Кыргызстан Фергана өрөөнүндөгү мамлекеттик-жеке диалог боюнча регионалдык конференцияга катышты

2021-ж., 8-November

4-6-ноябрда, Наманган шаарында (Өзбекстан) БУУӨПтүн Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы өкүлчүлүктөрү ЕБунун «BOOST» долбоору менен биргеликте региондо туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана соода-сатык байланышын жакшыртууга өбөлгө түзүү боюнча биргелешкен аракеттердин алкагында мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда диалог тузүү үчүн Регионалдык конференция уюштурушту. Иш-чарага бизнес-ассоциаялардын, чакан жана орто бизнестин, банктардын, мамлекеттик жана жергиликтүу бийлик органдарынын, жаштар уюмдарынын жана комитеттеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле башка дагы кызыгдар өнөктөштөр катышышты.

Чек ара соодасы жогоруда аталган үч өлкөнүн тең экономикалык ишмердүүлүгүндө маанилүү  чөйрө болуп саналат. Ушуга байланыштуу, бул масштабдуу иш чара Фергана өрөөнүндөгү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын компанияларынын ортосундагы диалогду жөнгө салуу максатында өткөрүлдү жана бизнес менен ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн бир кыйла жагымдуу чөйрөнү түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого аянтча менен камсыз кылды.

Катышуучулар тармактык жана географиялык жалпы приоритеттерди карап чыгуу менен бирге чакан жана орто бизнести каржылоого  жеткиликтүүлүк маселелерин талкуулашты, кызыгдар тараптар үчүн  сунуштамаларды иштеп чыгууга катышыш ты жана  баа пикирлерди алышты. Өнүгүү секторунун эксперттери жана кеңеш берүүчүлөр аймактагы ишкердүүлүктүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү  бул чөйрөдө долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алдыңкы тажрыйбаларына жана алынган сабактарына негиздөө  менен жоюунун мүмкүн болгон перспективалары менен бөлүшүштү.

«БУУӨП жергиликтүу жетекчилердин жана чакан жана орто ишканалардын башын коштурган, Фергана өрөөнүндөгү компаниялардын ортосундагы диалог үчүн аянтча түзгөн бул конференциянын уюштуруучуларынын бири болгонуна кубанат. Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекистандагы БУУӨП Фергана өрөөнүндө COVID-19дун залалдуу кесепеттеринен кийин социалдык-экономикалык жактан калыбына келтирүү боюнча бир катар долбоорлорду жүзөго ашырып жатат. Ошону менен бирге пост-пандемия контекстинде чектөөлөр, өсүү потенциалы жана трансчекаралык экономикалык мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин контекстинде, жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн ишкерлердин жана жергиликтүу бийлик органдарынын ортосундагы диалогду эске алуу менен региондук жана экспорттук потенциалды күчөтүү жолу аркылуу региондо трансчекаралык соода кызматташуусун илгерилетүү боюнча иштеп жатат. БУУӨП бардык деңгээлдеги өнөктөштүк аркылуу кызматташууга жана Туруктуу Өнүгүү Максаттары 2030 жетишүүгө өбөлгө түзүүчү биргелешкен күч-аракеттерди оптималдаштыруунун байланыш чекитин табууга умтулат. Мен Covid-19 пандемия мезгилинде жана андан кийинки убакытта ТӨМна (ЦУР) жетишүүгө колдоо көрсөтүүлөр үчүн Россия Федерациясына жана биздин узак мөөнөттүү өнөктөшүбүз Европа Биримдигине чын ыкласымдан  ыраазычылык билдиргим келет”, - деп белгиледи БУӨПтүн Өзбекстандагы туруктуу өкүлү Дойна Монтенау.

Регионалдык конференциянын күн тартиби түрдүү сессияларды, анын ичинде пленардык дискуссияны,  B2B-сессияны жана эксперттик кеңеш берүүлөрдү камтыды. Чек аралык кызматташууну – өндүрүштүк кызматташууну, сооданы жана кызмат көрсөтүүлөрдү  өнүктүрүү иш-чаранын негизги темаларынын бири болуп калды..

«Региондор аралык бакубат соода өндүрүштүк кооперацияны жана өндүрүштүк- сатып өткөрүү чубама байланышын өнүктүрүүгө түрткү берет. Ошентип, конференциянын жыйынтыгы менен Фергана өрөөнүндө экономиктердин эл аралык рынок, анын ичинде Евроазиялык экономикалык биримдиктин алкагында, өз ара аракеттешүүсү үчүн бир кыйла жагымдуу аймактар аныкталат”, - деди облус  разом, по результатам конференции будут выявлены области, наиболее благоприятные для взаимодействия экономик Ферганской долины с международными рынками, в том числе в рамках Евроазиатского экономического союза» - деп түшүндүрмө берди Кыргызстандагы БУУӨПтүн социалдык биримдик маселелери боюнча улук кеңешчиси  Мукаш Калдаров.

Ошондой эле каржылоо, бизнес-пландаштыруу, экспорттук пакет жана башка темалар талкууланды. Пленардык талкуу ЖӨБО (жергиликтүү өзүн башкаруу органдары)  агроөнөржай секторунда кантип санариптик жамаатка интеграциялана алат жана өзүнүн технологиясын климаттын өзгөрүүсүнө жетишээрлик тездик менен адаптациялаштырат деген маселелерге арналды.

Жыйынтыктоочу үчүнчу күнү катышуучуларга  маалымат технологиясы, агроөнөржай комплекси, текстиль технологиясы, логистика тармактарында  ийгиликтүү иштеп жаткан жергиликтүү ишканалар менен таанышууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө жүргүзүлгөн ишкердүүлүктүн мисалдарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Мындан тышкары ишканалар өздөрүнүн продукцияларын көрсөтө алышкан көргөзмө уюштурулду. Бул Кыргызстандын бир нече компанияларына, мисалы “Нукура” сыяктуу, Өзбекстандан тийиштүү өнөктөштөрү менен келишимге кол коюуга мүмкүнчүлүк түзду.

Ожидается, что участие в этой Региональной конференции поможет представителям Кыргызстана определить передовой опыт и политику, которые можно перенять у других стран региона.

Үч өлкөнүн делегаттарынын катышуусу төмөнкү долбоорлордун алкагында мүмкүн болду:

"BOOST - Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы туруктуу иштешкен бизнес  жана уюмдар” долбоору Европа биримдигинин  «Central Asia Invest V» кеңейтилген программасынын алкагында бизнес-ортомчу уюмдарынын жаңы тейлөө кызматтарын сунуштай билүү жөндөмдүүлүктөрүн күчтөндүрүүгө жана Кыргызстандын жана Өзбекстандын түштүк аймактарындагы текстиль жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында COVID-19дун залалдуу кесепеттеринен кийин социалдык-экономикалык жактан калыбына келтирүү долбоору  Россия Федерациясы тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тарабынан Улуттук өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу  жүзөгө ашырылат.