БУУӨП гендердик зомбулукка каршы күрөшүү үчүн укуктук өркүндөтүү боюнча коомдук талкууларды жүргүзүү аянтчасын сунуштайт

2021-ж., 19-April

Graffiti of Burulai Turdalieva - a 19-year victim of kidnapping and murder in the police station in the Kyrgyz Republic. Photo: UNDP Kyrgyzstan

Бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жана  Аялдардын укугу жана гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси"Адамды никеге туруу максатында уурдоо" жана 170-беренеси "Адам уурдоо" боюнча коомдук талкуу  Европа биримдиги (ЕБ) менен БУУнун биргелешкен “Теӊдик нуру” демилгесинин колдоосу менен болуп өттү. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, про-боно адвокаттары, жарандык активисттер, гендердик эксперттер, Жогорку Соттун судьясы, БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү жана ЕБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү катышты.

Коомдук талкуулар Кыргызстандын жараны Айзада Канатбекованы уурдап кетүү жана анын өлтүрүлүшүнө алып келген трагедияга укуктук жооп катары пайда болду. Бул окуя жарандардын арасында резонанс жаратып, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын, жана ошондой эле анын алдын алып, ага жооп бере албагандардын бардыгын жоопко тартылуусу талап кылынган болчу. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз бийлигин «Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» фактысы боюнча катталган окуяларга жооп кайтаруу жана чечүү үчүн өз убагында жана координацияланган жагдайда аткарылуусуна, жана мындай кылмыштар алдыга келгенде тиешелүү жана майнапту иш-аракеттерди көрүүгө, натыйжалуу жана ыкчам иш алып барууга» үндөдү.

Бул окуяга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175 жана 170-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар сунуштар коомдук маалымат мейкиндиктеринде жарыяланды.

БУУӨП Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын-алууга жана токтотууга багытталган юридикалык тажрыйбанын кабыл алынышын жана колдонулушун колдойт жана укуктук өркүндөтүү үчүн өкмөт менен жарандык коомдун коомдук талкуусу үчүн инклюзивдүү платформа сунуштап келет.

2020-жылдын январь айында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте, ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык “Теӊдик нуру” демилгесинин алкагында көп жылдык өлкөлүк программасын баштады. Программанын максаты - Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздар, өзгөчө аялуу катмар үчүн зордук-зомбулуксуз, зыяндуу тажрыйбаларсыз, жана ошондой эле эрте нике жана ала качуусуз жашоо шарттарын түзүү. Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды чыңдоо, зомбулуктун алдын алуу, зордук-зомбулуктан чапа чеккендерге көмөк көрсөтүү, сапаттуу маалыматты чогултуу, аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо жаатындагы комплекстүү иш-чараларды камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана УНП ООН) тарабынан Кыргыз Республикасында БУУнун Туруктуу координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырылат.