ММК менен жарандык активисттердин үчүн “Климатын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этет?” конкурсу

2021-ж., 20-April

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жүзөгө ашырып жаткан “Борбордук Азияда климаттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саясый аракеттер” долбоорунун алкагында ЖМКлар менен жарандык активисттердин арасында “Климатын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этет?” темасында конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты:

·      кеңири коомчулуктун жана чечим кабыл алуучу адамдарда Кыргызстанда климаттын өзгөрүү көйгөйүн түшүнүүнү жакшыртуу;

·      климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын Конференциясынын 26-сессиясын кошуп алганда климаттын өзгөрүшүнүн маселелери менен байланышкан тематика боюнча журналисттик иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана санын арттыруу.

Конкурстун негизги номинациялары:

Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

- онлайн  медиадагы эң мыкты материал4

- эң мыкты видео материал;

- эң мыкты  радиоматериал/подкаст.

Конкурска катышуунун шарттары:

Конкурска республикалык жана жергиликтүү басылмалардын,  телерадиокомпаниялардын, маалымат агенттиктеринин, ошондой эле интернет-ресурстардын жана платформалардын  кызматкерлери жана штаттан тышкаркы журналисттер катыша алат. 2021-жылдын 20-апрелинен 15-июнуна чейинки мезгилде жайгаштырылган/жарыяланган материалдар каралат.

Конкурска катышуу үчүн 2021-жылдын 16-июнунда саат 14.00 кечиктирбестен төмөнкүлөрдү тапшыруу зарыл:

1. Толтурулган арызды;

2. Конкурстук материалдарды.

***Конкурстук иштер арыз түрүндө жарыялоолорго шилтеме кылуу менен электрондук форматта берилүүгө тийиш.

***Бардык материалдар жарыялоо (газетанын / журналдык тилкенин көчүрмөлөрү, Интернет-ресурстардын скриншоттору, материалдын  ТВ / радио эфирге чыккан күнүн жана убактысын көрсөтүү менен эфирдик маалымкат – жана ресурстарга шилтеме) жөнүндө ырасталууга тийиш.   

***Аудио/видео иштер милдеттүү түрдө файл алмаштыргычтарга жүктөлүүгө тийиш, ал жактан аларды алып угууга же көчүрүп жүктөп алууга болот, ал эми аларга шилтемелер арызда көрсөтүлүүгө тийиш.

***Бардык материалдар климаттын өзгөрүшү жөнүндө бир же бир нече негизги билдирүүлөрдөн турууга тийиш (шилтемени караңыз).    

Конкурска жиберилген эмгектерге карата талаптар:

·       Тексттик материалдар 700 жана андан ашык сөздөн турууга тийиш.

·       Видео/аудио-репортаж (хронометраж 5 (беш) мүнөттөн кем болбоого тийиш).

Материалдарды баалоо:

Климаттын өзгөрүү темасына ылайык келиши:

Макаланын / репортаждын / подкасттын / фото - эссенин темасы климаттын өзгөрүү маселесине тиешелүү, алар кеңири сыпатталган, жергиликтүү контекст менен байланышкан, жана бардык зарыл деталдар (климаттын өзгөрүшү жана аны менен байланышкан жана түшүнүктүн темасын ачып берүү үчүн зарыл болгон башка нерселер эмне экендигинин аныктама, алардын касиеттери / мүнөздөмөлөрү, божомолдору/динамикасы, эл аралык / өлкөлүк / региондук өзгөчөлүктөрү) камтылган.

Дайындарды пайдалануу

- Дайындар тандалган темага ылайык келет жана чыныгы көрүнүштү чагылдырат. Дайындарда чынында эле тарых бар, дайындардагы табылгалар окурмандардын көңүл буруусуна арзыйт. 

Визуализациялоо

- Эгерде ылайыктуу болсо, дайындарды визуализациялоону пайдалануу. Графиканын же визуализациялоонун туура тиби тандалган. 

