Блогерлер арасында өткөн “Кыргызстандыктардын укуктук маданияты” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

2021-ж., 22-December

2021-жыл 17-декабрь, Бишкек – Бүгүн Бишкек шаарында “Кыргызстандыктардын укуктук маданияты” деп аталган блоггерлер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Сынактын максаты кыргызстандыктардын укуктук маданияты менен укуктук аӊ-сезимин өстүрүү болуп саналат.

«Инсандын укуктук маданиятын калыптандыруу үчүн укуктарды билүү, мыйзамдарды сыйлоо жана сактоо адамдын жашоо образына айланышы керек. Жашоодо ар кандай чечимдерди кабыл алууда адам мыйзамдын гана чегинде иш кылуусу кадыресе табигый көрүнүшкө айлануусу зарыл”, - дейт сынактын катышуучуларынын бири Урмат Жапаров.

https://www.instagram.com/p/CXGt7FlMnFy/?utm_medium=copy_link.

Сынактын 1-орунга ээ болгон катышуучусу Акбермет Сатыбалдиеванын айтымында, укуктук маданият үй-бүлөдөн башталат, ата-эне балдарына укуктук маданиятты сиңирип, аларга үлгү болушу керек, бул тууралуу ал өзүнүн блогунда кеңири жазган. https://www.facebook.com/akbermet.satybaldieva/posts/4093594230741316.

«Тең укуктуу эл өнүккөн жана күчтүү мамлекеттин өзөгү болот. Тилекке каршы, биздин өлкө ушундан өксүп турат. Мектеп кезинен эле балдар жеке чек араны, адамдын укугун сыйлоону үйрөнүүнүн ордуна, бири-бирин шылдыңдап, кемсинткенге көнүп калышат. Убакыттын өтүшү менен бул дедовщинага, «ала качууга», үй-бүлөлүк зомбулукка, рейдерликке айланып барат. Укуктук маданият – бул мыйзамдарды билүү гана эмес, бул этикалык нормаларды сактоо, сыйлоо жана аң-сезим», - деп жазат Айдана Максат кызы сынакка арналган материалында. https://www.facebook.com/100009323934298/posts/3067286423592125/?d=n

Блогерлер өздөрүнүн сынактык материалдарында кыргызстандыктардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча көптөгөн кызыктуу идеяларды, көз караштарды, сунуштарды айтышкан. Алардын ичинен мыктылары сынактын жеңүүчүлөрү болуп тандалды. Материалдар менен төмөнкү шилтемелер аркылуу тааныша аласыздар.

Сынакка жалпысынан 36 медиа материал түшкөн. Комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен төмөндөгү авторлор жеңүүчүлөр болуп тандалды.

1 орун

Акбермет Сатыбалдиева, “Укуктук маданият үй бүлөөдөн башталат” https://www.facebook.com/akbermet.satybaldieva/posts/4093594230741316

Суусар Мамбеталиева, “Ар бир адам укугун билип, милдетин так аткарса укуктук маданият калыптанат  ” https://www.instagram.com/p/CXGkljasPUafeH34G7skPzHatX1hgH-RbSYxm00/?utm_medium=copy_link

Тима Бердикожоев, “Жакшы деген эмне, жаман деген эмне” https://www.instagram.com/p/CXaKPBZj8UlTRDaGvGnSHnJ0CeemsNfMjX_jAY0/?utm_medium=copy_link

 2 орун  

Урмат Джапаров, “Укуктук маданият бала кезден калыптанат” https://www.instagram.com/p/CXGt7FlMnFy/?utm_medium=copy_link

Тилек Кудакеев, “Инсандын укуктук маданияты” https://www.facebook.com/100055643495769/posts/401589905039123/?d=n

Эрлан Бообеков, “Укуктук маданият кимден башталат?” https://www.facebook.com/100004899882577/posts/1963513157155328/?d=n 

Курсанай Саипова, “Ар бир адам өз укугун билип жана  пайдалана алса  коомдун укук маданияты жогорулайт”.  https://www.instagram.com/p/CW09idDAqr_/?utm_source=ig_web_copy_link

“Укуктук маданият башка адамдардын укугун урматтоодон башталат”. https://www.instagram.com/p/CW1C8gJg8aU/?utm_source=ig_web_copy_link            «Укуктук маданият өнүкпөгөн өлкөдө жарандын коопсуз, бейгам жашоо укугу сакталбайт”. https://www.instagram.com/p/CW1HkBKgwSH/?utm_source=ig_web_copy_link

 3 орун

Нурболот Асанбеков, «Жаныбек кантип паспорт алган» https://www.facebook.com/100011664395645/posts/1579677075764424/?d=n

Айбек Аскарбеков, «Укуктук маданият деген эмне?» 

 https://www.instagram.com/p/CXRIXXUIs1f/

«Эртең маанилүү күн! ✔ Шайлоого сөзсүз баргыла»

 https://www.instagram.com/p/CWwxROAI5gJ

«Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампания» https://www.instagram.com/p/CXGX31io9B8/ 

Айдана Максат кызы, «Укуктук маданият» https://www.facebook.com/100009323934298/posts/3067286423592125/?d=n

Пери Кулжанова, "Кыргызстандыктардын укуктук маданияты" https://www.instagram.com/p/CXGy-5jKJnI/?utm_medium=copy_link

Кызыктыруучу сыйлык

Зейнеп Жумашева, «Ата-эне болуу тууралуу көп жазам» https://www.instagram.com/p/CW3hFODMmC0/

 Эльгиз Джумабеков, Эссе «Кыргызстандыктардын укуктук маданияты»  https://www.instagram.com/p/CW3dvGFoH4W/?utm_medium=copy_link

Айгуль Сакеева, «Апа кайтып келчи»  https://www.instagram.com/talaschanka_journal/tv/CXRBU4DjCHv/?utm_medium=copy_link 

Алымбек кызы Дамира, «Кыргызстанда укуктук аң-сезимдин, маданияттын деңгээли төмөн» https://www.instagram.com/p/CXTpHkEoAY3/?utm_medium=copy_link

Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар - ноутбуктар, уюлдук телефондор жана электрондук китеп окугучтар менен сыйланышты.

Сынак БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоордун жалпы максаты - Кыргыз Республикасынын калкынын аярлуу топторунун, өзгөчө айылдык аялдардын, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү жана алардын сот адилеттигине жана юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Сыйлык тапшыруу аземинен сүрөттөргө шилтеме: https://drive.google.com/file/d/1HVO-glcRRvWznAEZRGSRjOpPSHE349Me/view?usp=sharing

Медиа байланыштар: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси nurzhan.alymkanova@undp.org  0555068833