КР Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өлкөнүн аймактарындагы ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн «Экспорт кербени-2021» акциясын уюштурууда

2021-ж., 9-December

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрынан 17-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги БУУӨПдун “Борбордук Азиядагы соодага көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарында “Экспорт кербени-2021” маалыматтык кампаниясын өткөрөт. Демилгенин максаты - өлкөнүн аймактарындагы бизнес коомчулугуна продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселелерине байланышкан инновациялар жана тенденциялар жөнүндө маалымат берүү.

Быйыл Экспорт кербенинин негизги темасы электрондук соода болмокчу. Мындан тышкары, кыргызстандык ишкерлер экспорттун ар кандай онлайн инструменттери, бизнес-пландарды түзүү, продуктыларды кайсы жерге жеңилдетилген шартта жеткирүү жана башка көптөгөн нерселер менен таанышат. Акциянын максаттуу аудиториясы мөмө-жемиштерди, эт, сүт, кийим-кече продукцияларын өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар, ошондой эле экономиканын башка тармактарынын өкүлдөрү болот.

"Экспорт кербени-2021" кампаниянын эксперттик тобуна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, “Кепилдик фонду” ААКнын өкүлдөрү, ошондой эле электрондук коммерция жана бизнести пландаштыруу тармагындагы эксперттер кирди. Ар бир ишкер сессияга өзүнө ыңгайлуу болгон жерге келе алат:

Талас - 05.12.21, Бердике баатыр көчөсү

Нарын - 08.12.21 ст. Асан Жусупов 2 көчөсү

Каракол - 10.12.21 ст. Тыныстанов (1-май) көчөсү

Баткен - 13.12.21 ст. Файзуллаев 76 көчөсү

Ош - 15.12.21 ст. Масалиев 25 көчөсү

Жалал-Абад 16.12.21 ул. Жеңи Жок 54 көчөсү

“Экспорт кербени” – бул экспортту илгерилетүүгө, өнүктүрүүгө, ошондой эле соода маалыматына арналган иш-чара. Иш-чаранын негизги максаты - ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспортерлорду тышкы рынокторго экспорттоонун жеңилдиктери, жол-жоболору/шарттары тууралуу маалымат берүү, ошондой эле ата мекендик экспортерлорду колдоо боюнча кызматтарды жакшыртуу максатында учурдагы керектөөлөрдү жана бизнес муктаждыктарын аныктоо болуп саналат.

Бул алтынчы Экспорт кербени өлкөнүн бардык аймактарын аралап өтүп, ишкерлерге Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү жана ата мекендик продукцияны экспорттоо үчүн эң керектүү көндүмдөрдү берет. Жалпысынан бул убакыттын ичинде миңден ашуун бизнесмендер баалуу билимге ээ болуп, алардын жардамы менен алар өз ишканаларын гана өнүктүрбөстөн, өлкөнүн экономикасына да салым кошушту.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан БУУӨПдун “ Борбордук Азиядагы соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.