БУУнун Өнүктүрүү Программасы жаштардын укуктук сабаттуулугун жогоруулатууну колдойт

2021-ж., 15-April

Бишкек, 15-апрель - Бүгүн «Жаш Муун» жаштар борборунда БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосунда жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Токон Мамытовдун катышуусунда мектеп окуучулары жана студенттер арасында адам укуктары боюнча «Окей, бот 115!» интеллектуалдык оюн өттү. Бул иш-чарага жаштардан турган 19 команда катышты.

Бул укуктук квиз Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын (КЮКА) жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен)  институтунун демилгеси менен «Жаш Муун» Жаштар Борбору менен өнөктөштүктө Япония Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийгизген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Интеллектуалдык таймаш үч айлампада өткөрүлүп, анын жүрүшүндө катышуучу командалар 30дан ашык, анын ичинде: «Акыйкатчы кандай билдирүүлөрдү албашы мүмкүн?», «Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн каржылоо», «Психиатриялык жардам социалдык коргоо боюнча мамлекет тарабынан кандай кепилдик бар?» «Эгерде жарандын эмгек укуктары бузулса, кайда баруу керек?» деген суроолорго жооп беришти.

Оюндун жыйынтыгында төмөнкү командалар квиздин жеңүүчүлөрү болушту:

1-орун “Cosa Nostra” тайпасы

2-орун “Девчата” тайпасы

3-орун “3 мушкетера” тайпасы

Иш-чара жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту "Акыйкатчы-бот 115" чат-ботунун презентациялады. Интерактивдүү чат-бот келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде кыргыз жана орус тилдеринде тиешелүү маалыматтарды берип, калктын КР Акыйкатчык институтуна кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жаңы акысыз маалымат булагы катары ал пандемия шартында да өзгөчө манилүү. Ошондой эле, чат-ботту колдонуу аз камсыз болгон жана мобилдүү эмес жарандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө акысыз юридикалык жардам көрсөтүү формаларын кеңейтет жана квалификациялуу юридикалык жардамды үйдөн чыкпай акысыз алууну камсыз кылат Алгачкылардан болуп чат-ботту ушул юридикалык викторинанын катышуучулары сынап көрүштү, эми ал жөнүндө маалыматты достору жана тааныштары арасында жайылта алышат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы белгилеп кеткендей:  «Заманбап IT технологиялар, айрыкча ЖИ (жасалма интеллект) мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон, адам укуктары боюнча мамлекеттик жана эл аралык органдардын, тиешелүү бейөкмөт уюмдардын жана түздөн-түз укук коргоочулардын Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Республиканын чегинде да, анын чегинен тышкары да юридикалык жардамга муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына укуктук маалымат менен камсыз кылат.

«Акыйкатчы-бот 115» биздин өлкөнүн жарандарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын  1948-жылы 10-декабрда үчүнчү сессиясында 217 А (III) резолюциясы менен кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы (UDHR) кепилдеген өз укуктары жана эркиндиктери жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле бул билимди өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана досторунун пайдасына колдонууга болот. Бул баарлашуу боту - адамдын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген эркиндикке жана анын адамдык кадыр-баркын, эркиндигин жана укуктарын сактоо, сезүү, колдонуу жана коргоо укугуна ээ болгон жолундагы инструменттеринин бири. Бардык укуктук викторинанын катышуучуларына жана «Акыйкатчы-бот 115»  платформасынын колдонуучуларына жакшылыктарды каалайм, укуктарын жана милдеттерин билип, биздин коомдун татыктуу мүчөлөрү болууну каалайм», - деп Токон Мамытов белгиледи.

Эске салсак, «Акыйкатчы-бот 115» БУУнун Өнүктүрүү Программасы жүзөгө ашырып жаткан Япония Өкмөтүнүн каржылоосундагы «COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийгизген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү» долбоорунун колдоосунда иштелип чыккан. Демилгелеген Акыйкатчы (омбудсмен) институту жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы

«Жаш Муун» жаштар борбору 2018-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан эл аралык өнөктөштөр – БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ), Бириккен Улуттар Уюмунун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин (БУУ БКК) колдоосу менен түзүлгөн.

***

Медиа үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

Коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org