Кыргызстан жалпы коомчулукка Париж келишиминин алкагында жаңы улуттук климаттык милдеттенмесин сунуштады

2021-ж., 26-October

Сүрөт:  Мээрим Русланбекова / БУУӨП Кыргызстан

Бишкек – ​26-октябрь, 2021-жыл – Бүгүн “Климаттын өзгөрүшү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясынын (UNFCCC) Париж макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелерге Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын презентациясы” аттуу жыйынтыктоочу семинарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2015-жылдагы Париж макулдашуусуна жаңыланган милдеттенмесин белгилеп, климаттын улуттук убадасын тапшырды, анда дүйнөлүк лидерлер температуранын жогорулашын Цельсий боюнча 2 градустан бир топ төмөн чектөө үчүн климаттык иш-аракеттерди илгерилетүүгө макулдашты, ошол эле учурда коопсуз 1,5 градуска чейин чектөө аракеттерин көрүүдө.

Жыйынтыктоочу семинарга КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору Дастан Абдылдаев, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен катышты. Бул иш-чаранын негизги максаты өлкө документин кеңири аудиторияга, атап айтканда, дипломатиялык корпуска, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, ошондой эле жарандык, жеке жана каржы секторунун, илимий чөйрөнүн, жаштардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө презентациялоо.

Келишимге ылайык, өлкөлөр глобалдык жылуулук менен күрөшүүгө жардам бере турган "Улуттук дэңгээлде аныкталган салымдар" же "УДАС" деп аталган климаттык милдеттенмелерди иштеп чыгууга убада беришкен. Келишим ошондой эле өлкөлөрдү ар бир беш жыл сайын УДАСтарды кайра карап чыгууга жана бекемдөөгө чакырат. Бирок азыркы туруксуз тенденцияларды жокко чыгаруу үчүн шашылыш кадамдар жасалышы керек экендиги барган сайын айкын болуп жатат, бул өкмөттөрдөн эч кимди артта калтырбаган амбициялуу убадаларды аткарууну талап кылат.

2021-жылдын 24-сентябрында Климаттын өзгөрүшү, экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешинин биринчи отурумунда Кыргыз Республикасынын жаңыланган УДАСы бекитилген. 9-октябрда жаңыланган өлкө документи UNFCCC сайтында катталган. УДАСтын максаты климаттын өзгөрүшүн, экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү эске алуу менен өлкөнүн туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүн колдоо болуп саналат. Жаңыланган УДАС 2030-жылга карата климаттын өзгөрүшү боюнча стратегияны белгилейт жана аз көмүртектүү өнүктүрүү стратегиясын жана улуттук адаптация саясатын кабыл алуунун маанилүүлүгүн тааныйт. Жаңыланган УДАСтын маалыматы боюнча, Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын "Кадимкидей бизнес" (“Бизнес как обычно”) сценарийи боюнча 15,97% жана эл аралык колдоо менен 43,62% кыскартуу милдетин алган. Кыргыз Республикасында УДАСты иштеп чыгуу процессинин алкагында жарандык коомдун, жеке сектордун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн кеңири тартуу менен бир катар улуттук консультациялар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында төмөнкүдөй билдирүү жасады: “Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат жана Кыргыз экономикасы акырындык менен “жашылданууда”, көмүрсүз энергия булактары көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте ГЭСтерди билдирет. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргызстан экологиялык жактан таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууга ниеттенүүдө. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, таза жана жеткиликтүү энергетикалык кызматтарга жетүү 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарынын глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү”.

31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазгодо өтө турган Тараптардын Конференциясынын 26-сессиясы (26-ТК) – БУУнун климат боюнча эң масштабдуу сүйлөшүүлөрүнүн алдында климаттык аракеттер боюнча өлкөнүн прогрессин көрсөтүү абдан актуалдуу болуп саналат. Документтин кеңири жайылтуу, ошондой эле чөйрөдөгү негизги кызыкдар тараптардын пикирлерин чогултуу өлкөнүн 26-ТКга инклюзивдүү даярдыгын камсыз кылуунун негизги жолдорунун бири болуп саналат.

УДАСты ишке ашыруу планы азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу сыяктуу олуттуу кошумча артыкчылыктарды камтыйт жана өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн жакындатат. Төмөн көмүртектүү экономикага өтүү ата мекендик энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзөт. өлкөнүн климаттык таасирине алсыздыгын чечүү үчүн биринчи кезектеги приоритеттердин катарына айыл жана суу чарба секторлорунда адаптациялоо чараларын аныктайт жана баса белгилейт, бирок келечекте жаратылыш ресурстары боюнча чыр-чатактардын тобокелдиктерин жана табигый кырсыктардын таасирин азайтуу үчүн олуттуу потенциалга ээ”, – деп кошумчалады Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү.

Кыргызстандын Улуттук дэңгээлде аныкталган салымын толугу менен окуу үчүн шилтемеге өтүңүз: https://www4.unfccc.int/sites/ndcstaging/PublishedDocuments/Kyrgyzstan%20First/ОНУВ%20ENG%20от%2008102021.pdf

БУУӨП Кыргызстандын климат боюнча жаңы убадасын “Климаттык перспектива” (Climate Promise) демилгеси аркылуу колдоду. БУУӨПтүн “Климаттык перспективасы” өлкөлөргө 2021-жылы жана андан кийинки мезгилде өздөрүнүн улуттук өнүгүү деңгээлин жогорулатууга колдоо көрсөтүү менен глобалдык, трансформациялык климаттык аракеттерди колдоого багытталган. Демилге 118ден ашык өлкөдө ишке ашырылып жатат – бул дүйнөдөгү эң чоң колдоо сунушу. БУУӨПтүн “Климаттык перспективасы” Германия, Швеция, ЕБ, Италия, Испания жана башка негизги салымчылар тарабынан колдоого алынат.

“Климаттык перспектива” (Climate Promise) демилгеси боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн: https://www.undp.org/content/undp/en/home/climatepromise.html