Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр Кыргызстандагы зомбулукка кабылган аялдарды коргоону күчөтөт

2021-ж., 15-November

Бишкек, 2021-жылдын 15-ноябры - Өткөн жума күнү, 12-ноябрда  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби боюнча комитети, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы  комитети, Жогорку Кеңештин алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш, Европа Биримдиги менен БУУнун “Теңдик Нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосу менен “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” КР мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланды.

Талкуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучусу, вице-спикер Аида Касымалиева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Укук тартиби боюнча кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитеттин төрайымы Наталья Никитенконун катышуусунда өттү. Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер Кабинети, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү – үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жооптуу органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жарандык коом уюмдары, ошондой эле кризистик борборлор жана адвокаттар катышты.

«Үй-бүлөлүк зомбулук, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук маселеси министрлер кабинетинин эң негизги жумуштарынын бири болуп турууда.  2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө мамлекеттик каржылоонун көлөмүн үч эсеге көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мамлекеттик социалдык буйуртманын алкагында кеңири агартуу өнөктөштүгүн  өткөрүүгө жана кризистик борборлорду колдоого 25 миллион сом бөлүнөт”- дейт КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр убактылуу коргоо ордерин берүү мөөнөтүн 3 күндөн 30 күнгө чейин узартып, шарттарын кеңейтет жана аны электрондук түрдө жеткирүүнүн варианттарын сунуштайт. Ошондой эле мурунку жубайларды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо субъекттеринин тизмесине киргизүү менен түз  жана кыйыр түрдө тактоо жүргүзүлүп аныкталат, пробация органдарын мыйзамды аткарууга жана өкүмдөрдү аткарууга тартууга, аксакалдар сотун да алып салып,  бир катар башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

«Биз Евробиримдик менен БУУнун «Теңдик Нуру» биргелешкен демилгесине, эксперттер коомчулугуна, жарандык коом уюмдары жана кризистик борборлорго мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта ​​улуттук мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана өркүндөтүү боюнча ырааттуу жана системалуу иши үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз өз тарапыбыздан мыйзам долбооруна бардык катышуучулардын сунуш-пикирлерин киргизүүнү камсыздайбыз жана ал жакында парламенттик угууга чыгарылат”- дейт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, вице-спикер Аида Касымалиева.

«Бүгүнкү иш-чара мыйзамдарды карап чыгуу, бар кемчиликтерди жана мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ага каршы конкреттүү иштерди жасоо боюнча так  чечимдерди сунуштоо үчүн өкмөт, эксперттик коомчулук жана жарандык коомдун ортосундагы  консультацияларды жыйынтыктайт. Бул мыйзам коомдо эмнелерге жол бериле тургандыгы жана укук коргоо органдары өзүн кандай алып жүрүшү керектиги боюнча стандартты аныктоо менен  бул теманы мыйзамдык көз караштан талкуулоо өтө маанилүү”, - деди БУУӨПтүн  Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен өзүнүн ачылыш сөзүндө.

Андан ары катышуучулар “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун салыштырма таблицасына өз сын-пикирлерин жана толуктоолорун айтышты. Мыйзам долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен жыйынтыкталып, келечекте коомдук талкууга коюлары күтүлүүдө.

ЕБ-БУУнун «Теӊдик нуру» демилгеси жөнүндө

2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ЕБ жана БУУ менен өнөктөштүктө аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу үчүн глобалдык «Теӊдик нуру» демилгеси (Spotlight Initiative) боюнча көп жылдык өлкөлүк программаны ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздардын, өзгөчө аялуу катмарындагы турган, зордук -зомбулуксуз жашоо шарттарын түзүү. Программа интеграцияланган саясаттын жана мыйзамдардын комплексин, институттарды чыңдоону, зомбулуктун алдын алууну, зомбулуктан жабыркагандарга кызмат көрсөтүүнү, сапаттуу маалыматтарды чогултууну жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоону камтыйт. Программаны БУУнун беш агенттиги (БУУ Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана БУУ БКБ) Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу Координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырат.

Медиа байланыштар:

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн байланыш боюнча адиси

chyntemir.kalbaev@undp.org

+996775767605