Кабылдоонун жеңилдиги

- Бардык канцеляриялык /илимий/ техникалык /кесиптик терминдер жөнөкөй сөздөр жана таасын мисалдар менен түшүндүрүлгөн.

Көз караштардын балансы

- Макала /репортаж/ подкаст бардык мүмкүн болгон кызыкдар тараптардын көз караштарын чагылдырат, аларга бирдей өлчөмдө эфирдик убакыт, орун, шарт, мамиле ж.б. берилет.

Маалымат булактарын пайдалануу

- Материал кылдат тандалып алынган булактардын кеңири чөйрөсүнүн көз карашына негизделген, алар экономиканын, мамлекетти башкаруунун ар кандай секторлорунда, ошондой эле жөнөкөй адамдардын жашоо турмушунда климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери менен байланышкан тарыхка / кырдаалга / жаңжалга тартылган тараптардын расмий позициясы катары. ошондой эле жөнөкөй жарандардын көз караштары катары берилген. Булактарын мүнөздөмөлөрү так аныкталган, жана эмне үчүн алар маалымат алуу үчүн тартылганы жана пайдаланылганы түшүнүктүү.    Эмне үчүн материалдарда ар кандай анонимдүү булактардын аттары  пайдаланылбагандыгы түшүнүктүү болду. Журналист кызыктуу жана релеванттык маалымат бере турган типтүү эмес булакты издеп тапкан.   

Климаттын өзгөрүшү жөнүндө репортаждардын / материалдардын пайдалуулугу жана таасирдүүлүгү

- Репортаж/материал ар кандай адамдардын (бийлик органдарынын жана эксперттердин, кадыр-барктуу лидерлердин, жөнөкөй адамдардын пикирлерине / алардын тажрыйбаларына) таянат. Ал конкреттүү сунуштарды баяндайт, алар катардагы адамдарга бул тема менен байланышкан көйгөйлөргө эффективдүү мамиле кылууга жана аларды чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Алармизмдин жоктугу

- Материал адамдарды адамдардын / эксперттердин / чечим кабыл ала турган жактардын пикирлерин камтуу жолу менен башкаруунун жана кырдаалдарды / жаңжалдарды чечүүнүн конструктивдүү ыкмаларын кароого чакырат, алар альтернаттык варианттарды сунуш кылышы мүмкүн. Материал ошондой эле аудиторияга климаттын өзгөрүшү менен байланышкан кырдаалдарды / жаңжалдарды чечүүгө карата биргелешкен мамиле жөнүндө маалымат берет.  

 

Материалдардагы негизги билдирүүлөрдү пайдалануу

Өз материалдарында негизги билдирүүлөрдү милдеттүү пайдалануу

Долбоор билдирилген бир гана эмес, ошондой эле бир нече темалар чагылдырылган жана өз ара байланышта чагылдырылган журналисттик эмгектерди кароого даяр. Долбоор андай эмгектер үчүн атайын номинациялары көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу укугун өзүндө калтырат.     

Конкурстун жумушчу тили – кыргыз жана орус тилдери.

Эгерде конкурска авторлоштукта даярдалган материалдар катышса, башка авторлор арыз берилгенге чейин бул жөнүндө кабардар кылынышы керек, ал эми конкурстун уюштуруучулары эгерде автордук укуктар жөнүндө талаштар келип чыккан учурда жоопкерчилик  тартышпайт.

Конкурска жиберилген эмгектер рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.

Конкурстун уюштуруучулары конкурстун идеяларын жана тематикалык багыттарын алга илгерилетүү максатында конкурска катышуу үчүн келип түшкөн  видео/аудио/фотоматериалдарды кийин да пайдалануу укугун өзүнө калтырат.

Конкурстун  натыйжасына карабастан бардык материалдарга автордук укуктар Улуу Британия элчилигине жана Кыргызстандагы ПРООНго таандык болот жана зарылчылыгына жараша алар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.     

Маалымат үчүн: 

Айнагүл Абдрахманова,

Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси
ainagul.abdrakhmanova@undp.org