Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды

2021-ж., 21-October

Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча тренинг учуру. 2020-ж. фото: Д.Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Бишкек, 2021-жылдын 21-октябры - Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” (МКЮЖ) жаңы мыйзамынын долбоору эми жарандарды райондук деңгээлде кеңири юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. КРнын Жогорку Кеңешинде бул мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп төмөнкү депутаттар көтөрүп чыгышты: А.Кодуранова, К.Керезбеков, Н.Никитенко, Т.Тиллаев, Ж.Турсункулов, У.Примов, Г.Молдобекова, М.Жеенчороев, К.Рыспаев, Ч.Урумкалиева, А.Мамашева, А.Нурбаев, Н.Сыдыгалиев, Д.Бекешов, Б.Аманова, У.Исмаилов.

Мыйзам долбоорунда “үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы”, “адам сатуунун курмандыгы” сыяктуу алсыз, аярлуу жактардын жаңы категориялары, ошондой эле, жарандык жана административдик иштер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүнүн механизмдери аныкталган.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин чечими менен 2019-жылдын 14-майында түзүлгөн. БУУӨП бул демилгеге БУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында колдоо көрсөтүүдө.

Мыйзам долбоорунун негизги новеллалары:

1.       Мыйзам долбоорунда жарандык жана административдик сот өндүрүштөрүндө квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүнүн механизмдери каралган. Анын ичинде, жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болгон иштердин категориялары да аныкталган.

2.       Консультативдик-укуктук жардам көрсөтүүнүн механизмдери бекитилген – райондордун деңгээлинде калкка акысыз юридикалык (алгачкы) жардам көрсөтүү боюнча бюролор түзүлөт.

3.       Мыйзам долбоору аркылуу квалификациялык (экинчи) юридикалык жардам алуучулардын чөйрөсү кеңейтилген. Ошону менен катар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укуктуу жактардын тизмесине качкындар жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар да киргизилген.

4.       Мыйзамдын түзүмү толугу менен кайра каралып чыгып, укук колдонулуучу иш-тажрыйба процессинде аныкталган кемчиликтер жоюлган.

«Кыска убакыттын ичиндеги тажрыйба көрсөткөндөй, айрым мыйзам ченемдеринде мыйзамдын натыйжалуу аткарылышына тоскоол болгон айрым жетишпегендиктер бар. Алар жардам алууга муктаж жактардын чөйрөсүн аныктоо, аны аткаруу жол-жоборуна, ошондой эле МКЮЖ тутумунун субъекттеринин, атап айтканда, укук коргоо жана сот органдары менен жазык иштеринин алкагында өз ара аракеттенүүсүнѳ байланышкан маселелерге тиешелүү. Жарандык жана административдик иштер боюнча юридикалык жардам көрсөтүү механизми жөнүндө маселелер өзүнчө турат, анткени негизги басым кылмыш иштерине коюлууда. Бул тажрыйбаны талдоонун жыйынтыгында, биз алгач бул мыйзамга түзѳтүү, өзгөртүүлѳрдү киргизүүнү сунуштадык. Ал өзгөртүүлөр ушул Мыйзамдын беренелеринин жана ченемдеринин 50 пайыздан ашыгын түзгѳндүктѳн, ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү мыйзамга жараша, мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгышы керек. Ошондуктан, жумушчу топ түзѳтүүлѳрдү киргизгендин ордуна, жаңы долбоорду иштеп чыгууну чечти. Анда негизги басым жарандык жана административдик иштер боюнча жардам көрсөтүүнү жөнгө салууга коюлган - деди МКЮЖ Борбордук Комитетинин директору Акжол Калбеков.

Мыйзам долбоорун парламентте илгерилетүү максатында БУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору тарабынан жумушчу топ түзүлгөн жана ичине төмөнкүлөр кирген бир катар күч-аракет жумшалган:

- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу процессинде эксперттик колдоо;

- жумушчу топтун бардык отурумдарын уюштуруу жана өткөрүү;

- депутаттар жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоору боюнча эксперттик талкууларды уюштуруу жана өткөрүү;

- мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү;

- мыйзамды ишке ашыруунун баасына финансылык баалоо жүргүзүү;

- мыйзам долбооруна негиздемени, анын ичинде финансылык негиздемени даярдоо;

- мыйзам долбоорлорунун пакеттерин иштеп чыгуу процесстерине эксперттик колдоо көрсөтүү.

***
Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар боюнча адис nurzhan.alymkanova@undp.org 0555068833