Париж келишимине болгон "Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы" кабыл алынды

2021-ж., 27-September

Сүрөт: Алишер Алиев

Бишкек – ​​2021-жылдын 27-сентябры – 24-сентябрда Климаттын өзгөрүшү, экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү, анда УДАС "Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы" документинин долбоору каралды. Өлкөнүн премьер-министри Улукбек Мариповдун төрагалыгы астында өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Динара Кутманова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаева жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “Climate Promise” долбоорунун координатору Бактыгуль Ысабековалар катышты.

Улуттук деңгеелде аныкталган салым (УДАС) климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерди өзүңө камтып, глобалдык жылуулукту 2 °C ден төмөн же болбосо 1,5 °C чейин чектөөгө багытталган. УДАС улуттук чыгындыларды азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирине адаптация боюнча ар бир өлкөнүн аракеттерин камтыйт. 2015-жылы көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да УДАСтын болжолдуу өкүлдөрү тарабынан өздөрүнүн алгачкы өлкөнүң милдеттенмелерин тапшырышкан.

Париж келишими өлкөлөрдү беш жылда бир жолу УДАСты карап чыгууга жана күчөтүүгө чакырат. Бирок, азыркы туруксуз тенденцияларды жокко чыгаруу үчүн шашылыш алдын алуучу чараларды көрүү керек экендиги барган сайын ачык-айкын боло баштады, бул өкмөттүн амбициялуу милдеттенмелерди кабыл алууга түрткү болот деген үмүттөр бар.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында төмөнкүдөй билдирүү жасады: “Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат жана Кыргыз экономикасы акырындык менен “жашылданууда”, көмүрсүз энергия булактары көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте ГЭСтерди билдирет. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргызстан экологиялык жактан таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууга ниеттенүүдө. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, таза жана жеткиликтүү энергетикалык кызматтарга жетүү 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарынын глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү”.

Ошентип, талкуунун жыйынтыгында Координациялык кеңештин отурумунун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документтин долбоору жактырылды. Эми ал Улуу Британиянын Глазго шаарында 2021-жылдын 1-12-ноябрында өтүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (КС-26 РКИК ООН), 26-Тараптар Конференциясына жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын жаңыртылган УДАС 2025-жылы парник газдарынын (ПГ) эмиссиясы "Кадимкидей бизнес" (“Бизнес как обычно”) сценарийи боюнча 16,63% га, эл аралык колдоого алынса 36,61% га кыскарышы менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык келишимге өлкөнүн салымын жарыялайт. 2030-жылы парник газдарынын эмиссиясы "Кадимкидей бизнес" сценарийи боюнча 15,97% га жана эл аралык колдоо менен 43,62% га кыскарат.

УДАС ар бир беш жылда БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын катчылыгына жөнөтүлөт. Убакыттын өтүшү менен амбицияны күчөтүү үчүн Париж келишими кийинки УДАСты мурункуларга караганда прогрессти билдирет жана анын эң жогорку дымагын чагылдырат.

УДАС КР документинин максаты – климаттын өзгөрүшүн, экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү эске алуу менен өлкөнүн туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүн колдоо. Кыргыз Республикасынын жаңыртылган УДАСы 2030-жылга климаттын өзгөрүшүнүн стратегиясын аныктайт жана аз көмүртектүү өнүктүрүү стратегиясын жана Улуттук адаптация саясатын кабыл алуунун маанилүүлүгүн эске алат.

Кыргыз Республикасы үчүн УДАСты иштеп чыгуу процесси ведомстволор аралык жумушчу топтун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрө жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин жалпы координациясынын астында УДАС Өнөктөштүгү (NDC Partnership) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы "Климаттык перспектива" (Climate Promise) долбоору тарабынан колдоого алынган, эксперттерди жана илимий жана жарандык коомдун өкүлдөрүн, ошондой эле жеке секторду жана жаштарды тартуу менен УДАСты иштеп чыгуу процессинде ар кандай этаптарда IRENA, GIZ, ЕБРР, Европа союзу, ФАО, МФСР, ЮНИСЕФ, ЮНИТАР, БУУнун башка агенттиктери жана эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз салымын кошушту.