сосновка айылынын Сосновка орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

5. Урустомбекова Нурпери - Нарын облусунун Чаек айылынын Т. Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.

ukuk.alc.kg бирдиктүү платформасы жөнүндө

Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар онлайн олимпиада өткөрүлгөн  платформасы менен тааныштырышты жана Укуктук олимпиаданы өткөрүү “Адам жана коом” предмети боюнча окутуунун натыйжалуулугун жана окуучулардын прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн эң сонун курал болоорун белгилешти. “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн жеткиликтүү укуктук маалыматтын булагы катары кызмат кыла турган бирдиктүү онлайн платформа түзүлдү. Платформада “Адам жана коом” предметинин мугалимдери үчүн укуктук темалар боюнча сабак пландары, ал эми мектеп окуучулары үчүн пайдалуу макалалар менен өзүнчө бөлүм бар.

Укуктук олимпиада “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “Инклюзивдүү, адамга ориентацияланып, адам укуктарына негизделген мамиленин негиздерин улуттук укуктук процесстерге, сот адилеттигине жана конституциядан кийинки процесстерге интеграциялоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын сүрөттөрүнө шилтеме:

https://drive.google.com/drive/folders/1-LLpbKs1TrUkWfE5XG4kudv0O0KRCW6c

Байланыштар:

Назима Кочконбаева - PR-адиси, ЮЖБ “Кыргыстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы”

+996 551 117105, nazima0kch@gmail.com