БУУӨП жергиликтүү коомчулуктардын туруктуулугун бекемдөө боюнча 9 коомчулук менен иш алып барууда

2021-ж., 14-October

Бишкек, 15-октябрь, 2021-жыл – Жалпы өлкө боюнча жергиликтүү пилоттук 9 коомчулукта зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу маселелеринде туруктуулукту бекемдөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Иштеп жаткан Коомдук профилактикалык борборлордун (КПБ) базасында мүчөлөрү жаштардан, аялдардан, диний лидерлерден, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган консультативдик топтор түзүлгөн. Ушул топтор менен биргеликте ар кандай зомбулуктар, алардын алдын алуу, де-радикалдашуу, социалдык реинтеграциялар жана насаат аныкталып, ар бир жергиликтүү коомчулуктан аярлуу топтор аныкталган.

Сентябрь, октябрь айларында ар бир кеңеш берүүчү топ менен семинарлардын биринчи этабы өткөрүлүп, анда алар зомбулуктуу экстремизмдин тарыхы, себептери, факторлору социалдык чыңалуунун башка формаларынан кандай айырмалары боюнча билим алышты. Ошондой эле, катышуучулар зомбулуктуу экстремизмди жергиликтүү коомчулуктардын деңгээлинде алдын алуу, эскертүү, проифилактика кылуу маселелери боюнча учурдагы дүйнөлүк тажрыйба жана көндүмдөрдү талкуулашты.

Кийинки этаптарда конфликт анализи, конфликттердин алдын алуу, эскертүүдө жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктардын дарамети боюнча тренингдер, ошондой эле, зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү пландарды иштеп чыгуу боюнча семинарлар өткөрүлмөкчү.

Диний коопсуздук боюнча эксперт, иш чаранын тренери Икбалжан Мирсайитов профилактикалык иштер өзгөчө республиканын региондорунда дайыма талап кылынат деп эсептейт.

«Чынында Covid-19га байланыштуу экстремизмдин алдын алуу темасы экинчи планга жылып кетти. Бул тренингдердин пайдалуулугу – биз өз жарандарыбызга мындай коркунучтардын бар экендигин эскертебиз, экинчиден, биз жаштар менен иш алып барышыбыз зарыл жана ошол эле маалда реалдуу коопсуздук системасында жер-жерлерде Коомдук профилактикалык борборлордун (КПБ) ролун жана ордун бекемдешибиз керек. Буга байланыштуу аймактарда биз улуттук мыйзамдарга ылайык КПБ ролу жана максаты жөнүндө сөз кылабыз. Бул иштердин баары өз убагында жүргүзүлүп жатканын айтып коюу маанилүү, ошондой эле, КПБлар мектептерде жаштар арасында өздөрү тренингдерди өткөрүшү зарыл» - дейт ал.

Нарын облусундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Чоргоева Салтанат ал жана анын КПБдагы кесиптештери өз айылдарында жана коомчулуктарында радикалдуу жана экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана эскертүү кыла алышы үчүн өтө ынтаа коюу менен окуду. «Биздин 12 кишиден турган жумушчу тобубуз ушул жылдын жаз айларында уюшулган. Ага айыл өкмөттөн 3 киши, аксакалдар сотунун 3 төрагасы, участкалык инспектор, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана юристтер кирген. Биздин милдет – алдын алуу максатында калк арасында кенен маалымат таратуу» - деп ал өз ойлору менен бөлүштү.

БУУӨП долбоорунун адиси Артур Букалаевдин төмөнкүлөрдү белгилеп кетти, «Биз «Евразия Борбордук Азия фонду» менен өнөктөштүктө мындан ары экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү пландарды иштеп чыгууга кол кабыш кылууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, бизде бул пландарды жарым жартылай ишке ашыруу үчүн көп эмес каржылык ресурстар каралган. Албетте, биз бул пландарды ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттин колдоосун да эске алуудабыз. Мындан сырткары, биз долбоордун ишине жаштар иштери  боюнча адистерди даярдоо аркылуу жана аларды жогоруда айтып кеткен пландарды ишке ашырууда жергиликтүү жаштарды тарткыбыз келет».

Жергиликтүү коомчулуктардын туруктуулугун бекемдөө БУУӨПтүн ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда (STRIVE Asia) зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Экстремизмди эскертүү жана  алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу 2020-жылдан бери 9 пилоттук коомчулукта ишке ашырылууда:

1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында;

2. Нарын облусунун Кочкор айыл өкмөтүндө;

3. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында;

4. Талас облусунун Кара-Буура айыл өкмөтүндө;

5. Ош облусунун Чек-Абад айыл өкмөтүндө;

6. Ош облусунун Ноокат шаарында;

7. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айыл өкмөтүндө;

8. Баткен облусунун Айдаркен шаарында;

9. Баткен облусунун Исфана шаарында.

Азиянын (STRIVE Asia) жалпы максаты – көптөгөн кызыкдар тараптардын катышуусунда, анын ичинде өкмөт, коопсуздук субъекттери, жергиликтүү бийлик органдары жана коомчулуктар, жарандык коом, илимий чөйрөлөр, ЖМК жана жеке секторлор менен биргеликте Борбордук Азияда, Түштүк-Батыш Азияда жана Түштүк Азияда зомбулуктуу экстремизмди эскертүүдө салым кошуу

Семинарлардагы сүрөттөр төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү:  https://flic.kr/s/aHsmWLFe6g

***
Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, 0555068833, nurzhan.alymkanova@undp.org