Кыргызстанда жасалма интеллектти колдогон "ИштАпп" жумуш издөө боюнча жаңы тиркеме ачылды

2021-ж., 18-May

Оң солго: Ulut Soft компаниясынын директору Мирбек Окенов , БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын байланыш боюнча кызматкери Айнагүл Абдрахманова. Сүрөт: Нурбек кызы Сонун / БУУӨП Кыргызстан

Бүгүн Бишкекте БУУӨП тарабынан Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен иштелип чыккан, жумуш издөөчүлөр жана жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты орнотуу үчүн "IshtApp" жаңы уюлдук тиркемесинин бет ачары болуп өттү.

Социалдык-экономикалык калыбына келүүнү колдоо максатында, БУУӨП Кыргызстандын бардык аймактарында иштеген жумуш издөө тиркемесин иштеп чыгып жана жетиштүү жумушчу күчүн издөөдөгү жумуш издөөчүлөрдүн жана жумуш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн инновациялык тутумду сунуш кылды. Тиркеме жакында жумушсуз калгандарга, ошондой эле көмүскө экономикада иштегендерге жардам берүү максатында иштелип чыккан; мисалы, күнүмдүк иште иштегендер жана кайтып келген мигранттар, анын ичинде аялдар, жаштар жана азчылыктар жаңы жумуш мүмкүнчүлүктөрүн таап, көндүмдөрдү өркүндөтүү кызматтарына ээ болушат.

Жумуш издөөчү каттоо эсебин каттап, резюмесин кошо алат, аны өзгөртө же өчүрө алат, ар кандай орнотууларды колдонуп жумуш издей алат же потенциалдуу иш берүүчүлөр менен түздөн-түз байланышта болот. Иш берүүчү каттоо эсебин түзүп, бош жумуш орундарын түзүп, түзөтүп же жок кыла алат. Www.ishtapp.kg сайты жумуш издөө платформасына байланыштуу бардык процесстерди, анын ичинде резюмелерди башкаруу жана мониторинг жүргүзүү, бардык колдонуучулардан алынган жана иштетилген маалыматтардын негизинде эмгек рыногундагы тенденциялар боюнча аналитикалык маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, колдонуучулар акысыз окутуу курстарынан пайдалана алышат. Тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

Буга байланыштуу БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен төмөндөгүлөрдү айтты: "COVID-19 себебинен келип чыккан экономикалык жана социалдык толкундоолор көптөгөн ишканалардын иштебей калышына алып келип, аларды жумушчулары менен ажырашууга аргасыз кылды жана калктын аялуу катмарына чоң таасирин тийгизди. Бирок пандемия ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү алып келүүдө, ал эми санарип экономикасы болсо калыбына келтирүү жолун адилеттүү жана “жашыл” негизде сунуштоодо. Колдонмо өлкө боюнча жумуш издөөчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдүн бири-бирин табуусуна жардам берет жана санарип ишкердүүлүккө инвестиция салууга мүмкүндүк берет".

"Биз Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн бир катар иш-чараларды өткөрөбүз. Тиркеме жумуш издөөчүлөр жана жумуш берүүчүлөр үчүн бири-бирин таба турган ишенимдүү аянтча болот деп күтүп жатабыз. Бул негизде жумушсуз калгандар, пандемия учурунда мекенине кайтууга аргасыз болгон эмгек мигранттары, иш берүүчүлөр, чакан жана орто бизнес бул аянтчадан пайда ала алышат", - деди Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улуу Урматтуу Сигеки МАЭДА.

 "Биздин максат реалдуу убакыт ичинде иштеген жана Кыргызстандагы мыкты вакансияларды камтыган ыңгайлуу жана иштиктүү тиркеме түзүү болгон. Тиркемеде жасалма интеллектке негизделген аналитикалык тутум бар, ал колдонуучуларга эң актуалдуу вакансияларды гана көрсөтөт. Онлайн платформа сизге тез арада эң ылайыктуу жумуш берүүчүлөр же жумуш издөөчүлөрдү табууга жардам берет", - деп түшүндүрөт тиркеме үстүндө иштеген Ulut Soft компаниясынын директору Мирбек Окенов.

Мобилдик тиркеме алгач Германиянын Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (GIZ) тарабынан 2018-жылы ишке ашырылган «Реинтеграциялоо көндүмдөрү» пилоттук долбоорунун алкагында түзүлгөн. GIZден тиркемени андан ары иштеп чыгуу укугуна ээ болгон БУУӨП тиркеменин алкагында кошумча кызматтарды иштеп чыгууга аракет кылып жатат.

IshtApp уюлдук интернеттин жайылышы 94 пайызды түзгөн (Freedom House, 2020) жана калктын 92 пайызы уюлдук телефондорго ээ болгон Кыргызстанда санарип байланышты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет (Кыргызстандын Улуттук Статистикалык Комитети, 2018).

Азия Өнүктүрүү Банкы, БУУӨП жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун биргелешкен чыгарган "Кыргыз Республикасындагы COVID-19: социалдык-экономикалык таасири жана аялуу катмарын баалоо жана саясий жооптор» (2020), аталган баяндамасында жумушсуздуктун деңгээли 20% дан ашат деп күтүлөт. Жакында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети "COVID-19 пандемиясынын үй бүлөлөргө тийгизген таасири" аттуу сурамжылоону сунуштап, анда алардын 22% га жакыны үй-бүлөсүнүн жок дегенде бир мүчөсү жумушунан айрылды же эмгек миграциясынан кайтып келүүгө мажбур болду деп билдирилет.

Тиркеме төмөндөгү платформаларда жеткиликтүү:

Google Play Market (Android)

App Gallery (Harmony)

App Store (iOS)

ММК үчүн байланыштар

Көбүрөөк маалымат үчүн БУУӨПтүн Коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Абдрахманова менен төмөнкү даректер аркылуу байланышыӊыз ainagul.abdrakhmanova@undp.org же 0770755 776.

Иш-чарадан алынган сүрөттөр Flickr альбомунда жеткиликтүү.

---

БУУӨП - БУУнун өзгөрүүлөрдү жактаган жана адамдардын жашоосун жакшыртууга жардам берүүчү билим, тажрыйба жана ресурстар менен байланыштырган глобалдык өнүктүрүү тармагы жана уюму. БУУӨП 166 өлкөдө иштеп, алар менен биргеликте глобалдык жана улуттук өнүгүү көйгөйлөрүнө карата жекече чечимдерди иштеп чыгат.

Snapshots from the event

Photo: Nurbek kyzy Sonun / UNDP Kyrgyzstan