ЕБ жана БУУӨП Борбордук Азияда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары жөнүндө аймактык платформасын ишке киргизди

2021-ж., 26-November

Бүгүн Европа Биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстандагы Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Туруктуу өнүгүүнүн максаттары (ТӨМ) боюнча билим алмашуу үчүн жаңы аянтчаны ишке киргизди. Платформанын негизги максаты - ТӨМгө жетүү үчүн Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкмөттөрү жана жарандык коом менен өз ара кызматташуу. Платформа өлкөлөргө ТӨМгө жетишүүнүн жана каржылоо процессинин мониторингинин негизинде өздөрүнүн олуттуу социалдык-экономикалык программаларын көзөмөлдөп жана оңдоп-түзөөгө жардам берет.

Буга чейин ЕБ менен БУУӨП Казакстандын  ортосунда аймактагы өлкөлөр ортосунда билим алмашуу процессине жардам берүү үчүн 1 млн евро суммасындагы келишимге кол коюлган.

"ЕБ күн тартибине 2030-жылга чейин оң жана конструктивдүү салымын кошту. Биз бардык стратегияларыбызда ТӨМдөрдү ишке ашырууга умтулабыз жана Борбордук Азия өлкөлөрүн да ошого чакырабыз. Биз азыр болуп көрбөгөндөй тыгыз байланыштабыз, ошондуктан биздин чек аралардан тышкары жашаган адамдарга инвестиция салуу Европанын өзүнө инвестициялоо болуп саналат. Евробиримдик бардык деңгээлдеги стабилдүүлүктү бекемдей турган жана жалпы жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүгө салым кошкон демилгелерди улантат”, - деди Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас.

Билим алмашуу боюнча ТӨМдүн платформасы региондук масштабда өлкөлөрдүн деңгээлинде күч-аракеттерди интеграциялоодо маанилүү ролду ойнойт, туруктуулук маселелери боюнча аймактык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күч-аракеттерди мобилизациялайт. Бул институтционалдык потенциалды күчөтүү, каржылоону камсыз кылуу жана аймакта COVID-19 пандемиясынан келип чыккан терс кесепеттерди жоюу боюнча өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана коомдоруна жардам берет.

«ТӨМдү ишке ашыруу аркылуу биз чечүүнү каалап жаткан аймактык милдеттерди кароого убакыт келди. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар биринин өзүнүн спецификалык өнүгүү пландары бар, бирок биргелешкен күч-аракетти жана үгүттү талап кылган регионалдык күн тартиптер  да жок эмес. Климаттын өзгөрүшү, аймактык теңсиздик жана жалпы туруктуу өз ара аракеттенүү – бул бүтүндөй аймактын бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өсүшүнө таасир этүүчү маанилүү багыттардын бир нечеси гана жана аларды жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз Борбордук Азия үчүн ТӨМ платформасы бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы өз ара диалогду жана аймактык кызматташтыкты бекемдеп, туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу жана ТӨМ максаттарына жетүү үчүн тажрыйба жана билим алмашууга көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деди Казакстандагы БУУӨПнин Туруктуу өкүлүнүн орун басары Виталий Времиш.

ТӨМ платформасынын ачылышында түрдүү кызыкдар тараптардын, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, эл аралык уюмдар, жеке сектор, илимий чөйрө жана жарандык коом өкүлдөрү аны ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Экономика министрлигинин өкүлү Айсулуу Аманова КР ТӨМдүн жүзөгө ашырылышынын жүрүшү менен бөлүштү:

«Кыргызстан ТӨМдү негизги стратегиялык документтерге киргизди: 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына; Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына, ошондой эле Президенттик администрациянын жаңы түзүмүндө ТӨМдү ишке ашыруу бөлүмү түзүлдү.Биздин өлкө 2020-жылдын июль айында ЭКОСОСтун министрлер форумунда Биринчи УЫОнун презентациясын өткөрдү. Саресепте ТӨМгө жетүү үчүн өлкөнүн негизги жана практикалык ыкмаларын, көйгөйлөрүн жана ийгиликтерин, ошондой эле мындан аркы иш жүргүзүүгө зарыл болгон багыттарды чагылдырат. Кыргыз Республикасынын биринчи УЫОсу  Туруктуу өнүгүүнүн 16 максатын камтыйт”, - дейт Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Айсулуу Аманова

Борбордук Азияда ТӨМ платформасы региондук мамиленин мультипликативдик таасирин баса белгилейт, анткени бардык беш өлкөнүн жалпы тарыхы бар,  региондук жеткирүү  тизмектерине катышат, окшош Экологиялык жана трансчекаралык көйгөйлөргө туш болушат же туруктуу ыкмаларды жана чечимдерди талап кылган башка көйгөйлөрдү жана процесстерди ортого салат.

ТӨМ платформасы ТӨМдүн интеграциясына өбөлгө түзөөрү күтүлүүдө. Жалпы максаттардын айланасында өлкөнү бириктирип, институттук потенциалды түзүү, өнүктүрүүнү каржылоо көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү, региондо COVID-19 терс кесепеттерин чечүү, ТӨМ платформасы өлкөлөрдүн улуттук күч-аракеттерин тездетүү үчүн механизм катары кызмат кылат. Мындан кең региондук стратегиялар 2030-жылга чейин күн тартибине жетишүүсү үчүн.