ЕБ-БУУнун “Теңдик Нуру” демилгеси университеттер менен биргеликте гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу модулдарын иштеп чыгат

2021-ж., 25-November

Бишкек, 2021-жылдын 25-ноябры – 24-ноябрда Бишкекте ЕБ-БУУ «Теңдик Нуру» биргелешкен демилгесинин колдоосунда, ЖОЖ өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУӨП жана «Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим» КФсы биргеликте гендердик зомбулуктун алдын алуу жана аларды мындан ары мамлекеттик университеттердин юридикалык факультеттеринин окуу пландарына интеграциялоо боюнча алдыдагы окуу модулдарын өнүктүрүүнү талкуулоо үчүн биринчи консультативдик жолугушуу өткөрүлдү.

Улуттук кеңештин жыйынтыгы боюнча пилоттук негизде Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университети (КГЮА), Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети (КУУ) жана Ош Мамлекеттик Университети (ОшМУ) тандалып алынды.  

«Билим берүү системасына гендердик аспектилерди интеграциялоо зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча эң натыйжалуу чаралардын бири болуп саналат. Бул компонентти ишке ашыруу өлкөгө зордук-зомбулук учурларын аныктоо жана алдын алуу үчүн зарыл компетенцияга ээ кесипкөй юридикалык кадрларды даярдоо бөлүгүндө БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинин негизги сунуштарынын бирин ишке ашырууга мүмкүндүк берет» - деп «Теңдик Нуру» долбоорунун координатору Нурай Мамытова өз сөзүндө белгилей кетти.

«Бул демилгенин алкагында биз юридикалык факультеттеринин мугалимдери менен иштеп, алардын кыздар жана аялдардын укугу жана гендердик зомбулуктун алдын-алуу боюнча маалымдуу болуусун көздөйбүз. Бул усул долбоор аяктагандан кийин дагы узак мөөнөттүү жана туруктуу натыйжалардын болуусун шарттайт», - деп айтты Римма Султанова, “Жамааттарды өнүктүрүү үчүн билим берүү” коомдук фондунун гендердик адиси.

Бул пилоттук программанын алкагында юридика факультетинин студенттери үчүн окшош окуу модулдарын иштеп чыгуу боюнча чет өлкөлүк тажрыйбалар изилденип, анын негизинде Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн келечектеги окуу модулунун структурасы түзүлөт. Ошондой эле пилоттук университеттердин профессордук-окутуучулар курамы үчүн бир катар тренингдерди өткөрүү күтүлүүдө, анын жыйынтыгында модулдун мазмунун иштеп чыгуучу автор-түзүүчүлөр тобу түзүлөт.

Жолугушуу жыл сайын 25-ноябрда белгиленүүчү жана Кыргызстан 2010-жылдан бери катышып келе жаткан Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк аттуу эл аралык кампаниясынын башталышын болгон Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүн утурлай өттү. .

ЕБ-БУУ «Теңдик Нуру» демилгеси жөнүндө

биргеликте кыздар жана аялдарга карата бардык дискриминация түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык “Теӊдик нуру” демилгесинин алкагында көп жылдык программаны баштаган.

Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздардын, анын ичинде эӊ аярлуу топтордун эрте никеге туруу жана ала-качуу сыяктуу зомбулуктуу жана зыяндуу практикалардан арылып, эркин жашоосун камсыз кылуу.  Программа саясат жана мыйзам, институттарды бекемдөө, зордук-зомбулуктун алдын-алуу, зомбулукка кабылгандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалымат топтоо, аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоодон турган интеграцияланган интервенциялардан турат. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана УНП) тарабынан ишке ашырылып, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу Координаторунун жалпы лидерлиги алдында жүргүзүлүүдө.

Иш-чарадагы бардык сүрөттөр Flickr альбомунда жеткиликтүү.

ММК үчүн байланыштар

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн коммуникация боюнча жардамчысы

Chyntemir.kalbaev@undp.org

+996775767605