КР Экономика жана соода министрлиги БУУӨП менен бирдикте ишкерлер үчүн «Экспорт кербени» аталышындагы кампаниясын ийгиликтүү аяктады.

2021-ж., 27-December

Кыргызстандык ишкерлер продукцияны экспорттоо жана электрондук коммерция маселесине байланыштуу инновациялар жана тенденциялар тууралуу көбүрөөк маалымат алышты. Ошентип, 2021-жылдын 6-декабрынан 17-декабрына чейин өлкөнүн бардык аймактарында “Экспорт кербени” аталышындагы маалыматтык кампания өткөрүлдү. Программанын максаттуу аудиториясы - өз продукциясын экспорттоону пландаган ишкерлер.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, ААК «Кепилдик фондунун» өкүлдөрү жана электрондук соода жана бизнести пландаштыруу боюнча эксперттер республиканын бардык аймактарында окуу иш-чараларын өткөрүштү. Алтынчы Экспорт кербени түндүк аймактардан башталып, жалпысынан 200дөн ашык ишкерлер бизнести өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун үйрөнүштү.

Алардын бири Нуриля Акматбекова. Ал жетектеген ишкана бир нече жылдан бери тигүү бизнеси менен алектенет, бирок Экспорт кербенинин катышуучусу муну менен эле токтоп калбастан, экспорттоону пландап жатат, анын цехи заманбап жабдуулар менен жабдылып, 35 адам жумуш менен камсыз болгон.

«Мен Нарын шаарында өткөн Экспорт кербенине катышып, мага бизнес-пландоо жана электрондук коммерция боюнча сессиялар абдан жакты. Тигүү цехим бар, учурда 35 адамды жумуш менен камсыз кылып жатам, алган билимимдин аркасында жаңы жылда өндүрүштү көбөйтүп, 70 адамды жумуш менен камсыз кылууну пландап жатам, ошондой эле башка ишкерлер менен кызматташып, экспортко басым жасоо аракетин пландаштыруудамын».

Нуриля Акматбекова, Экспорт кербенинин катышуучусу.

Бул Экспорт кербенинин алкагында катышуучу ишкерлер экспорттолуучу продукцияга максаттуу рыноктордун учурдагы талаптары, маалымат жана преференциялар, товарларды декларациялоо жана сертификациялоо, ошондой эле эл аралык платформалар (Амазон жана Вайлдберрис) аркылуу бизнести өнүктүрүү тууралуу билим алышты.

«Электрондук коммерция маанилүү, анткени ал бизнес жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы катары пайда болууда жана чакан жана орто бизнеске дүйнө жүзү боюнча бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Санариптик экономика тездик менен өнүгүп жатат, эгерде ишкерлер атаандаштыкка жөндөмдүү болууну кааласа, санариптик инструменттерге ээ болуу керек. Сессияларымда мен онлайн маркетинг, ошондой эле Амазон жана Вайлдберрис сайттарында товарларды сатуу жана учурдагы тенденциялар жөнүндө кабар бердим».

Болотбек уулу Бакай, Экспорт кербенинин электрондук коммерция боюнча тренери.

Ошентип, алтынчы Экспорт кербени өндүрүүчүлөргө экспорттун артыкчылыктары жана жол-жоболору тууралуу маалымат берүү жана ишкерлердин тышкы рынокко чыгууга болгон муктаждыктарын аныктоодон баштап, бизнести пландаштырууга жана электрондук коммерцияга көмөктөшүүгө чейинки көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берди. Экспорт кербенинин негизги милдеттерин ишке ашыруу менен бирге, улуттук деңгээлде натыйжалуу чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жаңы экспорттоочулардан орун алган көйгөйлөр жана муктаждыктар боюнча маалыматтарды чогултту. Бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өтүп, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Кош уюштуруучулар:

Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду» ААК.

Шилтеме:

“Экспорт кербени” – бул экспортту илгерилетүүгө, өнүктүрүүгө, ошондой эле соода маалыматына арналган иш-чара.Негизги максаттар ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды тышкы рынокторго экспорттоонун артыкчылыктары, жол-жоболору/шарттары жөнүндө маалымдоо, потенциалдуу жана иштеп жаткан экспортерлор жана өндүрүүчүлөр менен байланыштарды түзүү, ошондой эле ата мекендик экспортерлорду колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында бизнестин учурдагы жана кечиктирилгис муктаждыктарын жана талаптарын аныктоо болуп саналат.