Делегаттар Чолпон-Ата шаарындагы жаңы өрткө каршы-куткаруу станциясынын капсуласын коюу алдында турушат. Сүрөт: ПРООН Кыргызстан

Чолпон-Ата - 4-апрель, 2021-жыл - Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA), Корея Республикасынын Өкмөтү жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында төрт өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн биринчисинин курулушунун башталышына арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Салтанкатка Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, Жогорку Кеңештин вице-спикери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты.

БУУӨП кореялык адистер менен биргеликте Чолпон-Ата, Ош, Бишкек шаарларында жана Сузак аймагында (Жалал-Абад облусу) төрт жаңы өрт-куткаруу бөлүмдөрүн курат, ошондой эле аларды заманбап өрткө каршы шаймандар менен камсыз кылат жана өрткө каршы кызматтын сапатын жогорулатат. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгек шарттары гендердик теңчиликтин, өрт-куткаруу кызматтарга жалпы жеткиликтүүлүктүн жана туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде жакшыртылат.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу спикер мырза Пак Бён Сеун дүйнө жүзү боюнча табигый кырсыктар дүйнөдө күндөн-күнгө кеңири жайылып бараткандыгын жана табигый кырсык коркунучун азайтуу ар бир өлкө үчүн маанилүү милдет болуп калгандыгын белгилеп кетти: “Корея Өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук потенциалды чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин кубануу менен колдойт. Жакынкы беш жылда Корея Өкмөтү Кыргызстанды Корея үчүн приоритеттүү ODA өлкөсү катары көрсөтүү менен, Кыргызстандагы өнүгүү аракеттерибиздин масштабын жана көлөмүн кеңейтүүнү пландаштырууда. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык Кыргызстандын экономикасын жана коомун өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө болот деп ишенебиз”.

Салтанаттуу иш-чарада Жогорку Кеңештин вице-спикери Сыдыгалиев мырза: “Бүгүн биз кыргыз калкынын өрттөн жана башка табигый кырсыктардан коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуучу стратегиялык долбоорду ишке ашыруунун башталышына күбө болуп жатабыз. Чолпон-Ата шаарындагы өрт-куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш аянтчасындагы капсула салуу аземи кыргыз-корей достугунун символу болуп саналат”.

“Табигый  кырсыктар туруктуу өнүгүүгө доо кетирет, ал эми өрт алдын алуучу тобокелдик. Корея Өкмөтү менен өнөктөштүктүн бекемдөсү Кыргызстанга өрт кырсыктарынын коркунучун азайтуу жана климаттык өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу боюнча ырааттуу ыкманы сунуштоого мүмкүндүк берет”, – деди БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиза Чэмберлейн айым.

БУУӨП өрттүн кесепетинен жабыркагандардын санын жана физикалык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле калктын аялуу катмарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо үчүн өрткө каршы потенциалын күчөтүү максатында өрт-куткаруу жабдууларды жана шаймандарды модернизациялайт.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов: “Биздин өнөктөштөр KOICA жана БУУӨПтүн колдоосу менен министрликтин техникалык жана адамдык потенциалын жогорулатуу жаатында олуттуу натыйжаларга жетиштик. Өрт-куткаруу бөлүктөрүн курууну, өрткө каршы шаймандар менен камсыздоону караган учурдагы долбоорду ишке ашыруу биз үчүн абдан маанилүү жана өз убагында, анткени, тилекке каршы, жыл сайын өрттүн саны көбөйүүдө жана жылытуу мезгилинде өрт чалуулардын саны күнүнө жыйырмага жетиши мүмкүн. Өрт-куткаруу бөлүмдөрүн өркүндөтүлүшү өрттүн кесепеттерин жоюуга чоң жардамчы болуп, эң негизгиси өрттүн кесепетинен каза болгондордун санынын азайышына алып келет деп терең ишенебиз”.

***

БУУӨП - жакырчылыкка, теңсиздикке жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алдыңкы уюму. 170 мамлекетте кеңири эксперттердин жана өнөктөштөрдүн тармагы менен иштешип, биз элдерге адамдар жана планета үчүн бирдиктүү, туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга жардам беребиз. Биз жөнүндө көбүрөөк маалыматты  www.kg.undp.org сайтынан жана @UNDPKG дарегинен таба аласыз.

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776  

Сүрөттөрдү бул жерден жүктөөгө болот https://flic.kr/s/aHsmV9fTxD

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө