Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү

2021-ж., 14-October

Баткен, Кыргызстан / 14-октябрь 2021 – бүгүн Баткен облусунда “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү” аталыштагы инвестициялык форум КР МКнын төрагасынын орун басары Жапаров Акылбек Усенбековичтин катышуусу менен  өтүп жатат.  

Иш-чара КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун Баткен облусунун чек арадагы айылдарын тездик менен калыбына келтирүү боюнча 2021-жылдын 4-майындагы “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү болжолун жана инвестицияларды тартуунун Концепциясын аныктоо максатында уюштурулган.

Жапаров А.У. иш-чараны ачып жатып бул жолугушуунун аймакты өнүктүрүү жана инвестицияны тартуу үчүн маанилүүлүгүн белгиледи: «Бүгүнкү иш-чарабыздын мааниси өтө чоң экенин белгилегим келет, анткени, бул форумдун шарапаты Кыргызстандын бардык аймактарына таасирин шексиз тийгизбей койбойт. Өнүгүүнүн мындай стратегиясы бардык  региондор үчүн иштелип чыгат. Бүгүнкү форумга инвесторлор жана донорлор да катышып жатканы кубанычтуу.  Бул форум Баткен облусу үчүн өтө натыйжалуу жана пайдалуу болот деп үмүттөнөм”.

КР Министрлер кабинетинин төрагасы иштелип чыккан стратегиянын негизги багыттарын белгиледи, атап айтканда: бардык секторлордо санариптик өнүгүүнү жайылтуу, салыктык жеңилдиктерди берүү практикасы, ошондой эле чет элдик түз инвестициялардын көлөмүн жылдык ИДПнын минимум 13%на жеткирүү

Кыргыз Республикасынын финансы институттарынын инвестициялык долбоорлорун каржылоонун механизмдери көрсөтүлгөн бул иш чара  мамлекеттик жана жеке тараптардын диалогу үчүн аянтча болуп берди, ошондой эле эл аралык эксперттер тарабынан  ата-мекендик ишкерлерге практикалык семинар өткөрүүгө мүмкүндүк түзүлдү.

КР Улуттук статистиканын маалыматы боюнча, Баткен облусундагы жакырчылыктын деңгээли Кыргызстанда эң жогору экендигин белгилеп кетүү маанилүү.

ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков билдиргендей, ПРООН Баткен облусу менен көп убакыттан берки өнөктөштүккө негизделген көп тармактуу колдоосун мындан ары да аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү перспективасы үчүн улантмакчы. Ал маалымдагандай, бул колдоо үч негизги багытта: күчтүү институттар, адилеттүүлүк жана тынчтык, туруктуу жана инклюзивдүу өсүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча активдүү иштердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

«ПРООН 2012-жылдан бери аймактык өнүгүүнүң приоритеттерин колдоого  5,3 миллион доллардан ашуун каражат бөлдү. Бул ишмердүүлүктүн алкагында, улуттук өнөктөштөр менен биргеликте, ПРООНдун долбоорлору жамааттардын инфраструктурасын жакшыртууга, кесиптик билим алуу, чакан жана орто бизнести жана стартаптарды колдоо аркылуу жашоо каражатын жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана айыл чарбасын жаңы технология менен камсыздоо, таза жана сугат сууну натыйжалуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайланышуу жана табигый катаклизмдердин көйгөйлөрүнө байланыштуу орчундуу маселелерди чечүү аркылуу жаратылыш ресурстарын рационалдуу башкаруу боюнча потенциалын жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат, - деп билдирди  Эркинбек Касыбеков.

Азыркы учурда ПРООН Баткен облусу боюнча төмөнкү приоритеттүү долбоорлорду жүзөгө ашырып жатат:

·        Баткенде климатка ылайыкташтырылган ирригация жана сел чараларын жайылтуу аркылуу климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүнү жогорулатууга багытталган жалпы бюджети 900 миң АКШ доллларын түзгөн долбоор. Бул долбоор Россиянын ишеним фонду тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасында климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирлерине ыңгайланышуу боюнча Улуттук планын жүзөгө ашыруунун бир бөлүгү болот.

·        Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында COVID-19дун тийгизген терс кесепеттеринен кийин социалдык-экономикалык калыбына келтирүу долбоору. Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан каржылануучу долбоордун жалпы бюджети 2 млн долларды түзөт.

·        Борбордук Азияда климаттык өзгөрүүлөр жана туруштук берүү боюнча жалпы бюджети 880 миң АКШ долларын түзгөн долбоор. ПРООН долбоорлук иш чараларды иштеп чыгуу процессин жүргүзүүдө. Долбоор ЕС тарабынан каржыланып,  2021-2024-жылдар аралыгында жүзөгө ашырылат.

Иш-чара КРнын инвестиция министрлигинин жетекчилиги жана ПРООН, ЕККУ, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, РСК жана Айыл банкынын каржылоосу менен өткөрүлдү.