Кыргызстанда медициналык таштандыларды башкаруу боюнча видеокурс иштелип чыгып, ишке киргизилди

2021-ж., 15-October

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан улам медициналык калдыктардын көбөйүшүнө жооп катары медициналык таштандыларды башкаруу боюнча видеокурс иштелип чыкты. Видеокурс Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен иштелип чыккан. Эксперттердин айтымында, бул видеокурс медициналык адистер үчүн окуу куралы болушу керек.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, саламаттыкты сактоо ишмердүүлүгүнүн таштандыларынын 15%га жакыны адамдарга жана айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Ошентип, дүйнөдө жылына 16 миллиард инъекция жасалат. Бир жолу колдонулуучу медициналык буюмдар гана эле эмес, башка бир жолу колдонулуучу приборлор да утилдештирүүлүгө тийиш. Бирок коркунучту мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер, радиологиялык жабдуулардын бөлүктөрү, химиялык реагенттер, сымап камтылган, анатомиялык таштандылар жана башкалар дагы жаратат. Жыл сайын 3 миллионго чейин (жалпы сандан 8,5%) медициналык кызматкерлер патогендүү микроорганизмдерди жуктуруу потенциалы бар медициналык курч-саюучу жана кесүүчү калдыктардан жаракат алышат.

Видеокурсту иштеп чыгуунун максаты – дарыгерлерди жана башка саламаттыкты сактоо адистерин окутуу аркылуу медициналык таштандыларды башкаруу тобокелчиликтерин азайтуу. Видеокурстарды түзүүгө медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы Надира Соромбаева, врач-эпидемиолог, медицина илимдеринин кандидаты Алексей Кравцов, Асел Каныметова жана Уулке Асыранова,  инфекцияны көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борборунун жана «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин эпидемиологдору катышышты.

«БУУӨП социалдык-экономикалык жана медициналык тармактардын контекстинде пандемиянын кесепеттерин жумшартууга багытталган комплекстүү программаны ишке ашырды. Буга байланыштуу, биз буга чейин өлкө боюнча 600 медициналык кызматкерге медициналык таштандыларды башкаруу боюнча тренинг өткөрдүк, МКУ стандарттарынын аткарылышын көзөмөлдөп, эми саламаттыкты сактоо Министрлигине жана башка тиешелүү органдарга сунуштарды берген анатилитикалык жазма иштеп чыгуудабыз. Ал эми видеокурс - санариптик кошумча болуп саналат жана ал бардык деңгээлдеги медициналык кызматкерлердин потенциалын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошот деп ойлойбуз», - деди Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков.


«Кыргызстанда медициналык таштандыларды башкаруу системасы жаңыдан түзүлүүдө. Биз ар бир медициналык кызматкер медициналык таштандыларды этиятсыздык менен же туура эмес утилдештирүүнүн бардык тобокелчиликтерин деталдуу түрдө түшүнүүсүнө жана ар бир класстын таштандыларын кантип туура башкарууну билишине аракет кылдык. Видеолорду түшүнүү абдан оңой, алар төрт мүнөттөн ашпайт. Буга карабастан, биз медициналык таштандыларды башкаруу боюнча эң маанилүү маалыматты жеткире алдык. Медициналык таштандыларды утилдештирүү боюнча видеокурс врачтар үчүн окуу куралы болуп калышы керек», – деп курсту иштеп чыгуучулардын бири комментарий берди», - Алексей Кравцов.

Курс төрт видеодон турат:

- Медициналык таштандыларды сорттоо, маркалоо жана ташуу; 

- Медициналык таштандыларды автоклавтоо станциясында медициналык таштандыларды дезинфекциялоо;

- Медициналык таштандылар менен иштөөдөгү өзгөчө кырдаалдар; 

- Децентралдаштырылган  жана централдаштырылган саламаттык сактоо таштандыларын башкаруу системасы.

Медициналык таштандыларды башкаруу боюнча видеокурсту БУУӨПтүн Youtube каналынан https://www.youtube.com/user/UNDPKG дарегинен көрө аласыз. Видео курс орус жана англис тилдеринде субтитрлер менен жеткиликтүү.

ММК үчүн байланыш контакттар

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн байланыш боюнча жардамчысы 

+996775767605

chyntemir.kalbaev@undp.org

Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане

Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане

Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане

Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане

Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане

Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане