Судьялар экстремисттик жана террористтик иштер боюнча соттук териштирүүлөрдү жүргүзүү дараметин жогорулатат

2021-ж., 23-April

Бишкек, 23-апрель - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн "Кыргыз Республикасында терроризм жана экстремизмге байланыштуу кылмыш иштерин кароо" деген темада тренерлер үчүн тренинг (ТүТ) өткөрүлдү.

Тренингдин максаты - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча 14 беренеси боюнча козголгон кылмыш иштерин кароо боюнча сот практикасын өркүндөтүү. Тренингге Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 16 судья катышып,алар кесиптештери үчүн онлайн режиминде тренингдерди өткөрүшөт.

Окуу модулу экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө байланышкан кылмыштар боюнча сот практикасын изилдөөнүн негизинде иштелип чыккан, ошондой эле 2021-жылга чейин Жогорку Сот адилеттиги мектебинин окуу планына киргизилген, бул тренингди киргизүүгө негиз болгон Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн милдеттүү иш-чаралардын комплекси.

Катышуучулар бул тема боюнча экстремизм менен терроризмдин көрүнүштөрү, эл аралык нормалар жана улуттук мыйзамдар боюнча теория менен таанышып, статистикалык маалыматтарды жана экспертизаларды дайындоо боюнча сунуштарды камтыды. Жыйынтыгында билим практикалык көнүгүүлөр менен бекемделди. Тренингдин лекторлору Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиева жана эксперт-дин таануучу Индира Асланова болду.

Исполнительный Директор Общественного объединения «Кыргызская ассоциация женщин-судей» Зульфия Турумбекова отметила: «Исследование выявило некоторые моменты по назначению экспертиз и вынесению решений, в частности, судьи выносили свои решения на основе экспертизы лингвистов, где вопросы правового характера ставились перед экспертами лингвистами. Такая практика, когда экспертизы проводили не профильные эксперты, снижает качество принимаемых судами решений. Однако, предлагаемое пособие рассматривает также правильный порядок назначения и проведения экспертиз, что представляет собой полезную информацию для судей. Далее будут проведены еще три онлайн курса для 45 судей со всей страны».

Зульфия Турумбеккова, “Кыргыз Сот Аялдар Ассоциациясы” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору: “Изилдөөнүн жыйынтыгында экспертиза дайындоо жана чечим кабыл алуу боюнча айрым жагдайлар аныкталды, атап айтканда, судьялар өз чечимдерин лингвисттердин экспертизася негизинде кабыл алган учурлар болгон, анда лингвист адистер укуктук суроолорго жооп берип калган. Экспертиза укуктук адистиги жок эксперттер тарабынан жүргүзүлгөндө соттор тарабынан кабыл алынган чечимдердин сапатын төмөндөйт. Бирок, сунуш кылынган окуу модулунда экспертизаны дайындоо жана өткөрүүнүн туура тартиби талкууланат, бул судьялар үчүн пайдалуу маалымат. Мындан кийин өлкөнүн аймактарынан катшыкан 45 судья үчүн дагы үч онлайн трениг өткөрүлөт" – деп билдирди.

Иш-чараны “Кыргыз Сот Аялдар Ассоциациясы” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, КР Жогорку Сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте БУУнун Тынчтык куруу фондунун, Кыргыз Республикасындагы Европ Биримдигинин Өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулду.

Тренинг БУУӨПтүн “Зомбулук экстремизмдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу жана сот тутуму” жана Европа Биримдиги каржылаган БУУ-ЕБ биргелешкен өнөктөштүгүнүн «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Азия) долбоорлорунун алкагында өткөрүлдү.

Сүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHsmVnTn3L

***

Медиа үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

Коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org

0555068833