БУУӨП Кыргызстан “Жаштар программасы – 2021”ге ыктыярчыларды издейт

2021-ж., 29-April

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) «Жаштар программасы – 2021» ге активдүү жана максаттуу ыктыярчыларды издейт. Ыктыярчылар коммуникация, айлана-чөйрөнү коргоо, тынчтык жана акыйкаттык, социалдык-экономикалык өсүш жана инновация тармактарында БУУӨП менен жигердүү кызматташтык курмакчы.

Эмне?

БУУӨП Коммуникация жана Программалык бөлүмдөр менен иштөө аркылуу өзүнүн коомдук таанымдуулугун онлайн жана оффлайн иш-чаралар, социалдык тармактар жана массалык маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу жогорулатууну пландайт. Бул негизде БУУӨП 18 жаш жана андан улуу болгон, кыргыз, (же орус) жана англис тилдеринде мыкты сүйлөп жана жаза алган жаш улан-кыздар менен 7 айга созулган «Жаштар программасы – 2021» аркылуу кызматташтык түзүп, аларга адистик тажрыйба бермекчи.

Программа жөнүндө толук маалыматты биздин лифлеттен алыӊыз.

 

Кандайча?

Ыктыярчыларды тандоо төмөндөгүчө болот:

  1. Социалдык тармактарды башкаруу же SMM (2 киши);
  2. Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (2 киши);
  3. Текст котормолорун жасоо (2 киши);
  4. Программа / кластердик бөлүмдөрдү колдоо (Тынчтык, акыйкаттык жана майнаптуу институттар, Социалдык-экономикалык өсүш, Айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, Акселератор лаборатория) – 8 киши.

Натыйжада кластер жана тапшырмалар боюнча иштөө максатында 14-16 жаш улан-кыздар кабыл алынат. Ар бир 2-3 киши бирден багытта иштемекчи. Иш тапшырмасы ийкемдүү – тандалган чөйрөдөн тышкары иш алып баруу талап кылынышы мүмкүн.

Тандалган кандидаттарга БУУӨП киришүү семинарларын өткөрөт, билимин жогорулатат жана ошондой эле коюлган максатка жетишүү үчүн алардын иш жараянын көзөмөлдөйт. Ыктыярчылык мөөнөтүнүн аягында (декабрь 2021-жыл) БУУӨП уюмдун ишине жасалган салымын жана ыктыярчылык тажрыйбасын тастыктаган ыраазычылык кат жана сунуштоо кат берет.

Ким?

  • Бардык талапкерлер (кандидаттар) 18 жаштан жогору болуш керек;
  • Бардык талапкерлер мыкты кыргызча (же орусча) жана англисче билиш керек;
  • БУУӨПтүн жана ыктыярчылык баалуулуктары жана принциптерин теӊ бөлүшүү;
  • Буга чейинки ыктыярчылык тажрыйба – артыкчылык болуп саналат;
  • Критикалык жана инновациялык ой жүгүртүү. Кошумча таланттар (искусство, кинематография, дебаттарга катышуу ж.б) артыкчылык болуп саналат;
  • БУУӨП этникалык жана башка социалдык азчылыктардын, майыптуулугу бар адамдар жана ЛГБТ-жамааттарынан кандидаттардын катышуусу үндөйт

Маанилүү: Талапкерлердин жөндөмдөрүн баалоо үчүн ар бир иш чөйрөсүндө өзгөчө талаптар коюлат. Алар менен таанышуу үчүн төмөндү караӊыз.

Багыттар боюнча иштеген кандидаттарга талаптар

Социалдык тармактарды башкаруу же SMM

  • Facebook, Twitter, LinkedIn, YouTube, Instagram, Google инструменттерин жана башка социалдык тармактарда иштөөнүн мыкты жолдорун билүү;
  • Тексттерди кыргыз жана англис тилинде жазуу жана оӊдоо боюнча мыкты жөндөмдүү болуу;
  • Пост, макала жана публикацияларды визуализациялоо жөндөмдөрү;
  • Мыкты өз ара баарлашуу жөндөмдөрү;
  • Социалдык тармактардын KPI мыкты билүү;
  • Убакытты башкарууну мыкты билүү;
  • Медиасабаттуулук – ар кыл медиа каналдарды колдонуу жана анализ жүргүзө билүү (ар кыл медиа жана коомдук перспективаларды эске алуу менен).

Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

  • Мыкты коммуникация жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмдөрү;
  • Кардарларга багытталган сервис көрсөтүүнү билүү;
  • Лидердик сапаттар;
  • Жогорку деӊгээлде уюшкандык;
  • Бир нече маселе үстүндө иштей билүү;
  • Убакытты башкарууну мыкты билүү;
  • Мыкты өз ара баарлашуу жөндөмдөрү;
  • Тобокелдиктер менен иштөө жөндөмү;
  • Адамдар менен иштөө – ар кыл кызыкдар тараптар менен майнаптуу иш алып баруу, кайчы пикир топтоо жана коомдук пикирди эске алуу. Адамдар менен баарлашууда жана иш алып барууда чыр-чатактардын алдын-алуу жана азайтуу.

Котормочулар тобу

  • Эл аралык жана жергиликтүү өнүгүү, социалдык-экономикалык өнүгүү жана коммуникация терминдерин билүү;
  • Англис тилинен кыргыз тилине жана кыргызчадан англисчеге жазуу жана оозеки которуу жөндөмү;
  • Кыргызча, орусча жана англисче баарлашуу тилин мыкты билүү;
  • Команда менен иштөө жөндөмдөрү;
  • Өз алдынча иштей билүү;
  • Word жана Power Point программаларында мыкты иштей билүү.

 

Программалык бөлүм/ кластерлер менен иштөө

  • Социалдык-экономикалык өнүгүү, айлана-чөйрө, адам укуктары, акыйкаттык жана укук үстөмдүгү тармактарындагы терминдерди билүү;
  • Команда менен иштөө жөндөмдөрү;
  • Өз алдынча иштей билүү;
  • Мыкты өз ара баарлашуу жөндөмдөрү;
  • Убакытты башкарууну мыкты билүү.

Акселератор лаборатория менен иштөө

  • Өзгөрүүгө өзгөчө ынтаасы бар жана максатка жетүүгө багытталган кандидаттар;
  • Критикалык ой жүгүртүү – массалык маалымат каражаттарындагы ар кыл маалыматты объективдүү баалоо жана конструктивдүү пикир түзө билүү;
  • Чыгармачыл коммуникатор – адаттан тыш ой жүгүртүү. Көркөм талант, технологиялык жөндөм жана инновациялык ой жүгүртүүсү бар кандидаттарга артыкчылык берилет;
  • Сезимталдык – баштапкы жамааттардагы коомдук талкууларды жана билинээр-билинбес сигналдарды сезе билүү;
  • Адамдар менен иштей билүү – ар кыл кызыкдар тараптар, өзгөчө маргиналдаштырылган топтор менен иштөө. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана чыр-чатактар менен алпуруша билүү;
  • Массалык маалымат каражаттары жана санарип адабиятты билүү – кошумча артыкчылык;
  • Изилдөө жөндөмү – маалымат топтоо жана илимге таянып анализ жүргүзүү;
  • Медиа жана санарип жөндөмдөр – кошумча артыкчылык болуп эсептелет.

Иш көлөмү

Кандидаттар Коммуникация бөлүмү жана Программалык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги астында “Жаштар программасы – 2021”ге жумасына 20 саатка чейин убакыт бөлүшөт.

Өтүнмө жиберүү жобосу

Кызыкдар кандидаттар онлайн форманы толтуруп, тиешелүү документтерди кыстарышы керек. Акыркы мөөнөт: 2021-жылдын 21-майы, саат 18:00. Кеч келген өтүнмөлөр кабыл алынбайт. Ыктыярчылыкка байланышкан бардык суроолорду chyntemir.kalbaev@undp.org дарегине же БУУӨП Кыргызстандын социалдык тармактарына жиберүүгө болот.

Артыкчылыктар

БУУӨП ыктыярчыларга материалдык сыйлык бербейт, бирок аталган багыттар боюнча адистик деӊгээлдеги тажрыйба сунуштайт. 2021-жылдын Жаштар программасын ийгиликтүү аяктаган кандидаттарга Ыраазычылык кат жана Сунуштама кат берилет жана ошондой эле алар Программанын кийинки раундуна устат катары катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Теӊ мүмкүнчүлүктөр

БУУӨП гендер, улут жана маданий бэкграунд боюнча ар түрдүүлүккө умтулат. Бул негизде Программага этникалык азчылыктар жана майыптуулугу бар жарандардын катышуусун үндөйт.