ЕБ-БУУнун «Теңдик нуру» демилгеси сотторго зомбулуктан жапа чеккендер менен иштөө стандарттары боюнча окутууларды өткөрүүдө

2021-ж., 14-October

Сүрөттөр: Айнура Мурзаканова / БУУӨП

Ушул бейшемби 14 -октябрда Бишкекте ЕБ менен БУУнун биргелешкен "Теңдик нуру" демилгесинин алкагында БУУӨП КР Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби  жана Кыргызстан Аялар Судьялары Ассоциациясы менен биргеликте аялдарга жана кыздарга карата жасалган гендердик кылмыштар боюнча иштерди өзгөчө кароо боюнча сотторго тренинг өткөрдү.

БУУӨПнин изилдөөсүнө ылайык, мажбурлап никеге туруу максатында зордуктоо жана ала качууну кошкондо, гендердик негиздеги кылмыштардын жалпы санынын 11%ы гана соттук териштирүүгө жөнөтүлөт, ал эми калган 89%ы баштапкы этапта токтотулат. Үй- бүлөлүк зордук зомбулук иштеринин сотко жетпестен токтотулушуна негизги себептерден болуп, жабыр тарткан аялдардын тосмо арыз жазып, эки тараптуу элдешүүсү болуп саналат.

Тренингде катышуучуларга БУУӨПтүн гендердик кылмыштар боюнча кылмыш иштерин кароодо сот практикасын кайра карап чыгуу боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары сунушталды, ошондой эле гендердик зомбулуктун жалпы түшүнүктөрү жана зомбулукту башынан өткөргөндөргө кайрылуунан стандарттары боюнча сессиялар өткөрүлдү. «Гендердик кылмыштар темасы учурда абдан актуалдуу. Буга байланыштуу биз бул тренингди өткөрүп жатабыз жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан сотторду чакырдык.», - деп баса белгиледи КР Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова.

Кыргыз Республикасынын Сот аялдар ассоциациясынын аткаруучу директору Зульфия Турумбекова айтып өттү: «Кыргыз сот аялдар ассоциациясы 2017-жылы гендердик кылмыштар боюнча сот практикасына изилдөө жүргүзгөн. Бул изилдөөнүн алкагында 2014-2017-жылдар аралыгындагы 1029 кылмыш иши изилденген. Изилдөөлөрдүн негизинде БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын соттору үчүн гендердик маселелер боюнча билим берүү жана бул категориядагы иштерди кароодо бирдиктүү практикага жетишүү максатында окуу куралы даярдаган ».

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка байланышкан иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча соттордун, прокурорлордун, ички иштер органдарынын жана адвокаттардын потенциалын жогорулатуу үчүн "Теңдик нуру" демилгеси Кыргызстан Аялдар Судьялары Ассоциациясы менен бирге комплекстүү иштөөнү улантат.

 

ЕБ менен БУУнун биргелешкен "Теңдик нуру" демилгеси боюнча

2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ЕБ жана БУУ менен өнөктөштүктө аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу үчүн глобалдык «Теңидик нуру»( Spotlight Initiative ) демилгеси боюнча көп жылдык өлкөлүк программаны ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмар, зордук -зомбулуксуз анын ичинде эрте турмушка узатуу жана ала качуусуз жашоо шарттарын түзүү болуп саналат. Программа интеграцияланган саясаттын жана мыйзамдардын комплексин камтып, институттарды чыңдоо, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан аман калгандарга жардам көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо менен ишке ашырылат. Программаны БУУнун беш агенттиги тарабынын ишке ашырылып,  (ООН-Женщины, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ и УНП ООН) Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу Координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырат.

ЖМК үчүн байланыш

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн Коммуникациялар боюнча жардамчысы

chyntemir.kalbaev@undp.org

+996775767605