Кыргызстандагы БУУӨП аймактагы пробация органдарынын кызматкерлер дараметин жогорулатууга көмөктөшүүдө

2021-ж., 20-April

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жергиликтүү пробация кызматкерлеринин экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгон адамдар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.

Ош, 2021-жылдын 20-апрели – БУУнун Өнүктүрүү Программасы диний, экстремисттик жана террористтик өңүттөгү кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө ыкмалары жана көндүмдөрү боюнча аймактык пробация кызматкерлеринин дараметик жогорулатууга көмөктөшүүдө.

2019-жылы аракетке киргизилген КРнын “Пробация жөнүндө” мыйзамы  Кыргызстан үчүн жаңы институт – «пробация» үчүн укуктук негиз түзөт. Пробациянын максаттары пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын кайра укук бузууларын алдын алуу (1-берене).

Бүгүнкү күндө экстремисттик мүнөздөгү анча оор эмес иштер боюнча соттолгон 138 жаран пробация органдарында каттоодо турат.

Пробация боюнча Мыйзамды аткаруу үчүн 19-апрелден 21-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирдикте, ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Asia)  БУУӨП долбоорунун колдоосу менен "Пробациянын кардарлары арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу" темасында пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлери жана экстремисттик кылмыштары  жана үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон пробация кардарларына тренинг өткөрүүдө.

Тренингде пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлери экстремисттик жана террористтик топтор азгырып жалдоосунун түрлөрүн жана механизмдерин,  кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө спецификасын жана ошол кардардын социалдык-психологиялык сүрөттөмөсүн, анын жүрүм-турум моделдерин, радикалдашуу даражаларын аныктоо, ошондой эле психологиялык изилдөө ыкмаларын жана башка көп нерселерге үйрөнүшөт.

Данияр Калматов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин башчысынын орун басары.

- Бул үч күндүк окутууга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 30 кызматкер катышууда, алар экстремизм боюнча соттолгон кардарлар менен иш алып барып жүргөн кызматкерлер. Пробациянын ушундай кардарлардын саны тилекке каршы жыл сайын көбөйүп атат, 2019-жылы 104, 2020 – 160 , бүгүнкү күндө 138. Адамдар жаман жолго түшүп калып, өз алдынча андан чыга албай калат экен. Биринчиден, изилдеп, муктаждыгын аныктайбыз,  эмне себептен ушу жолго түшүп калганын тактайбыз. Биз аларды туура жолго салганга аракет кылып, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жардамдашабыз. Бул тренингдин жыйнтыгы боюнча атайы окутуучу модулду иштеп чыгып, биздеги жалпы 200дөй кызматкерди да окутабыз – деп, Данияр Калматов, Юстиция Министрлиги алдындагы Пробация департаментинде жетекчинин орун басары билдирди.

Анара Айтибаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын Ош пробация органынын башкы адиси

Ош шаарык пробация органынын башкы адиси Анара Айтибаева Ош шаарында 251 кардар каттоодо тургандыгын, алардын 63ү аял, 6сы жашы жете элек бала жана 182си эркек экендигин билдирди. «Жарандар биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылса, алар психологиялык жактан туруксуз, өтө корккон, шагы сынган абалда болушат. Мындай учурларда биз аларга психологиялык жардам көрсөтөбүз, сот тутуму аларга коомдон бөлүнбөй жаза өтөөгө мүмкүнчүлүк бергенин түшүндүрөбүз. Бул тренингдерде биз өлкөдөгү экстремисттик кыймылдар боюнча жетишпеген билимибизди толуктайбыз жана окутуунун практикалык бөлүгүндө пробациянын кардарлары менен профилактикалык маектешүүдө жаңы билим менен көндүмдөрдү такшалтабыз», - деп белгиледи.

Ушундай эле тренинг май айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында да өткөрүлмөкчү.

Бул иш-чараларды колдоо ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда (STRIVE Asia) зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» БУУӨП долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Сүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHsmVq5oXs

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар боюнча адис. nurzhan.alymkanova@undp.org