Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо үчүн улуттук пландаштыруу процессин баштады

2021-ж., 21-October

Бишкек – 21-октябрь, 2021-жыл – Бүгүн Бишкекте өткөн тегерек столдо, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасындагы БУУӨП менен биргеликте климаттын өзгөрүүшүн адаптациялоонун улуттук пландаштыруу процессин баштады. Климаттын жылышы суу ресурстарынын азайышы жана кургакчылык, табигый кырсыктар жана инфраструктуранын бузулушу сыяктуу терс таасирлерди күчөтөт. Климаттын өзгөрүшүнөн келип чыгуучу потенциалдуу зыянды азайтуу үчүн эрте чара көрүү зарыл, ал эми Улуттук адаптация планы мамлекеттик комплекстүү мамилени жана адаптациялоо чараларын иштеп чыгууга, ошондой эле керектүү каржылоону тартууга жардам берет. 

Кыргыз Республикасы үчүн күтүлүп жаткан климаттын өзгөрүүсү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн кескин түрдө көрүнөт, бул терс таасирлерди жогорулатып,  олуттуу тобокелдиктерди жаратат. Өлкөдө 2011-2016-жылдар аралыгында өзгөчө кырдаалдардан түз материалдык зыян 5 миллиард 834 миллион сомду түзгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча  климаттын өзгөрүүсүнүн эң жагымсыз сценарийлери үчүн республикага 2100-жылга карата жылдык экономикалык зыян болжол менен 64,800 миллион сомду түзүшү мүмкүн экенин көрсөтүүдө. 

«Бүгүн Кыргызстанда Улуттук адаптация планынын долбоорун ишке ашыруу башталууда. Климатка жана инвестицияга, экологияга жана азык -түлүк коопсуздугуна байланышкан инновациялык аракеттерди илгерилетүү боюнча эл аралык уюмдардын жана донорлордун аракеттери жана салымдары жалпы улуттук адаптация стратегиясы менен бирге Кыргызстанга зыяндуу эмиссиясы аз жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу өлкө болууга мүмкүнчүлүк берет», – деп баса белгилеп кетти Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Садыков Канатбек Рахманбердиевич. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин адаптациялоого интеграцияланган мамлекеттик мамилени түзүүдө колдоо көрсөтүү үчүн Жашыл Климат Фондунун колдоосу астында БУУӨП тарабынан ишке ашырылган «Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын ишке ашыруу жана орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөктөшүү» долбоору башталды. Долбоор мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу процессиндеги учурдагы кемчиликтерди, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнүн божомолдору, анын социалдык, экологиялык жана экономикалык таасири жөнүндө илимий маалыматтын жана билимдин жоктугун, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун ар кандай топторунун чечим кабыл алуу процессине жетишсиз катышуусун жоюуга багытталган.  

Бул долбоордун ишке кириши өлкөнүн климат боюнча милдеттенмелерин аткаруу боюнча негизги иш-чаралардын бири болуп саналат жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында Париж келишиминин максаттарына шайкеш келет. УИП процесси бардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусуна негизделиши керек, анткени климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо өкмөткө гана эмес, жеке сектордун, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, ошондой эле региондук жана эл аралык активдүү жана мазмундуу катышуусунан көз каранды. Биргелешкен аракет гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө алып келе алат. 

Семинардын жүрүшүндө БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков мындай деди: «2019-жылы Париж келишимин ратификациялоо менен Кыргыз Республикасы адаптация жөндөмдүүлүгүн күчөтүү, туруктуулукту түзүү жана климаттын өзгөрүүсүнө карата аялуу мамилени азайтуу боюнча убада берүү үчүн 184 мамлекетке кошулду. Адаптация глобалдуу чакырык болсо да, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн муктаждыктары шашылыш. Анткени бул өлкөлөр климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине туруштук бере алуусу өзгөчө алсыз. Климаттын өзгөрүүсү канчалык тезирээк болсо жана адаптация аракеттери ошончолук кечиктирилсе, климаттын өзгөрүшүнүн таасири менен байланышкан социалдык, экономикалык жана экологиялык тобокелдиктерди башкаруу ошончолук кыйын жана кымбатка турушу мүмкүн»

Долбоор улуттук адаптация планын, ошондой эле түштүктүн 3 регионуна жана төмөнкү 4 приоритеттүү секторго ылайыкташуу пландарын иштеп чыгат. Алар өзгөчө кырдаалдар, ден соолук, биоартүрдүүлүктү сактоо, айыл чарба жана ирригация. Бул пландар өлкөнүн адаптациялык потенциалын бекемдөө үчүн каржылоону тартуу боюнча 12 пилоттук долбоорду иштеп чыгууга негиз болот.