БУУӨПтүн колдоосу менен 8 долбоор 10 миң доллардан гранттык колдоо алды

2021-ж., 17-November

28-октябрда «В» раунду өтүп, анда катышуучулар биринчи турда гранттарды алгандан кийин аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырышты. Эң ийгиликтүү долбоорлор акыры 10 000 АКШ долларына чейин ири гранттарды алышты. “А” турунда колдоо алган 21 катышуучунун ичинен 8 долбоор В раундуна тандалып алынган.

Бишкек, 17-ноябрь, 2021 -  10 миң АКШ долларына чейинки суммадагы гранттык колдоонун экинчи айлампасында сегиз долбоор тандалды. Гранттык колдоо БУУнун Өнүктүрү Программасынын Япония өкмөтү каржылаган “COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү” жана ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Asia) долбоорлорунун жардамы менен көрсөтүлдү.

Жаш ишкерлер арасындагы «Жаңырейшн+» бизнес-долбоорлор сынагынын алкагында гранттык колдоо көрсөтүүнүн экинчи айлампасында сегиз долбоор тандалып алынды. Долбоор Оlolo компаниялар тобу менен биргеликте ишке ашырылууда.

«Жаңырейшн+» көп билим берди, биз тренингдерден өтүп, андан кийин онлайн окутуулардан өттүк. Мындай чоң бизнесте болом деп ойлогон эмесмин. Биз көптөгөн бизнес моделдерин изилдеп көрдүк, азыр тиркеме түзүп жатабыз, анда 50гө жакын кызмат көрсөтүүлөр болот”, - дейт такси кызматы долбоорунун негиздөөчүсү Эльзар Абылкасымов.

“А” раундунун алкагында катышуучуларга бизнес долбоорлорду колдоого 21 катышуучуга ар бири 1000 АКШ долларына чейинки чек менен инвестициялык гранттар берилген. Бул сумма ишкерлерге өздөрүнүн минималдуу жашоого жөндөмдүү өнүмдөрүн (MVP) сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк жаратып, андан кийин масштабдуу бизнеске ири гранттарды бөлүштүрүү үчүн берилген.

28-октябрда «В» раунду өтүп, анда катышуучулар биринчи турда гранттарды алгандан кийин аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырышты. Эң ийгиликтүү долбоорлор акыры 10 000 АКШ долларына чейин ири гранттарды алышты. “А” турунда колдоо алган 21 катышуучунун ичинен 8 долбоор В раундуна тандалып алынган.

Түштүк аймактардан төмөнкү долбоорлор гранттарды тандоо комиссиясы тарабынан жактырылды:

1.    James Bond costumes (г. Ноокат, Ош обл.) — эркеке костюмдар жана аксессуарларын ижарага берүү.

2.    KIYIZGROUP (Оштогу жаңы конуш) — жасалма кийизден аксессуар

3.    Азамат Жайлообаев (Көк-Серек а., Жалал-Абад обл.) — «Ала-Бука» логистикалык борбору.

4.    Бал Абай (Кербен а., Жалал-Абад обл.) — балчылык

5.    Жанара Лапазова (Кербен а., Жалал-Абад обл.) — пельмен өндүрүү

6.    Фахриддин Камилов (Кашкар-Кыштак, Ош обл.) — тигүүчү цех

7.    Элзар Абылкасымов (Кербен а., Жалал-Абад обл.) —такси кызматы

8.    Эралы Мадишов (Кербен а., Жалал-Абад обл.) — кара өрүктөн как өндүрүү.

Сынак «Жаңырейшн» демилгесинин уландысы, анын үч айлампасы 2018, 2019 жана 2021-жылдары өттү. Биринчи этапта ишкердикке кызыккан жана бизнести пландоо, критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрү жана баарлашуу боюнча кошумча билим алууну каалаган жаштарды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын аймактарына саякаттар камтылган. Долбоордун экинчи этабы Бишкекте 60 адамды чогултуп, 4 күн бою «Чекте» жана «Дизайн ой жүгүртүү» курстарынан өтүштү. Үчүнчү этапта 40 катышуучу Бишкек жана Ош шаарларында тренингдерден өтүп, 10дон ашык долбоор бизнести өнүктүрүүгө гранттык колдоо алышкан.

«Бул БУУӨПтүн республика айыл жерлеринде жаштар арасында ишкердикти кеңейтүүгө багытталган уланып жаткан демилгеси. 2018-жылдан бери 100дөн ашык жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүлүп, анын натыйжасында «Жаңырейшн» алкагында республика боюнча 300дөй жумуш орундары түзүлдү, бул улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн жана бизнес акселераторлордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экендиги талашсыз. Түзүлгөн жумуш орундары жаштардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн бакубаттуулугун жогорулатып, өнүгүүнүн оң нугуна багыттаары талашсыз”. - деп билдирди БУУӨПтүн Кыргызстандагы коомдук биримдик маселелери боюнча улук кеңешчиси Мукаш Калдаров.

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар боюнча адис. nurzhan.alymkanova@undp.org