БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандагы санариптештирүүнү жана инклюзивдүүлүктү колдойт

2021-ж., 17-June

Бишкек, 2021-жылдын 17-июну – Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ үчүн Регионалдык бюросунун директору Мирьяна Сполярич Эггер Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев менен биргеликте, Дүйнөлүк Банк жана Борбордук Азия университети менен өнөктөштүктө санариптик трансформациялоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышты.

Мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жеке сектордун, жарандык коомдун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасында глобалдык экономиканын тез өнүгүп жаткан модернизациясына интеграциялоого көмөк көрсөтүү үчүн технологияларды жана инновацияларды кандайча колдонсо боло тургандыгын, ошондой эле кыргызстандыктарга жана жергиликтүү бизнеске глобалдуу рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болууга кантип мүмкүндүк берүү керек экендигин талкуулашты.

Санариптик технологиялар экономиканы, өкмөттү жана жарандык коомду, ошондой эле алардын өз ара аракеттенүү ыкмаларын өзгөртүү менен, ушул кылымдагы өзгөрүүлөрдүн эң негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат.  

Санариптик технологиялар Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө прогрессти тездетүүчү зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар калктын аялуу катмарына мисалы, санариптик мамлекеттик кызматтарды көрсөтө алышат, анын ичинде жеке ишкерлик жана инновациялар аркылуу экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай алышат.

COVID-19 илдетине байланыштуу пандемия жана андан кийинки санариптик технологияларга болгон көз карандылык экономиканын бардык тармактарында санариптик технологияларды жайылтуунун мүмкүнчүлүктөрүн, маанилүүлүгүн жана тез арада ишке ашыруунун зарылдыгын көрсөттү.  

Сполярич-Эггер айым өзүнүн программалык сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Пандемия негизги мамлекеттик функцияларды аткарууда жана алардын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууда санариптик байланышты чыңдоонун зарылдыгын ачыктады. Ушул кризис мезгилинде Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана санариптик каражаттар өзгөчө суроо-талапка ээ болуп, алар «үйдөн чыкпоо керек» деген талап коюлган мезгилде маалыматка жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүүгө жана байланыш түзүүгө гана жардам бербестен, ошондой эле профилактикалык жана карантиндик чаралар боюнча өкмөттүн калк менен байланышуу ыкмасын өзгөрттү. Алар жергиликтүү коомдорду, ыктыярчыларды жана жарандык коомдук уюмдарды муктаж болгон адамдар үчүн кайрымдуулук жасоого мобилизациялоо менен, телемедицина, санариптик төлөмдөр, теле жумуш жана теле билим берүү сыяктуу жаңы кызматтарды өнүктүрүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берди».    

Санариптештирүү бүткүл дүйнө жүзүндө БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү жана экономикалык өнүгүү боюнча Күн тартибинде борбордук орунду ээлейт.

Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан санариптештирүү жана технологиялык өнүгүү артыкчылыктуу багыт деп жарыяланып, бардык жыныстагы адамдар жана коомдун бардык катмарлары үчүн жаңы келечек инклюзивдүү болушу үчүн кадамдар жасалууда.

Сполярич-Эггер айымдын сөзү боюнча, инновациялык прогресс бардык кызыкдар болгон тараптардын: жеке сектордон технологиялар жаатындагы кесипкөй адистердин, окумуштуулардын жана технологияларды иштеп чыгуучулардын, өкмөттүн жана мыйзам чыгаруучулардын, инвесторлордун жана финансылык институттардын катышуусунда гана тез арада ишке ашуусу мүмкүн.

Кыргызстанда акыркы жылдары санарип жана байланыш тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. 2002-жылдын тартып Санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын сериялары, жана Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына санариптештирүүнү интеграциялоо, Электрондук өкмөт стратегиясы  сыяктуу санариптештирүүнү тездетүү боюнча программалар жана мамлекеттик саясат, ошондой эле санариптештирүү боюнча мамлекеттик мекемелердин ортосундагы координацияны күчөтүү өлкөдө санариптештирүүнүн абалын олуттуу жакшыртууга алып келди.      

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев өз сөзүндө санариптик трансформациялоо жаатындагы жетишкендиктерди жана прогрессти белгиледи: «Өлкөдө мамлекет менен жарандардын өз ара аракеттенүүсү үчүн платформаны түзүүчү, ошондой эле зарыл болгон жеке инвестицияларды тартуу үчүн негиз боло турган инфраструктураны жана регионалдык дата-борборду түзүү менен катар, ченемдик-укуктук базаны текшилөө, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, заманбап жана ыңгайлуу мамлекеттик институттарды түзүү талап кылынат.» Ошондой эле ал шаар менен райондордун ортосундагы санариптик ажырымды кыскартуунун зарылдыгын белгиледи, анткени айыл жергесинде мобилдик байланыш, ошондой эле интернетке туруктуу жеткиликтүүлук чектелген. 

Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө умтулган өлкөлөр бизнес жүргүзүү ыкмаларын кайра түзүү жана жарандарынын жашоосун жакшыртуу үчүн, улуттук санариптик стратегияларды түзүүгө  жана күн тартибине коюуга кадам ташташат. 

Инновациялар Ички дүң продукциянын жалпы өсүшүнө жана айрым тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүү менен, мамлекетке чоң пайда алып келет. Санариптештирүү Кыргызстандын потенциалын толук ачып берүүчү маанилүү компонент болуп эсептелет, анткени ал жергиликтүү ишканалардын потенциалын бекемдеп, трансчекаралык соодага жеткиликтүү болуу үчүн санариптик инфраструктураны камсыз кылуу менен, санариптик сооданы коргоо жана өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны калыптандырууга көмөк көрсөтөт. 

Кыргызстан региондогу эң ачык жана демократиялуу өлкөлөрдүн бири болуу менен, стратегиялык жайгашуусу, билимдүү жумушчу күчү, колдонмо  изилдөөлөрдүн бай мурасы, атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акысы, жетиштүү табигый ресурстары жана кошуна аймак менен жигердүү жана кеңири байланыштар системасы менен, инновациялардын эсебинен туруктуу өнүгүү үчүн пайдаланылбаган потенциалын пайдаланууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

фотоальбом

Кошумча маалымат алуу үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын коммуникация бөлүмүнүн кызматкери Абдрахманова Айнагүлгө   0770755776 телефону же  ainagul.abdrakhkmanova@undp.org почта дареги боюнча кайрылууңуздарды өтүнөм.